Menu

Аликбек Жекшенкулов, экс-министр: “Президенттин парламентте ишене турган партиясы калбай калды”

Бөлүшүү:

Экс-Тышкы иштер министри  Аликбек Жекшенкулов менен “Республика-Ата журт” партиясынын коалицияга кирүүдөн баш тартканы жана Бишкек-түрк саммитинин артка жылдырылышы боюнча азын оолак кеп курдук.

– Аликбек мырза, эмне үчүн Бишкек түрк саммити белгисиз мөөнөткө жылдырылууга аргасыз болду?

– Эмне үчүн жылдырылганы боюнча менде так маалымат жок. Бирок, мындай окуялардын орун алышында эки себеп болот. Бири саясый, экинчиси каражат маселеси. Бу сапар саммиттин жылдырылышына кайсынысы таасир эткенин алгач талдаш керек.

– “Республика-Ата Журт” партиясы эмне үчүн коалицияга кирүүдөн баш тартты?

– Негизи саясый оюндар парламентте токтобойт. Мындан ары ого бетер күчөйт. “Республика-Ата Журт” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов  коалицияга кирбегенин  ачык айтканына караганда каалаган креслолор боюнча макулдашуулар болбой калган көрүнөт. Болбосо эл арасында коалициянын өзөгүн КСДП менен “Республика-Ата Журт” партиясы түзөт деген божомол күчтүү болчу.

– КСДП президенттин ишенимин актап кокус коалиция курай албай калса, президент коалиция куроо мандатын кимге бериши мүмкүн?

– Менин жеке пикиримде эгер КСДП ойдогудай коалиция курап, кырдаалды жөнгө сала албаса анда президент коалиция куроо мандатын  “Кыргызстан”  партиясына бериши мүмкүн. Анткени, президенттин  парламентте башка ишене турган партиясы калбай калды.

Асылкан кызы Перизат

Булак: Асман плюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: