Menu

Haberler: Кыргыз оппозициясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кипрде экс-президент Курманбек Бакиев менен жолугушту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-февралда Түркиянын Haberler маалымат агенттиги “Кыргыз оппозициясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кипрде экс-президент Курманбек Бакиев менен жолугушту” деген аталыштагы макала жарыялаган.

Жолугушуу Кипрдин түрк бөлүгүндө болуп, оппозиционер Өмүрбек Текебаевге экс-президент Курманбек Бакиевден каржылык жардам сураптыр. Текебаев Алмаз Атамбаевди каралап, кызматтан кетирип, күзүндө өтө турган президенттик шайлоону болтурбай коюу үчүн өлкөдө баша аламандык уюштурат экен.

Бул маалыматка комментарий берген атамекенчи депутат Алманбет Шыкмаматов “Haberler маалымат агенттиги бул маалыматты Бишкектеги белгисиз маалымат булактарына шилтеме жасап жазыптыр, демек муну Кыргызстандын атайын кызматтары уюштуруп жатат. Эми бул чагым материалды КТРКдан бир жума таратышат” деп билдирди.

Эсиңиздерге сала кетсек, Кипрге болгон сапардан кайтып келген Өмүрбек Текебаев 13-февралда “Мен Кипрдин оффшордук аймактарынан Атамбаевдин катылган байлыктарын таап келдим. Жакында баарын ачыкка чыгарам” деп убада кылган. Кыязы бийлик Текебаевдин ошол билдирүүсүнө бүгүн жооп бергени го.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: