Жалал-Абад шаарында жаңы жылдык иш-чараларды өткөрүү маалында өрткө каршы коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Бул боюнча шаар мэринин атайын буйругу чыгып, өрттүн чыгып кетишин алдын алуу боюнча ар кайсы тиешелүү шаардык кызматтарга тапшырмалар берилди. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.
Буйрукта 15-декабрдан баштап жарандар көп чогулуучу бардык коомдук жайларда, социалдык имараттарда, мектептер менен атайын орто жана жогорку окуу жайларында өрт коопсуздугунун чараларын күчөтүү талабы айтылган. Ошондой эле пиротехникалык жана жеңил күйүүчү заттарды өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербеген жерлерде сактоого, сатууга жана колдонууга тыюу салынды. Эң башкысы 16 жашка чейинки балдарга пиротехникалык каражаттарды сатууга тыюу салынып, шаарда тартипти чыңдоо жагы каралды.
Шаарда өрт коопсуздугуна ылайык комплекстүү иш-чараларды ишке ашыруу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү атайын өрткө каршы кызматтарга жүктөлдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ