КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жана И.Арабаев атындагы КМУнун алдындагы Мамлекеттик тил жана маданият институтунун кыргыз адабияты жана аны окутуунун технологиялары кафедрасы биргеликте “Ыйман, адеп жана маданият”жылына карата “Азыркы билим берүүдө тил, ыйман, тарбия маселелеринин актуалдуулугу” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын басма-сөз кызматы маалымдады.
Конференция И.Арабаев атындагы КМУнун алдындагы Мамлекеттик тил жана маданият институтунда 2017-жылдын 16-мартында өтөт.
Илимий жыйын төмөнкү багыттарда иш алып барат:
1. Ыйман, адеп маселесинин лингвистикалык аспектиде каралышы;
2. Ыйман, адеп маселелеринин көркөм адабиятта чагылдырылышы;
3. Окутууда ыйманга тарбиялоонун тарыхый аспектиси;
4. Ыйман, адепке тарбиялоо теологиянын функциясы катары;
5. Ыйман, адепке тарбиялоонун философиясы;
6. Кыргыз искусствосу-ыйман, адепке тарбиялоонун жолу катары.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ