Menu

Бабырбек Жээнбеков, журналист, юрист: ““Маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзам тийип-качкан эмес, түп тамырынан өзгөртүүлөргө муктаж”

Бөлүшүү:

Ушул макала “Майдан.kg” гезитине жарыяланардан, Бегалы Наргозуевдин “Кыргыз тудей” сайтына жайгаштырылардан үч күн мурда интернетти чукулап отуруп, 2016-жылдын 20-декабрында Жогорку Кеӊеште “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча парламенттик  угуу өтөөрү, ага  тиешелүү бир топ адамдар чакырылгандыгы тууралуу маалыматты окуп калдым. Жогорку Кеӊештин сайтын ачып, канааттандыраарлык маалымат алалбай, дүйшөмбү күнү анда көрсөтүлгөн 63-86-89 номеринде отурган кызга телефон чалсам мыйзам долбоору биринчи окуудан өткөндүгүн билдирип, “таппай койдум”- дегенден кийин долбоорду мен көрсөткөн электрондук почтага салып жибериптир. Рахмат ал кызга, кыргыздын ыймандуу бир кызы окшойт.

“Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамына  өзгөртүүлөрдү киргизүүнү шарттаган мыйзам долбоору Жогорку Кеӊештин депутаттары  К.Ж.Рыспаев, И.И.Матраимов, Т.К.Тиллаев жана Ж.К.Турускуловдор тарабынан  даярдалып, анда аталган мыйзамдын 3-жана 5-беренелерине гана өзгөртүү киргизүү маселеси көтөрүлүптүр.

Ошондон улам, адегенде эле менде юрист жана бир топ жылдар бою республикалык деӊгээлдеги “Алиби”, “Ачык саясат” гезиттеринин башкы редактору болуп иштеген журналист катары “эмне үчүн эки гана беренеси? Мыйзамдын башка беренелери учур талабына толук жооп берет бекен, алар өзгөртүүлөргө муктаж  эмес бекен?”- деген мыйзамдуу суроолор пайда болду.

Дегеле, авторлор “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамды толук окуп чыгышканбы? Эгер окуган болсо, чынында эле эмне үчүн “анын эки гана беренеси өзгөртүүгө жатат”- деп эсептешүүдө? Мүмкүн, бул журналисттердин, маалымдоо каражаттарынын ашканасын, жашоо-турмушун, тиричилигин жетиштүү деӊгээлде билбегенден улам болуп жүрбөсүн? Андай болсо, алар маалымат менен калыӊ элди камсыз кылуу жаатында иштеп жүргөн адистерди чакырып, алар менен кеӊешип иш жүргүзүшсө болбойт беле? Антишкен күндө эки беренени өзгөртүп коюудан ал мыйзам жакшы мыйзам болуп калбастыгын, жалпыга  маалымдоо каражаттары менен аларда иштеген журналисттердин абалы кылчалык да жакшы  жагына өзгөрбөстүгүн, бүгүнкү “шалтай-болтай” абалында сазга чөгүп бараткан журналистика тармагы дагы деле чөгө берээрин, коомчулуктун кыргыз журналистикасына карата терс пикирлери ого бетер тескерилене берээрин, ушакчы аялдардын деӊгээлине түшкөн маалымат каражаттары пас адамдардын бири-биринен өч алуу куралына гана айланып калаарын, натыйжада өжөр фактылардын, далилдердин негизинде коомдо акыйкаттыкты, чындыкты, адилеттүүлүктү орнотууга, коррупцияны ишкерелөөгө чакырылган, башкы максатын ошолордон көрүүгө милдеттүү болгон маалымат каражаттары, аларда иштеген журналист калкы бүгүн кандай абалда болсо, ошол эле деӊгээлде кала берээрин авторлорубуз саамга ойлонуп коюшса болмок.

Дегеле мыйзамдарга өзгөртүүлөр эмне үчүн керек?

Мыйзам дегенибиз, жалпак  тил менен айтканда, адам менен адамдын, адам менен мамлекеттик органдардын, коомдук жана жеке уюмдардын, алардын өз ара мамилелерин, алакаларын жөнгө салуучу эрежелер гана. Бул мамилелер, алакалар заманга жараша, шартка жараша өзгөрүп турууга мужтаж. Болбосо, коомдо башаламандык башталат, анын өнүгүп-өсүүсү токтойт. Биз “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамга да ушул көз караштан туруп мамиле жасоого милдеттүүбүз.

“Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жогоруда аты аталган төрт депутат даярдаган мыйзам долбоорун окуп  чыккандан кийин менде пайда болгон өкүнүүнү да, таӊ калууну да “жашыруунун кереги жок”- деп эсептейм.

Жогору Кеӊештин кайсы гана депутаты болбосун “мен Кыргызстандын патриотумун, мен кыргыз тилин сүйөм, кыргыз мыйзамдарын урматтайм”- деп көкүрөктөрүн каккылашса көк буу чыгаарын баарыбыз жакшы билебиз. Бирок, тилекке каршы, мен ушул өзгөртүүлөрдөн ар бир сөзүнө маани берип, жоопкерчилик менен сүйлөгөн Мыктыбек Абдылдаев курбалдашымды, бир кездеги Президенттин алдындагы тил комиссиясынын төрагасы, беттегенин бербеген, өжөр Рыскелди Момбеков инимди, чындыкты бетке айткандан тартынбаган, журналист Жанар Акаев инимди жана саналуу болсо да сапта жүргөн чыныгы депутат ини-карындаштарымды көрө албадым. Мүмкүн бул өзгөртүүлөрдү биринчи окууда кабыл алган парламенттик отурумга алар катышкан эмес чыгар?

Эми сөздөн ишке өтүп, жогорудагы төрт депутат даярдап, парламент биринчи окуудан өткөргөн мыйзам долбоорун карап көрөлү.

“Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы эгемендиктин алгачкы жылдарында кабыл алынып, 1992-жылдын 2-июлунан тартып иштеп келатат. 1993-жылдын 8-майында, 2013-жылдын 22-февралында жана 2014-жылдын 17-майында -үч жолу  олуп-чолуган өзгөртүүлөр киргизилген.

Бирок, биринде дагы “эмне үчүн “массалык маалымат каражаттары”? Жалпыга маалымдоо каражаттары”- деп кыргызча эле атасак оозубуз кыйшайып калабы?”- деген маселе көтөрүлгөн эмес. Бүгүн да тилибизди жээрип, “жалпыга” деген жакшынакай сөзүбүздү жардан ары ырытып, орус туугандардын “массалык” деген сөзүн “мааратып” жетелеп алдык. Мындай жетеленме адаттан арылып, жазмакерлердин негизги мыйзамын “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” деп орусча-кыргызча ассорти кылбай эле “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө”- деп нукура кыргызча жазганыбыз оң болуп жүрбөсүн?

Орусча  же башка тилдеги сөздөрдүн кыргызча түшүндүрмө, айтылышын (эквивалентин) таппасак айла жок, бирок “эксплуатациялоо”, “номер”, “гражданин”, “статья” (булар өзгөртүүлөрдөгү эки беренедеги эле  сөздөр) деген сөздөрдү, “иштетүү”, “сан”, “жаран”, “берене”- деп берсек деле кыргыз сүйлөмүнө кынала калышып, өздөрүнүн түшүндүрүү  милдеттерин сопсонун эле  аткарып жатышпайбы.

Авторлор долбоорун “чү” дегенде жакшы эле “1-берене” деп башташып, бир кадам жылбай жатып “3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын”- деп “балп” этишиптир. Билген, түшүнгөн  киши мыйзам долбоорунда же “берене”, же “статья” деп бир кылка жазууга милдеттүү.

Андан ары жылганда “массалык маалыматты издөөгө алууга, чыгарууга жана таратууга укуктуу”- деген жобо киргизилиптир. Бизде качантан бери “массалык маалымат”, “массалык эмес маалымат” деген түшүнүк киргизилди эле? Бул жобону ар кимдин башын айландырып отурбай “ар кандай маалыматты издөөгө, алууга, изилдөөгө, чыгарууга жана таратууга” -деп бергенибиз эле туура болот. Маалыматты журналист кайсы гана булактан албасын, аны изилдөөгө да акылуу болуш керек

Мыйзам жоболорунун так жана түшүнүктүү болушу шарт. Мыйзам эч убакта баяндалбайт. Ошондуктан, долбоордогу “3-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын”- деген сөздөр “3-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин же бекитилсин”- деген сөздөргө алмашуусу керек.

“Массалык маалымат каражаттарынын продукциясын чыгаруу жана таратуу үчүн арналган техникалык түзүлүштөрдү жана жабууларды, чийки заттарды жана материалдарды даярдоого, сатып алууга, сактоого жана эксплуатациялоого”- деген жобо “жалпыга маалымдоо каражаттарынын продукциясын чыгаруу жана таркатууга кызмат кылуучу техникаларды жана жабдууларды, чийки заттарды жана материалдарды  даярдоого, сатып алууга, сактоого жана иштетүүгө”- деген сөздөр менен алмаштырылуусу кажет.

Өзгөртүүнүн “Редакцияны кошпогондо, массалык маалымат каражатында продукциясын таратуучу катары редакция, анын ыйгарым укуктуу адамы, басып чыгаруучу менен келишим боюнча же башка мыйзамдуу негизде иштеген ар кандай жеке же юридикалык жак болушу мүмкүн”- деген жободон эмнени түшүнүүгө болот..? Авторлор өздөрү ушул жободон бир нерселерди түшүнүшөбү?

Бул жобону “Жалпыга маалымдоо каражатынын продукциясын таркатуучу болуп -редакция, анын органдары, ыйгарым укуктуу жактар, редакция менен оозеки же жазуу жүзүндөгү келишими бар жактар эсептелет”- деп жазуу башка мыйзамдарга, тактап айтканда Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинен да шайкеш келет.

Мен долбоорго киргизилген өзгөртүүлөрдү окурмандын башын айлантып санап отурбай, өз пикиримдин таблицалык вариантын берейин.

Долбоор

“Массалык маалымат каражаттары            “Жалпыга маалымдоо

 жөнүндө” Кыргыз Республика-                     каражаттары жөнүндө”

сынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү               Кыргыз Республикасынын

киргизүү тууралуу” Кыргыз                           мыйзамына өзгөртүүлөрдү

Республикасынын Мыйзамы                         киргизүү тууралуу” Кыргыз

                                                                              Республикасынын Мыйзамы

 

   Депутаттардын     варианты      Б.Жээнбековдун варианты
1-берене

“Массалык маалымат каражаттары  жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (1992-жылдын 4-августундагы № 99 “Эркин Тоо” гезетасы) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“3-статья. Массалык маалымат каражаттарынын иши жана каржылоо булактары

Өздөрүнүн органдарынын жана журналисттердин атынан чыккан массалык маалымат каражаттары ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган чектөөлөрдөн тышкары, төмөнкүлөрдү чектөөсүз жүзөгө ашырууга укуктуу:

– массалык маалыматты издөөгө, алууга, чыгарууга жана таратууга;

– массалык маалымат каражаттарынын продукциясын чыгаруу жана таратуу үчүн арналган техникалык түзүлүштөрдү жана жабдууларды, чийки заттарды жана материалдарды даярдоого, сатып алууга, сактоого жана эксплуатациялоого.

Массалык маалымат каражаттарынын продукциясы деп мезгилдүү басылманын өзүнчө номеринин тиражы же тиражынын бир бөлүгү, телеканалдын, радиоканалдын, радиопрограмманын, телепрограмманын, кинохроникалык программанын өзүнчө чыгарылышы, программанын аудио- же видео жазуусунун тиражы же тиражынын бир бөлүгү, мезгилдүү басылманын тармактык (интернет) версиясынын өзүнчө чыгарылышы же жаңыланышы, башка массалык маалымат каражатынын өзүнчө чыгарылышы түшүнүлөт.

Массалык маалымат каражатынын продукциясын таратуу деп мезгилдүү басма сөз басылмасын сатуу, жазылуу, жеткирүү, таркатып берүү, программанын аудио- же видео жазуулары, телеканалды, радиоканалды берүү (телекөрсөтүү, радио берүү), тиешелүү түрдө телеканалдын, радиоканалдын курамында телепрограмманы, радиопрограмманы берүү, кинохроникалык программаны көрсөтүү, мезгилдүү басылманын тармактык (интернет) версиясына  жетүүнү берүү, таратуунун башка ыкмалары түшүнүлөт.

Редакцияны кошпогондо массалык маалымат каражатынын продукциясын таратуучу катары редакция, анын ыйгарым укуктуу адамы, басып чыгаруучу менен келишим боюнча же башка мыйзамдуу негизде иштеген ар кандай жеке же юридикалык жак болушу мүмкүн.

Массалык маалымат каражаттарынын иши алардын продукцияларын сатуунун жана башка акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн эсебинен, ошондой эле уюштуруучулардын, демөөрчүлөрдүн каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка түшүүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт. Мында чет өлкөлүк жеке жана/же юридикалык жактардын, ошондой эле Кыргыз Республикасында катталган капиталга чет өлкөлүк катышуусу менен юридикалык жактардын эсебинен массалык маалымат каражатын каржылоонун үлүшү каржылоонун жылдык көлөмүнүн жыйырма пайызынан ашпоого тийиш.

Купуя булактардан массалык маалымат каражаттарын каржылоо максатында акча каражаттарын жана башка мүлктү алууга тыюу салынат.”.

2. 5-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“5-статья. Массалык маалымат каражаттарын уюштурууга укук

Массалык маалымат каражаттарын уюштурууга укук мамлекеттик органдарга, саясий партияларга, башка юридикалык жактарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын граждандарына таандык.

Төмөнкүлөр уюштуруучу болуп чыга албайт:

– он сегизге жашы жете элек же соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жеринде жазасын өтөп жаткан же сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган Кыргыз Республикасынын гражданы;

– мурда массалык маалымат каражатынын уюштуруучусу катары чыгып, анын чыгарылышы соттун чечими менен токтотулган, массалык маалымат каражатын уюштуруучу граждан – соттун массалык маалымат каражатынын чыгарылышын токтотуу жөнүндө чечими күчүнө кирген күндөн тартып үч жыл бою;

– массалык маалымат каражатын өндүрүү жана чыгаруу менен байланышкан иш жүргүзүүгө укуктан белгиленген тартипте сот тарабынан ажыратылган граждан;

– мыйзамга ылайык сот тарабынан иштөөгө тыюу салынган саясий партия, коомдук бирикме.

Чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар, граждандыгы жок адамдар түз же кыйыр түрдө массалык маалымат каражатынын менчик ээси болгон юридикалык жактын акцияларынын (үлүшүнүн) жыйырма пайызынан ашыгына ээлик кылууга, пайдаланууга, тескөөгө жана (же) башкарууга тыюу салынат.

Массалык маалымат каражаты ушул статьяда белгиленген талаптарга жооп берген бир, ошондой эле бир нече уюштуруучу тарабынан түзүлүшү мүмкүн.

Мамлекеттик органдарга коомдук бирикмелер жана граждандар менен биргелешип массалык маалымат каражаттарын түзүүгө жол берилбейт, буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлар кирбейт.”.

 

2-берене

Ушул Мыйзамга ылайык массалык маалымат каражаттарынын уюштуруучусу катары чыга албаган, Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан массалык маалымат каражаттарынын уюштуруучусу болуп саналган адамдар ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып бир жылдын ичинде массалык маалымат каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аларды ээликтен ажыратууга милдеттүү.

Ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып уюштуруучуларынын курамы, уставдык капиталдагы үлүшү өзгөргөндүгүнө байланыштуу бир жылдын ичинде белгиленген тартипте кайра каттоодон өтпөгөн массалык маалымат каражаттары массалык маалымат каражаттарын каттоо функцияларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдын тиешелүү арызынын негизинде сот тарабынан мажбурлап жоюлууга тийиш.

 

3-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

1-берене

“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (1992-жылдын 4-августундагы № 99 “Эркин Тоо” газетасы) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 3-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“3-берене. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын иши жана каржылоо булактары.

Өздөрүнүн органдарынын жана журналисттердин атынан чыккан жалпыга маалымдоо каражаттары ушул мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган чектөөлөрдөн тышкары, төмөнкүлөрдү чектөөсүз жүзөгө ашырууга укуктуу:

– ар кандай маалыматты издөөгө, алууга,  изилдөөгө, чыгарууга жана таркатууга;

– жалпыга маалымдоо каражаттарынын продукциясын чыгаруу жана таркатууга кызмат кылуучу техникаларды жана жабдууларды, чийки заттарды жана материалдарды даярдоого, сатып алууга, сактоого жана иштетүүгө.

“Жалпыга маалымдоо каражаттарынын продукциясы”-деп мезгилдүү басылманын өзүнчө санынын тиражы же тиражынын бир бөлүгү, телеканалдын, радиоканалдын, радиопрограмманын, телепрограмманын, кинохроникалык программанын өзүнчө чыгарылышы, программанын аудио- же видео жазуусунун тиражы же тиражынын бир бөлүгү, мезгилдүү басылманын тармактык (интернет) версиясынын өзүнчө чыгарылышы же жаңыланышы, башка жалпыга маалымдоо каражатынын өзүнчө чыгарылышыэсептелет.

“Жалпыга маалымдоо каражатынын продукциясын таркатуу”-деп мезгилдүү басма сөз басылмасын сатуу, ага жазылуу, аны жеткирүү, таркатып берүү, программанын аудио- же видео жазуулары, телеканалдан, радиоканалдан берүү (телекөрсөтүү, радио уктуруу), тиешелүү түрдө телеканалдын, радиоканалдын курамында телепрограмманы көрсөтүү жана радиопрограмманы уктуруу, кинохроникалык программаны, мезгилдүү басылманын тармактык (интернет) версиясын көрсөтүү  жана таркатуунун башка ыкмалары эсептелет.

Жалпыга маалымдоо каражатынын продукциясын таркатуучу катары редакция, анын органдары, ыйгарым укуктуу жактар, редакция менен жазуу түрүндөгү же оозеки келишим боюнча иштеген ар кандай жеке же юридикалык жактар болушу мүмкүн.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын иши алардын продукцияларын сатуунун жана башка акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн эсебинен, ошондой эле уюштуруучулардын, демөөрчүлөрдүн каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка түшүүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт. Чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактардын, ошондой эле Кыргыз Республикасында катталган капиталга чет өлкөлүктөрдүн катышуусу менен  түзүлгөн юридикалык жактардын  жалпыга маалымдоо каражатын каржылоосунун үлүшү каржылоонун жылдык көлөмүнүн элүү пайызынан ашпоого тийиш.

Купуя булактардан жалпыга маалымдоо каражаттарын каржылоо максатында акча каражаттарын жана башка мүлктү алууга тыюу салынат.”.

2. 5-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“5-берене. Жалпыга маалымдоо каражаттарын уюштуруу укугу.

Массалык маалымат каражаттарын уюштуруу укугу мамлекеттик органдарга, саясий партияларга, башка юридикалык жактарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарына таандык.

Төмөнкүлөр уюштуруучу боло албайт:

– он сегизге жашы толбогон же соттун өкүмү менен эркиндигинен ажыратуу жайында жазасын өтөп жаткан же сот тарабынан “аракетке жөндөмсүз”- деп табылган Кыргыз Республикасынын жараны;

– мурда жалпыга маалымдоо каражатынын уюштуруучусу болуп жүрүп, анын чыгарылышы соттун чечими менен токтотулган  жаран- соттун жалпыга маалымдоо каражатынын чыгарылышын токтотуу жөнүндө чечими күчүнө кирген күндөн тартып үч жыл бою;

– жалпыга маалымдоо каражатын даярдоо жана чыгаруу угугунан мыйзам тартибинде сот тарабынан ажыратылган жаран;

– мыйзам тартибинде сот тарабынан иштөөгө тыюу салынган саясий партия, коомдук бирикме.

Чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактарга, жарандыгы жок адамдарга түз же кыйыр түрдө жалпыга маалымдоо каражатынын менчик ээси болгон юридикалык жактын акцияларынын (үлүшүнүн) жыйырма пайызынан ашыгына ээлик кылууга, пайдаланууга, тескөөгө жана (же) башкарууга тыюу салынат.

Жалпыга маалымдоо каражаты ушул беренеде көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген бир же  бир нече уюштуруучу тарабынан түзүлүшү мүмкүн.

Мамлекеттик органдарга жана уюмдарга  коомдук бирикмелер жана жеке жактар менен биргелешип жалпыга маалымдоо каражаттарын түзүүгө жол берилбейт, буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлар кирбейт.

 

2-берене

Ушул Мыйзамга ылайык жалпыга маалымдоо каражаттарынын уюштуруу укугунан ажыраган, Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан жалпыга маалымдоо каражаттарынын уюштуруучусу болуп келген жактарды ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып бир жылдын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү тиешелүү органдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ээликтен ажыратууга милдеттүү.

Ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып уюштуруучуларынын курамы, уставдык капиталдагы үлүшү өзгөртүлүүгө жаткан жалпыга маалымдоо каражаты эгерде  бир жылдын ичинде белгиленген тартипте кайра каттоодон өтпөсө жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо функцияларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдын тиешелүү арызынын негизинде сот тарабынан мажбурлап жоюлууга жатат.

 

3-берене

Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн  15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

Ошол эле убакта мен дагы  кайталайм: “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жалпы мыйзам үчүн бул өзгөртүүлөр маанилүү эмес.

Биз алгач жалпыга маалымдоо каражаттарынын курамын аныктап, аларга электрондук басылмалардын да кирүүсүн мыйзамдаштырышыбыз зарыл. “Акипресс”, “24.kg”, “Кыргызтудей” жана башка ондогон электрондук басылмалар миӊдеген, он миӊдеген окурмандарды өздөрүнө тартып, жер шарынын чр тарабына интернет аркылуу тарап жаткандыгын, алардан он миӊдеген адамдар маалымат алып жаткандыгын кантип танабыз?

Мен өзгөртүүнүн авторлоруна таӊ калам. Өзгөртүүнүн алар берген “массалык маалымат каражатынын продукциясы”- деген жобосунда ал продукциялардын катарына “мезгилдүү басылманын тармактык (интернет) версиясына жетүүнүү берүү” дегенди киргизишиптир. Түшүнгөнүмө караганда, “мезгилдүү басылманын интернет сайты анын продукциясы болуп эсептелет”- деген түшүнүктү бергилери келген окшойт. Бирок, азыркы “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамдын 1-беренесинде ал каражаттарга кимдер кирээри көрсөтүлүп калган. Ал жерде “тармактык (интернет) версия»” деген түшүнүк жок.

Бүгүн биз канчалык аракет кылбайлы интернет-сайттарды мыйзам алкагында жоопко тарта албайбыз. Ага негиз жок. Алар маалымат алдыӊында деӊиздердеги, мухиттердеги пираттардай эле ээн-эркин сүзүп жүрүшөт. Пираттарды жоопко тартса болот, а буларды тарта албайсыӊ.

Учурдагы “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамдагы (19-берене) журналист жөнүндөгү аныктама адамдын күлкүсүн гана келтирет. “Коомдун турмушунда болуп жаткан окуялар жөнүндө кабарларды чогултуп, массалык маалымат каражаттары үчүн материалдарды түзүп, редакциялап жана даярдоочу адам журналист болуп эсептелет”- экен. Журналист калкын мындан ашкан келекелөө, басмырлоо болбосо керек. Бул мыйзамдын авторлорунун аныктаганына караганда гезитке бир материал даярдап, жарыялаган 6-класстын окуучусу да журналист болуп калат окшобойбу.

Бүгүн эмне көп? Гезиттер, журналдар, электрондук сайттар, анан албетте “жазгычтар” көп, бирок чыныгы журналисттер аз. “Жазгычтардын” кесепетинен, аларга  талаптын жоктугунан чыныгы кесипкөй, намыскөй, адилет, калыс журналисттер иш таппай бош жүрүшөт. Буйрутма менен иштеген, көчө ушагынан көтөрө албаган “журналист” сөрөйлор “погода жасап”, каалагандай “жазып” жатышат. Ошондуктан, кесиптештерим мени жаман көрүшпөсүн, “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамды түп-тамырынан өзгөртүп, журналисттердин укуктары менен милдеттерин, мамлекеттик, жарандык, муниципалдык, укук коргоо, дипломаттык, аскер кызматкерлеринен маалымат алуу тартибин, жоопкерчилик маселелерин так аныктап, мезгил талабына ылайык чечип, мыйзамдаштырып албасак “түрткүнчүк” болуп жүргөнүбүз жүргөн.

Ал эми долбоорго келсек, бул мыйзам долбоорун чийки, бышпаган, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин алдыга жылдырууга укуктук база түзө албаган мыйзам катары эсептеп, мындай тийип-качма мыйзамды андан ары жылдырууну убактылуу токтотуп, “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамды түп-тамырынан бери өзгөртүү боюнча депутаттар менен бирдикте аракеттерди көрүүнү сунуш кылам.

Бабырбек Жээнбеков,

журналист, юрист, “Алиби”, “Ачык саясат” гезиттеринин

2007-2010,2012-2013-жылдардагы жана “Алиби”

гезитинин бүгүнкү күндөгү башкы редактору.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: