Menu

Жантөрө Сатыбалдиевдин түштүктөгү кыңыр иши унутулдубу? Жымырылган миллиондогон акчаларга жооп бербейби?

Бөлүшүү:

Бири кетсе, бири келип, кылган ишине отчет берген эч ким жок. 2012-жылы өкмөт башына келген Жантөрө Сатыбалдиев, 2014-жылдын 25-мартында өз каалосу менен кызматынан кеткен эле. Мунусу жоопкерчиликтен оңой кутулуунун жолу болгон бейм. Болбосо эстесеңер Сатыбалдиевдин премьер-министрлик постун таштоого Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча түзүлгөн мамлекеттик дирекциянын иши себеп болбоду беле. Андагы 5-чакырылыштын ЖК депутаттары аталган дирекцияга убагында жетекчилик кылган Жантөрө акеге ишенбөөчүлүк көрсөтүшүп, министрлер кабинетин жетектөөгө моралдык укугу жок экенин билдиришкен болучу. Анын кесепетинен парламенттеги «Ар- Намыс», СДПК жана «Ата Мекен» фракциялары курамына кирген, “Ырыс алды ынтымак” деген чо-оң коалиция ураган эле. Анткени аталган дирекция курган Кыргызстандын түштүгүндөгү көп кабаттуу үйлөр сапатсыз чыгып, миллиондогон акчалар жымырылганы белгилүү болгон. Буга түздөн-түз жоопкер болгон Жантөрө Сатыбалдиевдин ошол кыңыр иши эми унутулдубу? Эмне үчүн сураган эч ким жок. Балким башкалардын буга акылы жетсе дагы эрки жетпей жаткан чыгар. Ошондуктан Алмазбек Атамбаев, президенттик мөөнөтүн жыйынтыктап жатып, мына ушул коррупциялык иштерге
шеги бар мурдагы жана азыркы көзүрлөрдөн отчет алып, баарын бир тартипке салып кетсе түзүк болчудай.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 + = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: