Menu

“Эрди карыганда көр” : Кемелбек байке жакшы карыптыр деген сөздү каалайбыз…

Бөлүшүү:

“Атты аарыганда, эрди каарыганда көр,”-деген Улуу Кыргыз. Кемел Ашыралиев “Азия news” гезитинин (02.02.17.) № 05-санына жалайыктай, маанисиз, деңгээли төмөн маек бериптир. Журналист суроо берип бүтө электе, энтигип:

— Саясатта 22 жашымдан бери жүрөм. 76га келдим. Азыр да “такыр эле саясатка аралашпайм, кетем”- деп айта албайм. Ден-соолугуң болсо, айлана чөйрөнү зирек байкап турсаң, кырдаалды калыс баамдай билсең, анан саясаттан кетип, саясатка аралашпай коё албайт экенсиң. Кыскасы мени эч ким токтото албайт… — ​деп ээлириптир. Жолуң болгон Кемекем сексенди таяп калса да, дагы эле Президенттен бир нерсе үмүт эткендей кеп козгоптур.

Ат-Башылык калыс, калемгер байкем Дүйшөн Керимов:

— Илгери, советтик доордо Ош пединститутун бүтүп келип, Нарын облусунун “Нарын Правдасы” деген гезитине кабарчы болуп иштеп калдым. Ошондо Обкомпартиянын 1-катчысы Матен Сыдыковдун айтканы эсимде. “Өй нарындык туугандар! Ажаткана курсаңар боло. Чий менен бел курчооңорго чейин ажатканаңардын айланасын тосуп коюп, ичинен соксоюп башыңар чыгып, көчөнү карап отура берет экенсиңер. Аялдарыңарды айтпай эле коёюн, көчөдөн өткөн кишиге эркегиңер “салом алейки”-деп салам айтып, “базардан келе жатасыңбы, ириктердин баасы кандай болуп атыптыр…”-деп сүйлөшө берет экенсиңер. Уят го ушу ажатканада отуруп сүйлөшкөнүңөр… — ​деп, катуу сын айтып жүрүп, нарындыктардын жашоо тиричиликке болгон биртоп көз-карашын оңдогон… — ​деп боору эзилип күлүп жүрүп айтып калат. Эми, ким-кимге цивилизация жөнүндө кеп кылып жатканын байкап көрүңүз. Жарыктык Кемекемин дагы бир сөзүнө назар салыңыз:

— …А жерде (Бакиевдин заманын айтып жатат. автор) кичинекей эле “тишин” көргөзгөн кишини алып барып туруп тишин кагып, же башын алып салчу. …Бакиев Президент болгондон кийин мени көп эле жолу кабыл алды. Биз бир топ маселелерди эркин эле сүйлөшчүбүз… — ​дейт. Байкуш Кемекем, К. Бакиевге киргенде оозун колу менен жаап алып, тап-такыр ооз ачпай, эч нерсе суранбагандай айтыптыр. Оозун ачып суранганда Кемекемин тишин К. Бакиев капыс көрүп калса, азыр жарыктык карыя бери дегенде тиши жок калмак экен. “Көп эле жолу кабыл алды”-дегенине токтолсок, демек, Кемекем К. Бакиевдин эшигин көп эле жолу сагалап барган экен. А болбосо “Көп эле жолу чакырды, барбай койдум”-дейт беле. К. Ашыралиев өзүнүн деңгээли төмөндүгүн мындайча билдириптир: ”Кабинетиме сагаалап, кирген кишиден “Тогуз-Торонун акими келиптир. Жумушу бар экен” деп, улам айттырып атып араң кирчү. Киргенде болгон жумушу “Кемел байке, өкмөттүк жатаканага айтып, мага орун бердирип коюңузчу?”-дейт эле. “Мына ошондон орун бердиртип коюңузчу?”-деп жалдырап, мага кире албай турчу. Кемелбек Ашыралиев Нарын областында губернатор болгонбу же мейманкананын директору болгонбу? Жарыктык кишинин өмүр баянында Бакиевди кабыл албай койгону өтө олуутту маселе болгон экен. Ушул да айтыла турган сөзбү? Бул деңгээли менен Кемелбек Ашыралиев өзүнүн саясый деңгээлин, чыныгы жетекчилик көрөңгөсү жоктугун көрсөтүп коюптур? Андан көрө Нарын областында эмне реформа жасаганын мактанбайбы? Акаев ушул адамды кызматта көпкө кармабай туура эле кылган экен. Кемелбек Ашыралиев “Бакиев менен Сыдыков бийликке келгенде галош эле эмес, кан да жыттанып калган…”-деп көзү ачыктай маек бериптир. Капырай, “кан жыттанган” жерден үмүтү үзүлбөй, анда неге Бакиев менен Сыдыковдун эшигин “сагалап” өзү жүрдү экен. Орун басарлыктан жогору кызмат берип калабы деп үмүт менен барып жүргөн го.Ушуга таңмын.Кемекемин “күлүгү ушундай аарып, өзү ушундай карыптыр,” эмне дейбиз, аман эле болсун! “Тейитбектерди” көргөн кыргызга Кемекем ким болуп калыптыр. Өзүндөй чарбачы кишинин тили менен айтканда “Кой аксагы менен миң” эмеспи. Кемел байке, кыргызда “баланча жакшы карыптыр” деген жакшы сөз бар. Жаш балдардын (журналисттердин) айдактаганына алданып шилекейиңизди чачырата оңду-солду, ойду-тоону сүйлөй бербей карылыктын, калыстыктын доорун сүрүңүз Кемел байке. Кемел Ашыралиевдин сөзүнө караганда Кемелбек байке жакшы карыптыр деген сөздү каалайбыз. Аман болуңуз…

С. Арстанбеков,

Бишкек шаары

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: