Menu

Акылбек Жапаров, ЖК депутаты: «Президент маселени өзү кабинетинде чечип, үй-бүлөсү, администрация жетекчиси, жардамчысы баш болуп тегерегинде жүргөндөр маселе чечпеши керек»

Бөлүшүү:

— Акылбек Үсөнбекович, мамлекеттик эң чоң программабыз ушул жылга чейин болчу. Мындан кийин кайсыл программа менен алдыны көздөй жыла турганыбыз белгисиз бойдон калууда. 20–30 жылдык мөөнөттөгү программаны иштеп чыгалы, укурукту узун таштайлы деген сөз болуп жатабы?

– 2017-жылга чейин деп президент иштеп чыккан чоң программа аягына чыкты. Эми анын жыйынтыгын чыгарыш керек. Азыркы иштеп жаткан жетекчилер менен биргеликте мындан ары кандай программанын үстүндө иштейбиз деген ар кандай топтор бар. Ар бир фракциянын 2020-жылга чейинки программаларын турмушка ашырабыз деген аракеттери көрүнүп турат. Бирок, Өкмөттүн алкагында 2017-жылга чейинки программанын жыйынтыгы чыгарылышы керек эле. Азырынча андай иш аракеттерди көрө алган жокмун. Иштеп жаткан президент болсо 2040-жылга чейинки программаны эс алууга чыгып алып жазам деп аткан. Эс алуусу бүттү, балким ошону сунуштайбы деп ойлоп жатам. Негизинен президенттин 2040 же 2050-жылга чейинки программаны кабыл алабыз дегени эң туура. 25 жылдын ичинде кыска 3 же 5 жылдык программаны кабыл алып эле, арканды узун таштай албай жүргөнбүз. Азыр көп жылдык программанын үстүндө иштешибиз керек. Кыргыз Улуттук Университетиндеги бир топ экономисттер, окумуштуулар биригип алып 2040-жылга чейинки программанын стратегиясын иштеп чыктык. 1990-жылдан 2016-жылга чейин эмне болду дегенге анализ жүргүзгөн экономикалык китебибиз бүттү. Кийинки 25 жылда кандай кылып өнүгөбүз дегенге стратегияны иштеп чыгып президентке, Өкмөткө сунуштадык.

— Сиз төрт президент менен тең иштеген жетекчи болдуңуз…

— Буйруса, 5–6-президент менен да иштешели деп атабыз.

— Азырынча төрт президент менен иштештиңиз. Төртөөсү тең өз мөөнөтүнө жараша эле программаларды кабыл алышты. Узакты көрө алган жок. Олуттуу кемчилик ушул болуп жүрбөсүн?

— Эң чоң кемчилик ушул болду десек болот. Жакынкы биздин коңшу мамлекет ойлонгондо эле бери дегенде 50 жылга план коёт. Ошон үчүн шашпайт. Биздикилер алдына койгон пландарынын мөөнөтүн кыскарткан сайын шашып, айлалары кетип калып жатат. Президенттер биринчи жылы элди ойлоп жакшы эле аракет кылат. Эки жылдан кийин эле тегерегиндеги жан-жөөкөрлөрү сен кыйынсың, эми өзүң жөнүндө ойлон дей берип, байкуш президент адашып өзүн, үй-бүлөсүн ойлоп эле кызматтан кетип калып жатат. 40 жылдык программа кабыл алынса Кыргыз мамлекети көз карандысыз өлкө катары сакталып калабы, кала турган болсо ал үчүн эмнени кылышыбыз керек деген иштерди жасамак. Эң оболу ошол программа аткара турган Аткаруу бийлиги да туруктуу болуусу шарт. Элди башкарууда, экономикада 3 же 5 жылда эле чоң жетишкендикке жетүү, жакшы жыйынтык чыгаруу кыйын. 20–30 жылда чыгышы мүмкүн.

— Парламенттик шайлоого аттанып жатып “Илбирс секириги” деген программа менен чыгып, 2050-жылы өнүккөн 50 өлкөнүн ичине киребиз дегенсиздер. Алгачкы кадамыңыздарды таштадыңыздарбы?

— Ошондой максатыбыз бүгүн дагы бар. Мына коалицияга кирдик, өзүбүздүн программаларыбызды Өкмөткө бердик. Февраль айында өзүбүз түзгөн Өкмөттөн 2050-жылы өнүккөн 50 өлкөнүн арасына кириш үчүн бул иш аракеттерди кылышыбыз керек эле, ошол иштер башталдыбы, эгерде башталбаса эмне үчүн башталбады деп сураганы жатабыз. Биз муну менен коалицияны бузуп, премьер-министрди отставкага кетирүү саясатына аралашпайлы, өзүбүздүн программага ылайык премьер иштеп жатса аны колдоп, эгер аны аткара албаган болсо бөлөгүнө алмаштырышыбыз керек.

— Коалицияга кирип калсак приоритеттүү болгон айыл чарба менен энергетика тармагын 5 жылда өнүктүрүүнү колго алабыз деп айттыңар эле. Көпчүлүк коалицияга кирдиңиздер, айыл чарба тармагы сиздердин колго тийди. Ошол программа ишке аша баштадыбы?

— Энергетика тармагы боюнча атайын жаңы мыйзамды жазып чыктык. Жалгыз эле биздин “Бир Бол” фракциясы эмес, ал жерде “Ата-Мекен” фракциясы да кошулуп, Өмүрбек Текебаев башында турган. Энергетика тармагында орду-ордуна алып келип жоготууларды, жат көрүнүштөрдү жокко чыгара турган мыйзам долбоору даяр. Биринчи окуудан өттү. Экинчи окууда Өкмөт менен чогуу карап чыгып кабыл алалы жеп жатабыз. Муну ордуна коё турган болсок энергетика тармагынын баарын базар механизмине өткөрүп, тариф саясатын да алдын ала аныктаганга шарт түзгөн, өнүгүп өсө турган мыйзамды жазып бүтүрдүк. Айыл чарбасы боюнча биз оппозицияда жүргөнүбүздө дагы Жогорку Кеңештин токтомун чыгарганбыз. Айыл чарбасы 5 жылдык план менен өнүгүшү керек. Биз кластердик принципти колдонушубуз зарыл. Азыркыдай болуп чаржайыт кете берген болбойт. 4 миңге жакын чакан чарбаларды 10 жылдын ичинде 40 миңге жеткизсек, кийинки 10 жылдыкта 4 миң чоң чарбалар болсо дегенбиз. Артка кылчайып карай турган болсок бизде 400–500 колхоз-совхоз болгон. Ошонун да эки жүзү өзүн-өзү бага албай, калган үч жүзүнүн акчасы менен багып кетчү. 2050-жылга барганда Кыргызстанда 500 эң чоң айыл чарба корпорациялары же холдинги калышы керек. Айылда жашагандардын канча баласы болсо ошонун баары айылда эле калып жатат. Биздин “Бир Бол” фракциясынын ою боюнча айылда ата-энеси менен бир эле бала калышы керек. Калганынын баары шаарларга көчүп келиши шарт. Ал үчүн шаарда жумуш ордуларын түзүшүбүз зарыл. Ушундай программабыздын 5 жыл мөөнөтүн Өкмөткө тапшырдык эле, азыр Өкмөттүн мүчөсү биздин өкүл болуп калды. Ошол менен чогуу айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча мыйзамдын үстүндө иштеп жатабыз.

— ЕАЭСке кирип алганыбыздан кийин айыл чарба продукцияларын өнөктөш болгон Казакстан өзүнүн аймагына киргизүүгө чекит коюп жатпайбы:

— Бул айтканыңыз туура. Күнөө казактардан кеткен жок, өзүбүз күнөөлүүбүз. Мал чарбачылыгы боюнча идентификацияны бүтүрбөй жатабыз. Илгери Сибирь жарасы бар аймакты тосуп, бетин бетондоп салчу. Аны жасабайбыз. Лаборатория, сертификаттарыбыз жок, кампаларды даярдабайбыз. Казактар продукцияңарды вагон менен алып өтө бергиле деп айтып жатат. Вагон менен ташыганга 4 миң фермер менен биз даяр эмеспиз. Союздан калган айыл чарбасындагы системаны бузуп, өзүбүздөн ашканын гана сатабыз деген айыл чарба менен тирилик кылып атабыз. Ошондуктан натуралдык чарбачылыктан соода чарбачылыгына өтүшүбүз керек. Соода чарбачылыгы деген көлөм менен продукцияны убагы менен жеткизүү. Ушунун баарын жасабаган кыргыз парламенти менен Өкмөт күнөөлүүбүз.

— Биздин экономикабыз деле коңшу өлкөлөрдүн экономикасына байланыштуу эмеспи. Өзбекстан өзүнүн акчасын девальвация жасай турганын билдиришти. Эгер сум девальвация болсо бизде чакан жана орто бизнес жабыр тартабы? Сокку катуу болобу?

— Өзбекстан чек арасын жаап 25 жылдын ичинде кайра иштетүүчү, оор өнөй жай ишканаларын, соода-сатыкта боло турган фабрикалардын баарын оңдоп алышты. Дүйнөлүк деңгээлдеги чоң 12 фабрика курулду. Муну менен Украинанын деңгээлине жетип калды. Азыр товарлардын баарын чыгарганга мүмкүнчүлүгү бар. Бирок, эли аз болуп, элинин колунда акча жок болгондуктан сыртка чыгыш керек. Азыр алар саясатты эң туура жасап жатышат. Чек араны ачып койсо эле товардын баары Кыргызстанды каптайт. Казактар чек арасын ачты эле, алардын товарлары бизди каптап, өнөр жайыбыздын баары отуруп калбадыбы. Бир да ун чыгарган комбинат иштебей жатат. Ал иштебегенден кийин улпак чыкпайт экен да, бодо малды кармагандарга кыйын болуп калды. Ушул сыяктуу экономика ар бири менен тыгыз байланышта. Экономикада айыгышкан күрөш жүрөт. Бул күрөштө ким товарды жакшы сапат менен баасы арзан чыгарса ошол ута берет. Сатып алып жаткан кыргызга аны казак, өзбек, кытай чыгардыбы айырмасы жок.

— Биз кыргыздар ким президент болсо ошол киши баарын тейлейт деген түшүнүктү калыптандырып алдык. Азыркы президенттин мөөнөтү да аягына чыгайын деп калды. Кийинки келген президент башка нук менен иш алып бара алабы же ушул система менен кете беребизби?

— Ушул нукту улап кетсе жакшы болот болчу. Биз улам бир президентти шайласак эле, ал кайра эле башынан баштайт. Мурункунун баары туура эмес болгон, мен эле жакшымын дей берет. Өзүбүздүн бутубузга өзүбүз чалынып жыгылып жатканыбыздын себептеринин бири да ушул. Жаныбыздагы Кытай “Миң чакырымга кеткен жол алгачкы кадамдан башталат” деп коёт. Биринчи кадам кылдыбы аны жамандабайт. Экинчи кадамын жасайт, кийин үчүнчү кадамын таштаганда биринчи, экинчи кадамындагы кемчиликти кайталабайын деп төртүнчү кадамын таштайт. Биз ошого жарабай жатабыз. Кыргызды бириктириш үчүн айкөлдүк керек. Президент айкөл болушу керек экен. “Эр жигиттин ичине эр токумдуу ат батат” деп коёт. Биз кек сактап, саясий оппоненттерди куугунтуктайбыз деп атып эле убакыттын баары кетип калып жатат. Жетекчи деген жетелеп кетиши керек. Же болбосо акылдуулардын жетегине көнүшү зарыл. Дэн Сяопин жетекке көнгөн, жетелеп да кетти. Биздикилер болсо же жетекке көнбөйт же жетелеп кетпейт. Трагедиябыз ошондо болуп жатпайбы.

 Сиз биринчи революциядан кийин кызматтан кызмат алмаштырып бийликте жүрдүңүз, экинчисинде запкысын тарттыңыз. Эки революцияда башкаруу системасы өзгөрдүбү?

— Биринчи революцияда штаб башчысы болуп аралашып жүргөм. Анда үй-бүлөлүк башкаруудан ажырайлы деген максат койгонбуз. Президент маселени өзү кабинетинде чечет, кечинде үйүнө барып алып үй-бүлө менен акылдашпайт, администрация жетекчиси, жардамчысы, шоопуру баш болуп тегерегинде жүргөндөр маселе чечпейт деген максат менен революция жасаганбыз. Тилекке каршы ага жетише албай жатабыз. Президент, премьер-министр, депутат, министр болобу кабинетинде турганда чечим кабыл алышы керек. Ойлоноюнчу деп жардамчысына берип койбошу шарт. Кечинде үйүнө барганда акылдашпашы керек. Биринчи революцияда биринчи үч жыл президент кабинетинде гана чечим кабыл алчу. Мен ошондой шарт койгом. Бар же жок деген визаны коюңуз, муну жардамчыңызга бербеңиз дегем. 3 жылдын ичинде ИДПны 2 эсе көбөйттүк. КМШ өлкөлөрүнүн биринде дагы мындай көрсөткүч болгон эмес. Бюджет 3 эсе көбөйгөн. Тилекке каршы, 2008-жылдан кийин бөлөктөр башкара баштады эле, акыры ал киши Минскиге кетип калды. 2010-жылдан кийин башкаруу системасы өзгөргөн жок, ошол бойдон калды. Парламент шайланып келип, Алмазбек Шаршеновичтин талапкерлиги премьер-министрликке көрсөтүлүп жатканда, мен дагы өзүмдүн талапкерлигимди көрсөткөм. Талапкерлигимди алып жатып борбордук трибунадан “Алмазбек Шаршенович, сиз 5 жыл премьер болсоңуз болот эле. Ошондо экономика ордунан жылмак. Мен сизге ишенем. Бирок, президенттикке кетип калсаңыз кийинки 5 жылда дагы 6–7 премьер алмашып, экономика өгөй бала болуп, эл кыйналат” деп айткам. Ошондой эле болбодубу. 6–7 Өкмөт башчыны алмаштырдык. “Койчу көп болсо кой арам өлөт” деп коёт.

— Саясий чөйрө кийинки президент ким болот дегенге көңүл буруп жатат. Азыртадан эле саясий топтордун тиреши башталды. Сиз дагы бул темага саресеп салып жүрсөңүз керек?

— Президент өзү Бакыт Төрөбаев менен Өмүрбек Бабановду айтты. Экөө тең жаш саясатчы. Бабанов аябай такшалды. Төрөбаев дагы такшалып, экономиканы, өлкөнү кантип башкаруу боюнча калыптанып, турукташып келе жаткан лидерлердин бири. Өмүрбек Чиркешович эчактан бери даяр. Бул кишиге жылдыздар бир топ боло албай жатат. Ал киши дагы жаман жетекчи болмок эмес. Биздин фракцияда дагы даяр кишилер көп. Мыктыбек Абдылдаев эчак эле даяр. Алтынбек Бабанов менен Төрөбаевден кем калбайт. Негизинен КСДПнын ичинде бир адамга токтоло албай жатканы баарын тынчсыздандырып жатат. Ельцин деле ар 3 айда бирден премьер-министр алмаштырып олтуруп, аягында Путинди таппадыбы. Алмазбек Шаршенович деле 4 айдын ичинде бирөөнү тандап, болбоду дегенде спикер кылып коюп алып кетиши керек. КСДПнын ичинде деле Иса Өмүркулов, Чыныбай Турсунбеков, Асылбек Жээнбеков, Сооронбай Жээнбеков сыяктуу толтура кыйындар бар.

— Ошол президенттин айланасындагы адамдар мен болом деген талаш жүргүзүп, бир чечим чыкпай жатабы?

— Эми андай нерсе такай болуп келген. Президентке маалымат ташыган күрөш эч качан токтобойт. Айрым учурларда тегерегиндегилер биз бийликке жетпей калабыз деп ошолор революцияга себепкер болушат. Үйгө ууру кирсе башка айылдан келип кирбейт. Билген киши кирет. Бийликте деле ошондой. Акаев Бакиевди бекер премьер-министр кылган экем деп айтып жүрбөдүбү. Бакиев болсо Атамбаевди бекер премьер-министр кылыпмын деп айтат. Атамбаев кетем дегенден кийин кетет. Мен ал кишини жакшы билем. Ошол кишинин айланасындагы 3–4 топ бири-бирине ыраа көрбөй жатат. Төрдө олтурган киши кетсе да биз конок үйдө олтура берсек дейт. Андай болбойт, ал жерге дагы бөлөк бирөөлөр келип олтурат. Ошолор президент кетсе биз да кетели, өзүбүздүн оокатыбызды кылалы десе кийинки президентти жакшынакай кылып шайлап алабыз.

— Акаев деле кетем дегени менен анын үй-бүлөсү калтырган да?

– 2000-жылы Акаев кетем деген. Айтымдар боюнча ордуна Жоомарт Оторбаевди даярдаса биринчи ледиге жакпай калыптыр. Жоомарт өзү эмес, анын келинчеги. “Ушул кантип биринчи леди болсун?!” деп жактырбай койгон.

— Бакиевдин баласы мен өлкөнү башкарып калсам деген ойдо болгон болсо, үчүнчү президенттин айланасындагылар президент кетсе дагы бийликти колдон чыгарбасак дегенди уланта берсе дагы кийинки революцияга жол ачабы?

— Атамбаев кетем деп кетип калса, тегерегиндегилер бийликти бербейбиз деп тырмыша берсе иш башкача болот. Атамбаев кетем дегенден кийин көбү даярданып алды. “Көчмөндөр оюнуна” күлүктөрдү даярдагансып. Байгеден мыкты күлүк чыгып келсе ага кол чаап, баары ишенип кетишет. Бирок, ошондой күлүктөрдүн арасына качырды киргизип, ушул жеңсин, калгандары артка тартсын десе, күлүктү даярдаган саяпкерлер, атты чапкан чабандестер кыйкырык салып чыгат да. Ошол сыяктуу бир адамды ушул президент болот деп дайындап коё турган болсо революция чыгат.

— Азыр бийликте турган КСДП партиясынын түптөлүшүнө салым кошкондордун бирисиз. КСДПны түптөө кимдин идеясы болгон?

– 1994-жылдары Абдыганы Эркебаев вице-премьер болуп калды. Мен бөлүмдү башкарып калгам. Ошол кишинин биринчи ой-пикири “коммунисттик партия жок болуп кетти, социал-демократиялык ойлордон компартия жаралган. Социал-демократиялык партияны түптөп алып чыгалы” деген. Абдыганы Эркебаев, Абдыжапар Тагаев, Жумабаев Ибраимовду, Кубанычбек Идинов, Ишенбай Кадырбеков, Алмазбек Атамбаев, Атамбаев “бизге бир орус керек “ деп өзүндө бир заводду жетектеп жаткан Маришов деген аксакал кишини кошуп, 7 кишини теңтөрага кылып, мен жооптуу катчы, аппарат башчысы болуп уставын жазып, программасын кабыл алып ишти баштаганбыз. 1997-жылга чейин аппаратты жетектеп иштеп жүрдүм. Кийин Тагаев вице-премьер-министр болгондо жардамчы болуп ал жакка кеттим. Биринчи революция болгондо баарыбыз партиялардын саясатына катышпайбыз, Өкмөттө иштейбиз деп ант бергенбиз. Мен КСДПда ишмердүүлүгүмдү убактылуу токтоттум деген арызымды Алмазбек Шаршеновичке бердим. 2008-жылы Атамбаев оппозицияга өтүп, анын тегерегиндегилер Жапаровду партиядан кетиребиз деп чыкканда, мен чыкпайм деп койгом. 2010-жылы “Ар намыс” партиясы менен шайлоого катышканга мажбур болгом.

— Алмазбек Атамбаевди партиянын төрагасы катары ким сунуштаган?

— Алмазбек Шаршеновичти мен сунуштап, калган теңтөрагалар макул болгон. Биздин биринчи төрагабыз Жумабек Ибраимов болгон. Ал киши шаардын мэри болгондуктан, политсоветке көп катыша албай калгандыктан, ал кишиге барып “Сиз 2–3 жолу политсоветке келе албай калдыңыз. Бизге такай иштей турган лидер керек. Арызыңызды жазыңыз” десем, “Кимди лидер кыласыңар?” деди. Алмазбек Атамбаев мага жакын экен. Кирип-чыгып иштешет экем десем, “Макул, Алмазды тааныйм. Мен төрагалыктан кетүү арызымды жазып берейин, бирок политсоветте калайын, берген тапшырмаңарды аткарам” деп арызын жазып берген. Андан кийин Атамбаевди социал-демократтардын лидери кылып шайлаганбыз.

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: