Menu

№12, «Өнүгүү-Прогресс»: 2017–жылы Бишкекти деталдуу пландоо долбоору кабыл алынабы?

Бөлүшүү:

«Бишкек шаарынын деталдуу пландоо долбоорун (ДПД) иштеп чыгуу боюнча отчетторду биз жыл сайын угабыз. Бирок баарыбыз күткөн ДПД алигиче жок. Долбоорду түзүү боюнча тапшырма 2013-жылы эле берилип, аны ишке ашыруу үчүн 20 млн сом да бөлүнгөн», – дейт Рысбай Аматов,  «Бишкекбашкыархитектуранын» арызын комментарийлеп жатып.

Эске салсак, «Бишкекбашкыархитектурасы», «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын өкүлү Рысбай Аматовдун билидирүүсүн комментарийлеп жатып, Бишкек шаардык комитетине депутаттыкка талапкерлер «шаар курулушу жана архитектурасы, “Бишкекбашкыархитектурасынын” ишмердүүлүгү тууралуу такталган маалыматтарды бериши керектигин” айткан.

«Бишкек шаары боюнча ДПД 2017-жылы колдонууга берилет деп ишенгибиз келет. Бирок 3 жылдан бери иштеп чыга албаган долбоорду жыл аягына санаалуу күндөр калганда алып чыгаарына көзүбүз жетпейт»,  – дейт  Рысбай Аматов.

Аматовдун белгилөөсүндө, ушул ишти создуктурушканы үчүн, БШКнын депутаттары «Бишкекбашкыархитектураны» Мамлекеттик курулуш комитетинен Бишкек мэриясынын алдына алып келүүгө аракеттенишкен. Мындай чечим шаардык архитекторлорго өз алдынча ишмердүүлүгүн жургүзгөнгө шарт түзмөк.

Талапкердин тастыктоосунда,  «Өнүгүү-Прогресс»  партиясы БШКнын курамында бул маселени көңүл чордонунан чыгарбайт.  «Анткени деталдуу пландоо долбоорунун негизинде гана мыйзамсыз курулуштарга бөгөт  коюлуп, Бишкек шаары кабыл алынган схеманын негизинде жаңыланып баштайт», – деп жыйынтыктады Рысбай Аматов.

onuguu-logo-2

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын  шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Түлеев тарабынан төлөндү.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 + = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: