Menu

Жеңиш Молдокматов, “Замандаш” саясий партиясынын тең төрагасы: “Кыргызбыз да, шаарда көпкө туруп калсаң ат жалын сагынасың”

Бөлүшүү:

Мамлекеттин башаты бул – үй-бүлө

  • Аттиң, балалык кезим шаңдуу, кызыктуу, айрым учурларда оор мүшкүлдөр менен өттү. Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районундагы Тайлак баатыр жердеген Куртка айылы менин кичи мекеним. Атамдын оор жана узак оорунун артынан каза болгонуна 24 жылдын жүзү болуптур. Энекем алты баланы тарбиялап, жашоонун ысык-суугун, жакшы-жаманын көтөрүп, бүгүн балдарынын кызматын жана урматын көрүүдө. Неберелеринин жытына тойбой, эми өз балдарына эркелөөчү мезгили болуп турган чак. Энемдин бактысы менин кубатым. Энем бир нерсеге кубанып, сүйүнсө кадимкидей ошондон дем-күч алам. Кичине кезибизде тентектик кылып апамды кыйнап койгон учурларды азыр актаганга аракет кылып жатам. Албетте,  эркек болгон соң тентектик күндөр болбой койгон эмес.  Сабактардан качкан күндөрүм көп болгон. Айтор кээде кечигип же сабактан качып кармалып калганымда мектептин алдындагы тоңуп калган муздарды чапкан учурлар эсимде. 1-класстан 8-класска чейин жалаң бешке окуп, бир да 3-4 деген баа алган эмесмин. Бирок 9-класстан тарта бааларым бузулуп, тентектигим күчөп өтө шок боло баштагам. Мына так ушул учурларда сабактарды көбүрөөк калтырдым окшойт. Ал күндөр эми артта калды. Азыр жашоого олуттуу карап, бир үй-бүлөнүн ээси болуп, жоопкерчилик моюнга ар тараптан артылган кез. Негизи менин жашоомдун тиреги, турмушумдун багыты, жан дүйнөмдүн азыгы – бул менин үй-бүлөм. Алты жашта кызым бар. Быйыл мектептин босогосун аттап билим алууда. Эркектин байлыгы анын үй-бүлөсү деген сөз бар. Мамлекеттин башаты үй-бүлө болуп саналат. Мамлекетке күйсөң биринчи өз үй-бүлөңдөн башташың керек.  Ар дайым үй-бүлөгө аяр мамиле кылганга аракет кылуу керек.

Колдоо болсо  талант ачылат

  • Спорт менин жашоомдун бир бөлүгү. Бала кезде бокс менен машыктым. Бүгүнкү күнгө чейин залга барып дене жибитип турам. Бирок кыргыз болгондон кийин аттан өткөн спорт болбойт экен. Атка жакын болот экенбиз, ат мингенди, жакшы көрөм. Шаарда көпкө туруп калсаң, ат жалын сагынасың. Кыргыз эли талантка бай эл. Эл ичинен кимдер гана чыкпаган. Ошондой эле эгер биз спорт тармагын өнүктүрүүгө басым жасасак көптөгөн дүйнө чемпиондору чыгат.  Спортсмендердин ийгилик жаратуусуна тоскоолдук кылган эки чоң  нерсе бар – алар машыгуу үчүн жакшы шарт керек. Бүгүн өлкө боюнча түзүгүрөөк спорттук залдар же комплекстер салынган эмес же илгери салынгандарынын эскилиги жетти. Ал эми кыргызды дүйнөгө таанытууда олимпиада спортторунун түрүнөн кыргызга таандык же кыргызга жакын күрөштүн түрлөрүн айтсак болот. Акыркы  эки олимпиадада жана жылда өтүүчү дүйнөлүк мелдештерде күрөш түрүнөн биздин улан-кыздар ийгиликтерге жетишүүдө. Бирок спорттун бир түрү менен дүйнө багындырабыз деп калганын таштап койгон дагы болбойт. Бардыгын бирдей алып бирдей шарт түзүп, бирдей колдоого алсак жакшы ийгиликтерге жетип, байрагыбыздын дүйнөлүк аренада көкөлөшүнө эч күмөнүм жок.

Убакыт таап, китеп оку

  • Китеп окубаса адам баласы бир күнү туңгуюкка кептелип, жашоонун шарына алы жетпей калышы мүмкүн. Китептен адам баласына тийиштүү бардык нерсени алса болот. Жадагалса иштеп жаткан ишиңдин мазмунунан тарта, стратегиялык багыттарын аныктоого жардам берет. Мисалы, саясий чөйрөдө дүйнөлүк саясатчылардын калтырып кеткен жазмалары, иш тажрыйбалары менин ишиме таасир этет. Алардын аткарган иштерин, кетирген кемчиликтерин жана жетишкендиктерин окуп өз ара баа берип, анан өздүк ишиңди түзөп алууга китеп зор жардам берет. Бүгүнкү күнү эки китепти бир окуп жатам. Бири Төлөгөн Касымбеков атабыздын «Сынган кылыч» тарыхый романын кайталап окуудамын. «Сынган кылыч» деп аталышында эле бир далай тарыхый сүртүмдөр катылган. Ичинде болсо ошол кездеги саясий багыттар, мамлекеттүүлүк, улуттук лидерлер жана алардын эрдиктери чагылдырылган. Бүгүнкү күн менен салыштырсаң, кандай керемет нерселерди тапсаң болот. Эрдиктер, баатырлар, саясий соодалашуулар, саткындар, алдамчылар, мамлекеттик кызыкчылыкта жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр жана келишүүлөр ж.б. Экинчи окуп жаткан китебим болсо диний багытта. Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламга алгач ыйман келтирген, мусулмандардын алгачкы халифасы Абу Бакр (родияллоху анхунун) тууралуу жакшы, терең жана так жазылган китепти окуп жатам. Деги эле диний китептерди ар тараптуу көз карашта жана ар тармактуу призмада анализдеп, терең илим алууну ниет кылам. Кыргызча музыканы жана дүйнөлүк чыгармаларды жактырам.

Мусулман баласынын беш парзы

  • Мусулман баласы беш парзды аткарууга милдеттүү. Азырынча мен толук аткара элекмин, бул менин кемчилигим деп эсептеймин. Мисалы, ажылыкка бара элекмин. Бирок Кудайым буюрса билим, илимди күчөтүү менен ниеттенип келем. Көчөдө кайыр сурагандарга ар дайым тыйын бергенге аракеттенем. Өзгөчө ымыркайлар менен көчөдө кайыр сурап отурган апаларыбыз менен эже-карындаштарыбызды көрүп зээним кейийт. Кыргызда эч убакта ата-энесин эшикке таштап, балдарын балдар үйлөрүнө таштаган эмес. Бүгүн биз руханий баалуулукту жоготуп, урматтоо, сыйлоо, кубаттоо деген дөөлөттөр жоголуп бараткандай. Бул жаатта мамлекеттик деңгээлде улуттук идеология иштелип чыгышы зарыл. Ата-энелерибизге жана балдарыбызга өтө аяр мамиле кылбасак эртең мамлекеттин келечеги оор болуп калат. Менин бирден-бир максатым, улуттук идеологияны калыбына келтирүү жана бул багытта бардык күчүмдү жумшап, элимдин колдоосу менен ишке ашырганга аракеттенем.

Күйөө баланы пайгамбар сыйлаган

  • Кайын журтум Нарын облусуна караштуу, Нарын районундагы Жерге-Тал айылынан. Келинчегим Нарын шаарында өскөн. Кээде тамашалап калам, өзүм окутуп, өзүм тарбиялап жашоомдун тирөөчү кылып алдым деп. Себеби келинчегим  учурунда мен иштеген Нарын мамлекеттик университетинде окуган. Ошол жерден таанышканбыз. Кайын журтка барганда кой союп сыналган жокмун, себеби досторум ал жагын көтөрүп кетишкен. Андан тышкары кайын энем менен кайын атам мен үчүн өз энем менен өз атамдай болуп калган. Ортобузда абдан жылуу мамиле бар. Биринчи күндөн тарта мени сынабастан, ишенип келишет. Кой сойгонду билем, устукандаганды албетте билем жана жакшы көрөм. Өзүм элпек болгондуктан киши бар жерде тура калып устукандай калам.

Эненин  төрү – бейиштин төрү.

  • Менин жашоомдо баа жеткис кеңешин айтып келген энекем. Жашоомдо жалгыз жараткандан корком. Энекемдин амандыгын, үй-бүлөмдүн бүтүндүгүн тилеп келем. Мен алдыма койгон максаттарыма жетпей калуудан абдан корком. Ал эми алдымдагы максаттын негизи – мамлекетим, элим үчүн кызмат кылып, реалдуу реформаларды жасоо менен элимдин жашоосун оңдоо болуп саналат. Өзүм көп чет мамлекеттерде окуп, иштеп келдим. Алардын жашоосун көрүп ичим күйөт. Эмне үчүн кыргызым булардай болуп жакшы жашабашы керек? Эмне үчүн элдин камын көрбөй канын ичкендер жазасын албай, эл өзүнө ылайык жакшыларды албашы керек? Эмне себептен кыргызым жакшы үй куруп, жылуу тамда турбашы керек? Эмне үчүн кыргызым жакшы машина айдап, чет мамлекеттерде эс албашы керек? Эмне үчүн кыргызым бөтөн жерде бөтөн элдин алдын шыпырып, өлбө жаным-өлбө турмушун көрүшү керек? Эмне үчүн жана эмне үчүн деп ар дайым өзүмө суроо берип келем. Буюрса бул суроолорду чечиш үчүн болгон аракетимди көрөм.

Жолдор тууралуу ойлор

  • Айрым жолдорду бир тараптуу кылып, айрым көчөлөрдө унаа жүрүү графигин убактысы менен бекитиш керек. Шаар ичинде эстакадалык өтмөктөр өтө зарыл. Эң негизгиси маршруткаларды шаардын четине чыгаруу менен коомдук автобустарды борбордо жүргүзүү учурдун талабы. Кошумча, айдоочулардын маданиятын жогорулатуу зарыл. Себеби бул дагы кайсы бир деңгээлде тыгындардын пайда болушуна алып келүүдө.

Маектешкен Гүлмира ШАРШЕЕВА

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: