Menu

Нарын облмилициясы: “Ак-Талаа районунда 1 эле айда 25 эшек уурдалып союлган”

Бөлүшүү:

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда эшек уурдап союп жүрүшкөн 3 жергиликтүү жаран кармалды. Бул тууралу Турмуш маалымат агенттигине кечээ, 14-ноябрда Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Нарын обустук милициясынын маалыматы боюнча Ак-Талаа районунун Коңорчок, Ак-Тал, Чолок-Кайың и Жаңы-Талап айылдарында бир эле октябрь айында 25 эшек уурдалып, союлуп кеткен.

Эшектен башка да бул айда 15 мал урдоо фактысы катталган.
Бул фактылар боюнча Ак-Талаа райондук милициясы шектүү 3 жергиликтүү жаранды кармаган. Алар Нарын районунун Жан-Булак айылынын тургундары 31 жаштагы А.С. жана 30 жаштагы К.М. ошондой эле Жерге-Тал айылынын 24 жаштагы тургуну Р.Д. болуп чыгышты.
Бул фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: