Menu

Күпүлдөк – Кожобек Рыспаев, ЖКнын депутаты: “Жанар Акаевге эскертүү бердим”

Бөлүшүү:

— Кожобек Жайчыбекович, СДПК фракциясы кечээ бир аз айтышып кеттиңиздер. Ички акыбал жакшы элеби деги?

— Кыргызда “казан-аяк кагышат”- деп коюшат. Эрди-катын деле жакшынакай жашап жатып урушуп кетип анан элдешип алышат эмеспи. Эми бир фракцияда 38 депутат болсок. Андай учурда ар кандай көз караш, тартышуу, бири-бири менен кайым айтышуу болбойт деген түшүнүк жашабаш керек деп ойлойм. Бул нерсе болуп турчу жана болуп жаткан нерсе. Көпчүлүк болгон жерде пикир келишпестик болуп кетет. Күтүлбөгөн жерден ушундай окуялар болуп кетиши мүмкүн. Кечээ деле Жанар Акаев туура эмес сүйлөп менин атымды атады. Негизи депутаттар мисал кылып жатканда кимдир бирөөнүн атын айтканга укугу жок. Ошондуктан кечээ Жанарга мен эскертүү бердим. Сүйлөп жатканда депутаттар же коллегалар деп айтканда ар ким өзүнө алып эле ар кандай сөздөрдү айтып жиберишүүдө. СДПКнын ичинде Чыныбай Акунович парламенттик жыйынды алып барып жатканда келишпестик болуп кетүүдө. Негизи төрагалык кылып жатканда СДПКнын ичиндегилер төраганы мынчалык сындабай, андай иштерди фракциянын ичинде айтса жарашмак. Ошондуктан мындай нерсе коомчулукка терс көрүнүш катары көрүнүп калды.

— Кимдир бирөөнүн атын атабайм дегениңиз менен өткөн жыйындардын биринде Өмүрбек Чиркешовичке “чыгыңыз бул жакка деп президентке кыйкырып жатасыз. Разборщиксизби?”-деп ал кишинин атын атап эле кыйкырбадыңыз беле трибунадан. Жарым саат өтпөй коридордо ээрчишип кофе ичип калыпсыздар. Уят боло элегимде жайгарайын дедиңизби?

— Мен Өмүрбек Чиркешович менен каттуу урушкан жокмун. Аны 25 жылдан бери саясатта келе жаткан күчтүү адам деп билем. Анын Алмаз Шаршеновичке теледен “Алмаз Шаршенович, чык, экөөбүз сүйлөшөбүз. Сенин да күнүң бүтөт, сүйлөшүп коём”-деп саясаттын тили менен эмес, бандиттин тили менен кекетип айтканына эскертүү кылдым. “Өмүрбек Чиркешович, сизди сыйлап урматтайм. Бирок ажону эл шайлаган. Сиз эртең ажо болуп калсаңыз, сиздин наамыңызга бирөө ушинтип жатса туура болобу? Президентти мындай деп айтпагыла. Сиз разборка кылбай туура сүйлөңүз”- десем ал киши туура кабыл алып “Кожоке, эми сенин сөздөрүңдөн кийин уялып да калдым. Эскертүүңдү эсиме алам”-деп айтты.

— СДПКнын же президенттин дарегине кимдир бирөө терс пикира айтса эле биринчи сиз чыга калып коргоп баштайсыз. Ушунчалык жагалданасызбы? Эркекче жүргөн кишиге жагалданмай уят эмеспи?

— Эч качан жагалданган жокмун. Эч кимди коргобойм дагы. Эгерде биздин фракцияга же президентке айтылган сын-пикирлер болуп калса лидер жооп бериш керек. Лидер же орун басары жооп бербей карап олтуруп калышса, мен эч качан чыдай албаймын. Акыйкат сүйлөгөндү жакшы көрөм. Чыңгызхандын да башын алганча жигиттери жанында турушкан, сатышкан эмес. Ошол сыяктуу түз калыс айтууга милдеттүүмүн, Ошондуктан кеп жагалданып чыга калгандыкта эмес, эч ким сүйлөбөсө жооп кайтарууга ар дайым даярмын.

— Мурунку лидериңиз Кулов менен мамилеңиз кандай? Ал кишини сатып кеткендердин катарында болуп калбадыңызбы? Депутат кылып парламенттин босогосун биринчи жолу аттаткан партияны таштай качып, бийликтин шинелине кирип алдыңыз. СДПКга сизди ким чакырды? Алмаз Шаршеновичпи же башка депутаттар себепчи болдубу?

— Феликс Шаршенбаевичке мен эки дүйнөдө ыраазымын. 5-чакырылышка Ооган согушунун ардагерлери депутат болууга кирели десек эч ким кабыл албай, бейиши болгур Нурлан Төрөбеков менен ар кайсыл партияларга кирип чыкканбыз. Темир генерал эмеспи, ушул түшүнөөр деп Феликс Куловго барсак бизди туура кабыл алып, блок болуп чогуу иштедик. Биздин ишибизди баалап эки орун берди. Ошондо Нурлан Төрөбеков экөөбүз депутат болуп келгенбиз. Феликс Шаршенбаевич 6-чакырылыштын депутаттарын шайлап жатканда жарышка аттанып чыкса аны менен кошо келмекмин. Тилекке каршы алар жарышка чыкпай калышты. 2010-жылы коалиция кулап, саясий абал олку-солку болуп жатканда “Ар-Намыс” фракциясынан он депутат Алмаз Шаршеновичтин, тагыраагы СДПКнын позициясын колдогонбуз. Ошондо бизге ыраазы болгон Алмаз Шаршенович “Кожобек Жайчыбекович биз менен шайлоого барса болот”-деген өзүнүн ишенимин берген. Ошондуктан мен СДПК менен шайлоого аттанып, кайрадан шайланып келдим.

— Кийинки шайлоодо “Ар-Намыс” кайра шайлоого аттанса алар менен чогуу келет турбайсызбы? Туура эле түшүндүмбү?

— Адам деген байкап туруш керек. Кайсы партияга өттүңүз, анан сатып кеттиңизби деп кыжаалат кылган суроолорду токтотсоңор жакшы болот эле. Бир жылдын ичинде үч-төрт партияга кирип чыккан эргулдар деле арабызда депутат болуп жүрүшөт. Мисалы СДПК фракциясы бүгүнкү күндө позициясын кармап, программаларын туура алып барса мен дагы көз карашымды туура кармайм. Көз караштарыбыз келишпей калгандан Кудай сактасын деш керек. Мисалы менин жеке көз карашым бар. Эгерде менин оюма туура келбей, элге каршы нерселер болуп жатса оюмду сөзсүз айтам.

Булак: “Жаңы ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: