Menu

Эл ишеничин актай албаган Атамбаевдин тактысын өткөрүп кетериндеги элине кылган жакшылыгы – бул Бакиевчилерди биринин артынан бирин абактан бошото баштаганы

Бөлүшүү:

Кайран гана тал чыбыктай кыйылган жаш өмүрлөр. Жалгызынан, сүйгөнүнөн, атасынан айрылган шордуу кыргыз элимди учурда бийлик­те турган бир дагы чиновник ойлонуп койгон жок. Ал тургай кеп кылууга биринин дагы чамасы жетпей жатыры. Тес­керисинче аталган окуяга жооп берип жатышкан Бакиевдин куйруктары, таптаза акталып кетишти. Акыркысы кече жаңы жыл алдында бошотулган, мурдагы Баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев болду. Эл ишеничин актай албаган Атамбаевдин тактысын өткөрүп кетериндеги элине кылган жакшылыгы мына ушундай болду. Демек, жакын арада Бакиевдер деле акталып, эч нерсе болбогонсуп өлкөгө кең-кесири кирип-чыгып турарына деле шек жок. Андай болсо биздин карапайым калкыбыздын эңсеген эркиндиги, өлкөбүздүн өнүгүшү бекер болгон экен да. Мындайда талкан сугунуп алгансып, Текебаев өңдүү оппозициячылар деле унчугушпайт. Демек, буларың деле бир байкуш жан экен да. Адатта өздөрүнүн кызыкчылыгы болгондо элди оозанып, көпчүлүктүн атынан айкырып-кыйкырып чыга калышат. Мында болсо алардын бирөөсү дагы жок. Ал тургай атасы байга ишенгендердин иш аракеттери туура эмес болуп жатканын, муну тарых кечирбесин ачык айтып, калыстык кебин улачу аксакалдарыбыз деле көрүнбөйт. Ошентип баягы эле ичтен эзилип түтөгөн элибиз, түтөп-түтөп кала берет экенбиз да.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: