Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын кызматкерлеринен түзүлгөн 2 жумушчу топ мамлекеттик мекеме уюмдардагы (анын ичинде укук коргоо органдарындагы) мамлекеттик тилдин абалы менен жеринен таанышып, практикалык жардамдарды көрсөтүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Демилгенин башкы максаты КР Президенитинин 2014-жылдын 2-июнундагы №119 Жарлыгы менен бекитилген “КРда 2014-2020- жылдары Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын” жана КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы №958 жана 2013-жылдын 5-мартындагы №114токтомдорунун ишке ашырылышын камсыздоо. Жогоруда белгиленген максат менен бүгүн 1-марттан баштап А.Молдоканов жетектеген 1-топ КР Экономика министрлигинде иш алып барышууда. Эске сала кетсек февраль айында КР Ички иштер министрлигинин жана КР Юстиция министрлигинин иш кагаздары менен таанышуу жүрүп, жыйынтыгы боюнча министрлер менен жолугушуу өткөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ