Menu

Нурдин Абдылдаев: Бишкектин борборун жеңилдетиш үчүн жаңы конуштарды өнүктүрүү керек

Бөлүшүү:

«Бүгүн шаарды өнүктүрүү үчүн альтернативдүү тартылуу борборлорун түзүү керек», – деп билдирди «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан Бишкек шаардык кеңешке талапкер Нурдин Абдылдаев.

Анын айтымында, Бишкек шаарынын калкы толо борборун куткаруу үчүн шаардын жаңы конуштарын өнүктүрүү керек. «Бул шаар үчүн болгон эң зарыл реформа. Жыш жайгашкан борборлор тромб сыяктуу кыймылды токтотуп, убакыттын өтүшү менен борбор калааны жок кылып коюшу мүмкүн», – деди Н.Абдылдаев.

Ал белгилегендей, шаардын борбору баарынан көп ресурстарды, инвестицияларды жана адамдарды тартып алууда. Бул жакта эл тейленүүчү саламаттык сактоо объектилери, ири соода-сатык борборлору жана мамлекеттик органдар топтолгон. Мунун баары калктын жыштыгына жана борбордун ашыкча жүктөлүшүнө алып келүүдө.

Мэриянын маалыматына ылайык, борборду жана жаңы конуштарды өнүктүрүү үчүн жылына шаар бюджетинин болгону 8,5% бөлүнөт.

Н.Абдылдаевдин айтымында, ошол эле маалда жаңы конуштарда Бишкек шаарынын калкынын 20% түзгөн 200 000 адам жашайт. «Жаңы конуштарда өз ооруканалары, парктары, балдар аянтчалары, сейилдөөчү жайлары болушу керек. Ошондо четки жана жаңы кичи райондорунун жашоочулары кандайдыр бир тейлөө кызматтары үчүн шаардын бир четинен башка четине барып отурбайт эле», – деп билдирди партиянын өкүлү.

Жаңы конуштар бүгүн инвесторлорду кызыктырбайт. «Өнүгүү-Прогресс» партиясы жаңы конуштардагы жашоо сапаты жогорулашы үчүн ишкерликке жагымдуу шарттарды түзүү ниетинде, деди «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын мүчөсү Нурдин Абдылдаев.

onuguu-logo-2

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: