Menu

«Куш эмес, кокуй кулаалы белең?» же кенедей иш кылбаган Кенекеев

Бөлүшүү:

“Көргөндөн көрө элегиң, билгенден биле элегиң көп” деген сөз тегин жерден айтылбаса керек.  Касиеттүү Таластын байманалуу журту да Кыргыз Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Кенекеев Дайыр Атагулович  дайындалганда, «өзүбүздүн айгыр, өзүбүздүн жамгыр» деп  «маңдай жарыла» сүйүнгөнбүз.

Бирок, тилекке каршы, Таластыктардын  кубанычы узакка  созулган жок. Анткени Кенекеев Таласка «башчы» болуп келгенине  бир жылга  жетпеген  убакытта, «колунан кокон тыйын келбеген»  ала көөдөн жетекчи  экенин өз иштери менен  кашкайта далилдеди.  Ушул тапта  эки сөздүн  башын бириктирип,  экинчи класстын окуучусундай да өз оюн айтып бере албаган  Кенекеевге  эл  нааразы боло баш чайкап, «кызыл дипломдуу» жетекчиге кекиртектен тоюп турган убагы.

Ошентип  «эки  тизгин бир чылбыр» колуна  тийген  Атагул аксакалдын уулу бир замата эле, «Атагы алайга,  данкы далайга жетти». Жетекчи  башы менен « Иттин уулу байгара»  той берсе деле,  ошол жерге  жетип барып,  төр жакка тасмал салдырып, “Малевич” арак алдырып,  казы –картадан  тойгончо жеп, чучукка «тайгаланган» Дайырды  байкаган адам   түз эле ошол жерге  «түкүрүүдө» дешет. Талас облусунун  социалдык-экономикалык  көрсөткүчтөрүн  алга жылдыруу боюнча «чеке  жылытаарлык» иш кылбаса да,  тойлорго барып тайрандап  ичип жеп  берген жагынан  катыра кызмат кылганы, эл оозуна алынды.

Өзү иштин көзүн билбей туруп, ишбилги Талас шаарынын мэри Анарбек Канатовичке асылып, элге күлкү болгонун айтпай эле коёлу. Кыш жакындап келатканда “оңдойт элем” деп Талас шаарынын чоң көчөсүн талкалап салып, эми оңдолбой турат. Атайын иш сапар менен күзүндө  Таласка келген экс-президент  Роза Отунбаева да   жолдордун  акыбалын көрүп «жалгыз жолуңарды  омкоруп салыпсынар. Ужас!»  карапайым калкка боору ооруп баш чайкап кеткен  жагдайы бар.

Соттун чечимин «соолутуп», кадр кызматынын кадырына  «көлөкө түшүргөн» Кенекеев

2015-жылдын 21-декабрында көз карашы   ошол кездеги  Өкмөттүн  Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Байыш Жуманазаров  менен дал келбей калганы үчүн эле,  Апрель ынкылабынын Баатыры, Кара-Буура районунун экс-акими Төлөгөн Наралиевди «суу кечпеген шылтоолорду шынар кылып» жумуштан бошоткон жагдайы бар. Төлөгөн  Наралиев  сотко кайрылууга  мажбур болгон.

«Ак ийилет, бирок сынбайт» демекчи Талас облустук соту  Наралиев Төлөгөн  Байызбковичтин  кызматтан негизсиз бошогонун аныктап,  Өкмөттүн Талас облутук ыйгарым укуктуу  өкүлчүлүгүнүн  аппаратынын  укуктук камсыздоо жана кадрлар секторунун башкы  адиси кызматына кайрадан алынсын деген чечимин чыгарган.  Бирок Кенекеев Талас облустук сотунун  2016-жылдын  24- ноябрындагы  №ГД-117/16Т5 чечимин  ушул күнгө чейин, өзүмбилемдик кылып аткарбай келүүдө.

Ага чейин  мамлекеттик кадр кызматы да 2016- жылдын 20-январында  расмий кат жазып  Наралиевди кызматтан бошотууда  Кыргыз Републикасынын  мамлекеттик кызмат  жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренеси  жана Эмгек  кодексинин  85-беренеси одоно бузулганын  билдирген.  Ошондой эле  Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Жуманазаровдун 2015-жылдын 21-декабрындагы  буйругун  жокко чыгарып, Төлөгөн Наралиевди  мурда ээлеген кызматына кайтарууну талап кылган.

Кадр кызматын тейлеген  мамлекеттик органдын  талабын,  соттун  чечимин  аткарбай  койгондон кийин  Т. Наралиев Жогорку Кенештин  СДПК фракциясынын лидери Иса Өмүркуловго  кайрылган.  Иса Өмүркулов Премьер-министр  Сооронбай Жээнбековго  соттун чечими аткарылып, Наралиев кызматына турушун жана мыйзамды көз-көрүнөө тебелегендер жазага тартылышын талап кылганы менен  эч кандай жыйынтык чыкпады.

Башкаруучу СДПК партиясынын парламенттеги фракциясынын лидери Иса Өмүркуловду адам ордуна көрбөгөн Дайыр Кенекеев ким өзү?

Каныбек Абдырахманов, Талас облусу 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: