Menu

Турсунбек Акун, мурунку Акыйкатчы: «Атамбаев айткандай Өмүрбек парламенттеги эркек “Теке” болчу»

Бөлүшүү:

-Турсунбек мырза, сиз Текебаев камалган күндөн бери активдүү чуркап жүрөсүз. Митингде жалындуу сүйлөдүңүз, сотко чейин бардыңыз. Бирок, Текебаев азыркы башаламан системаны курган башкы архитектор өзү экенин жакшы билесиз да. Ушул эле версия менен бир топ саясатчыларды сындырганга шарт түзгөн адам. Өзү ошол абалга туш келгенде мыйзам бузуу болду деп кыйкырып жатат. Бул кош стандарттуулук болуп калбайбы?

— Мен жалгыз гана Текебаевди коргоп митингге чыкканым жок. Демократиянын абалы коркунучта болуп, сөз эркиндиги бузулуп, саясий куугунтук күч алгандыгы үчүн чыктым. Жалгыз эле Текебаев эмес, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дүйшөнкул Чотонов, Дастан Сарыгуловго окшогон адамдар камалып жатканы үчүн чыгып атам. Укук коргоочу, өмүрүн демократияга арнаган адам катары Кыргызстанда демократия, сөз эркиндиги болушун каалайм. Азыр демократияны, сөз эркиндигин муунтууга коркунучтар жаралып жатат. Өмүрбек Текебаев менин досум, теңтушум болгону менен мага камакка алынган башка саясатчылар да ошондой жакын адамдар. Мен Текебаевди актоодон алысмын. Коррупцияга, алдамчылыкка каршы болуп, тазалык үчүн күрөшүп келатам. Бирөөнүн эмгегин жеп, акчасын алдап алганды каалабайм. Ким алдамчы экенин, ким коррупцияга аралашканын бир гана сот чече алат. Абдил Сегизбаев, Индира Жолдубаева дагы коррупционер, алдамчы деп айта албайт. Текебаевди алдамчы, коррупцияга аралашкан деп айтууга эч кимдин укугу жок. Эгер ага тагылып жаткан күнөөлөрдү далилдей албаса камакка алгандар мыйзамдын алдында жооп бериши керек болот. Акчаны кайсыл убакта алды? Колуна алганы тууралуу тил кат жазганбы? Аудио же видео жазуу барбы? Башка өлкөдөн келген эки жарандын акча алган деген көрсөтмөсү менен эле камай берсе жаман өнөкөт түзүлөт да. Эгер кимдир бирөө президент менден мынча акча алды эле деп көрсөтмө берсе эле камай береби? Ошон үчүн өзүмдүн пикиримди ачык айтып жатам.

— Текебаев үчүн чыкканым жок деп жатасыз. Митингде Текебаевди жактаган, Атамбаевди эсиңе кел, Өмүкөмдү бошот деген сөздөрдү айтпадыңызбы?

— Текебаевди, саясий куугунтукка кабылган башка саясатчыларды коргогон комитет түзүлдү. Ошонун жетекчиси катары айтчу сөзүмдү айтам да. Бектур Асановду, Кубанычбек Кадыровду, Дастан Сарыгуловду коргогон митинг болду. Ага да барып сүйлөдүм. Бектурларды коргоп 4–5 жолу туура эмес камалды, саясий куугунтук болуп жатат деп маалымат жыйынын бердим. Митингге мен эмес, адам укугун коргогон акыйкатчы Кубат Оторбаев чыгыш керек болчу. Анын ордуна мен жүрөм го.

— “Ата-Мекен” фракциясынын депутаттарына кылмыш иши козголуп, башынан кара булут айланып турат. Бирок, Аида Салянова башкы прокурор болуп турганда “Ата Журттан” депутат болгон Камчыбек Ташиевди, Ахматбек Келдибековду, Нариман Түлеевди, Талант Мамытовду дагы Текебаевди камаган ыкма менен камаган. Анда мыйзам бузуу болгон эмеспи?

— Текебаевдин жактоочуларын же болбосо нааразычылык акцияга катышып жаткандарды мыйзам бузду деп айта албайбыз. Алар бир имаратты барып басып алса, кимдир бирөөнү сабап койсо мыйзам бузуучулукка барды десек болот. Ошол эле Камчыбек Ташиевдин, Ахматбек Келдибековдун жактоочулары деле митинг, пикетке чыккан. “Ата-Мекендин” лидеринин күнөөсү болсо сот аркылуу далилдесин. Ал чет мамлекетке качып баратса камакка алса бир жөн. Тескерисинче, ал бул жакка келип жатпайбы. 25 жылдан бери саясатта жүрүп, номур биринчи деген саясатчы болуп аталып, Конституциянын атасы делген лидерди качып кетчүдөй кылып, Бен Ладенди кармаган сыяктуу 300 жоокер менен аэропортко барып, самолёттон түшүрбөй кармап кеткени чуу жаратып жатат. Көрсөтмө берген Маевский эл аралык издөөдө экен. 357 млн долларды жеп койгондуктан орус бийлиги издөө салыптыр. Ушундай аферисттердин көргөзмөсү менен кармабай, алгач тергөө жүргүзүп, тергөөгө барбай качса камап койсо неге болбосун?

— Саясий лидерлерди камакка алган учурда биздин баланы камап койду деген эл көчөгө чыгып, аягы кайгылуу окуя менен бүтчү эле. Мисалы, Аксы окуясы ушундай болгон. Азыр да УКМКнын жер төлөөсүндө ондон ашык саясатчы кармалып жатат. Алардын тарапташтары бийликке болгон нааразычылыгын билдирип келүүдө. Текебаевдин адамдары мөөнөтсүз митинг жарыялашты. Мунун аягы кыйын абалга алып келбейби?

— Кыйын абал жаралып калышы толук мүмкүн. Мен 3–4 күндөн бери сүйлөгөн сөздөрүмдө “Урматтуу Алмаз Шаршенович, Текебаевди камаганыңыз өзүңүздү камаганыңыз. Текебаевке кылмыш иш козгогондук, өзүңүзгө кылмыш иш козгогондук. Жаныңызда жүргөндөр Акаевге кызмат кылгандар, сизге жакшылык кылбайт, аларга бийлик, байлык болсо болду. Сиз биз менен чогуу жүрүп бийликке келгенсиз. Биз мөөнөтүңүздүн аягына жетпей качып кетишиңизди каалабайбыз!” деп айтып жатпаймынбы. 31-августтан бери экөөсүнүн ортосундагы тирешүү, чукушуу башталып, азыркы күнгө чейин уланып келе жатпайбы. Маевский 2010-жылы берген болсо ушул кезге чейин эмнеге карап олтурду? Качан кармаш-тиреш башталганда алып чыгып жатпайбы? Бул өч алуу, саясий куугунтуктун өзү болуп жатпайбы. Кечээ президент “Мында эч кандай саясат жок” деп айтып жатат. Менин Атамбаевден эч кандай өчүм жок. Эл “Кетсин!” деп кыйкырып жатса кетсин деп айтпагыла деп атам. Мунун эмнеси жаман?!

— Сиз “Атамбаев Аксыда, Базар-Коргондо кимдин үйүндө жатканын, таң аткыча эмне болгонун билебиз. Муну азырынча айта элекпиз” деп айттыңыз. Эгер көп нерсени билсеңиз аны эмнеге ачык айтпай жатасыз? Коркутуп жатасызбы?

— Күнүмдүк сөздөрдү айта берүү саясатчынын сөзү эмес. Билем дегенден кийин президенттин өзүнө жетет. Мен эмне үчүн айтышым керек? Президент кандай болгонун өзү билет. Болгону эсине салып коюш керек. Шералынын чокою илинип турушу зарыл да. Кыргызда ушундай ыкма бар. Эсине салып коёт. Бул жамандык ой эмес. Душман сүйдүрүп, тууган күйдүрүп айтат дейт. Мен күйдүрүп айтып жатам. Азыр президенттин көзүн май басып кетти. Досторунун баарын ала кетем дейт. Ала кеткидей ал ким? Ал эмне Кудайбы? Эмне үчүн антип айтат? Өзү кетсе эле баары кетиш керекпи? Азыркылар кетип, жаштар келсин дейт. Интересно. Кытайда алтымыштан ашкандан кийин гана акыл-эсине эми келди деп бийликке алып бара баштайт. Мисалы, мен алтымышка келишиме дагы 3 жыл бар. Президент эмне үчүн баарын “похоронить” этип салды. Тапканы Бакиев менен Акаевдин айланасында жүргөн жаш балдарбы?! Аларга баарыбир, принцип деген жок. Алар эч убакта Текебаев, Атамбаев же Турсунбек Акун боло албайт. Азыркыларды канчалык жаман көрбөсүн, бул муун тарыхты баскан адамдар.

— Турсунбек мырза, сиз ажыга барып келген кишисиз. Ажыга барып келген адам катары президентке тескери бата берип коюшум мүмкүн дептирсиз. Катуу кетип калгандык эмеспи?

— Бул дагы Базар-Коргондогуну эске салуу болуп эсептелет. Тескери батаны мен бербейм, мен сыяктуулар берип коюшу мүмкүн. Мен сыяктуу ажы адамдар бар да. Балким мен же башка бирөө берип коюшу ыктымал. Мен ага барамбы-барбаймбы башка маселе. Андай жолго барышым оор. Президентке жамандык каалабайм. Бирок, кээ бир адамдар элге каршы иштесе, туура эмес иштерди жасаса, элдин намысына тийип, абийирин тепсесе эл тескери бата берип коюшкан. Кеп ошол жөнүндө жүрүп жатат.

— Үч күн убакыт берем, болбосо буга баш-отум менен кирип кетишим мүмкүн дедиңиз. Бул да коркуткан адамдын сөзү го?

— Ачкачылык жарыялап олтуруп алышым мүмкүн. Бул коркутуу эмес да. Атамбаев деле Акаевди кетириш үчүн эмнелерди гана кылбады. “Көрсөтөм, Кетсин, Акаев саткын, болбой калды” деп Атамбаев менин жанымда туруп айткан. Интернетте мурунку айткан сөздөрү менен азыркы айткан сөздөрүн жарыялап коюшуптур. Экөөсү такыр башка болуп жатпайбы. Атамбаев да пикет, митинг, революциянын аркасы менен бийликке келген. Мен дагы революция менен жүрөм. Атамбаев экөөбүз бирдей элебиз. Мен айткан сөздөрдү ал да айткан. Атамбаев деле Акаев менен күрөшкөндө ушундай ыкмаларды колдонгон. Күрөшүүнүн толтура ыкмалары бар. Өлкөдө кыйын эки саясатчы болсо ошонун бирин камап салды. Бул жакшылыкка алып барбайт. Чыгарбай камап койгону Текебаевге эмес, Атамбаевге жаман. Текебаев чай ичип коюп тынч олтурат. Атамбаев болсо сар-санаа болуп, эмне болуп кетет деп коркуп калтырап олтурат.

— Президент үчүн күчтүү оппозиционер Өмүрбек Текебаев гана болуп калгандай болчу. Парламенттин трибунасынан жалгыз өзү эле президентти баш кылып командасын алдактатып койгондой болгон. Текебаевди камоо менен оппозициянын үнүн биротоло өчүрөйүн деген принцип колдонулган жокпу?

— Кыргыз түгөнгөн сайын түтөгөн эл да. Бир Текебаевди сындырса калганынын баары сынып калбайт. Парламентте Текебаев сыяктуу оппозиционер калбай кала турганы чындык. Атамбаев айткандай Өмүрбек парламенттеги эркек “Теке” болчу. “Теке” деген эркек деген сөз. Аялдай болуп коркпойт. Парламентте оппозиция калбай калганы менен көчө оппозициясы күч алат. Көчөдө Текебаевди колдогондор табылат. Кыргыз элинин духун эч ким баса албайт. Атамбаевден күчтүү болгон Акаев, Бакиев да баса албаган. Бул экөөнө караганда Атамбаев өтө эле алсыз.

— Путин менен жолукканда президентибиз “Эки революцияны тең мен жасагам. Үчүнчүсүн жасабайм” деп айтты. Революцияда жүргөн киши катары терикпедиңизби?

— Жарыктык киши Путиндин алдында бир мактанып алайын деди да. Ал өмүр бою эле мактанып жүрөт. Бирок, кечээ өзгөчө мактанды. Кыргызстанды мен башкарып жатам, саясий погоданы жасаган менмин, менин күчүм ушундай дегендей кылды. Текебаевди камаганы да өзүнүн күчүн көрсөтүп жатат. Мен доллар менен мультимиллионер болгом дейт. Бул уят сөз. Акаевдин учурунда Атамбаев бизнесин сакташ үчүн Түркияга качып кеткен. Аксылыктардын аркасы менен кайра келген. “Аксылыктар силерге рахмат. Силердин аркаңар менен мен кайра келдим” деген сөзү жазылуу турат. 2005-жылдагы революция Аксынын аркасы менен болду. Ошол революцияда Атамбаев чыккан. Бирок кечигип келген. Мен Акаевдин кабинетинде анын креслосунда олтургандан соң Атамбаевдин колоннасы түштөн кийин келгени чындык. Мен революцияны жасагам деп айтканы болбойт да. Ал жерде Бекназаров, Отунбаева, Үсөн Сыдыков, мен жана башкалар болгон. Керек болсо Нурлан Мотуев жүргөн. Эң негизгиси Курманбек Бакиев болгон. Ошол киши лидер болчу. Бакиевди жаман көрсө эле мен лидер болгом дей береби. Андай болбойт. 2010-жылы да Атамбаев болгон эмес. Аны камап койгон болчу. Менин офисимдин жанына чогулган дейт. Эл деген Ак үйдүн жанына, мүмкүн менин офисимдин жанына чогулушу мүмкүн. Өзү элди баштап барып, Ак үйдү алган болсо бир жөн. Мактангандын да чеги болот го дейм.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: