Menu

Кабыл Макешов, журналист: Атамбаевдин мураскери ким болот же мураскер тууралуу бир икая

Бөлүшүү:

Келээрки президент ким болот?

Учурда коомчулукта келээрки президент ким болоор экен деген суроо көпчүлүктүн көңүлүн буруп, эл арасын түрдүү имиштер аралап жүргөн чагы. Алмазбек Атамбаев бир нече ирет маалымат жыйындарда, расмий жолугушууларда менде мураскер болбойт деп айтканы менен Ак үй, Көк үйдөгү билермандардын айтымында түн уйкусу бузулуп, тымызын мураскер издештирип жаткан сыяктуу. Алгач ажо мураскер катары эң алды Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов менен Сапар Исаковду, анан Иса Өмүркуловду же Чыныбай Турсунбековду, Сооронбай Жээнбековду, кийинчерээк Аалы Карашев менен Калык Султановду таптап жатыптыр деген имиштер эл арасына желдей тарап турган учуру. Деги дейт деген эле имиштер көп…Алгач Бишкек мэри Албек Ибраимов президенттик жарышка салууга ниет кылганы менен анысы Кой-Таштагы президентке “белек” кылган  3 гектардай жердин айынан жыдып калыптыр дешти… Бир вариант боюнча А.Ибраимовду мэрликтен кийин премьер, ал эми С.Исаковду Президенттик апппараттын жетекчиси кылып, анан Албекти мураскер болот деген ниет болгон дешкен божомолдор суу кечпей калды көрүнөт. Атамбаевдин “балашкаларынын бири” Сапар Исаков дале быша электигин, Түркиядагы “ооруган” учурунда маселелерди чечалбай, чийки экенин, мураскерге жарабасын далилдеп койду дешет адистер.  Ажонун дагы бир варинаты Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбековду алып чыгат имиш чыкты эле…  Айла кетсе түштүк таасирин басаңдатуу үчүн айла жоктон премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин сүрөөнгө алышы мүмкүн деген божомолдор да айтылып келаткан эле. Акыры Сооронбайды дагы артка түртүп, түштүктөн чочулагандыктан, Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташевдин бириккенинен кооптонуп, аларга каршы турса бир Аалы Карашев жарайт дегенби, айтор акыркы маалыматтар боюнча ушундай версия иштелип жаткан сыяктуу.  Ушул сыяктуу бүйүр кызыткан кеп-сөздөр желдей тарап, түрдүү ой-пикирлер айтыла баштады.  Чынында эле учурда көрүп, байкап жатасыздар, аткаруу кызматтарында КСДПнын таасирдүү адамы жок сыяктуу сезилүүдө. Алардын кадр саясаты аксап, кыйчалыш кырдаал түзүлүп турат окшойт…

Талапкерлер да  талпына баштады…

Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров биригип, президенттик шайлоого бир талапкер чыгарууга бел байлап,алар бирөөнү сүрөөнгө алууга бел байлап, азыртан даярдык көрө баштады. Дал ушул дымкатуу саясый күчкө дагы бир топ саясатчылар, учурдагы бийликтен ыдык, кордук көргөн коомдук ишмерлер да кошулуп, чооң күчкө айланып кетиши да ыктымал… Экинчи жагынан парламенттеги фракция лидерлери Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги партиялаштары тарабынан сунушталып, аламан байгеге карай аттанаары анык болуп калды. Ошол учурда  экс-премьер-министр Темир Сариев дагы өз алдынча күч топтоп, белдүү саясатчыларды өзүнө тартып, президенттик жарышка  ат тизгинин кое берээрин “Ак шумкар” партиясы айтып чыкты. Учурда УКМКнын абагында камалып турган белгилүү оппозиционер Өмүрбек Текебаевдин да талапкерлерин “Ата-мекен” партиясы бир добуштан колдоп, учурда анын рейтинги жогорулап баратканы да анык.

Мураскер ким болоор экен?

Албетте, туш тараптан кысып жаткан чакта  Алмазбек Атамбаев атаандаштарына туруштук бере турган ылайыктуу мураскер таба албай,  учурда айласы куруп турган учуру. Учурда Атамбаевдин айланасында, же анын ишенимине бекем кирген, топ жара турган көрүнүктүү ишмерлерден Иса Өмүркуловдон башка барандуу саясатчы жокко эсе болуп бараткансыйт. Акыркы мезгилде аппарат жетекчисине дайындалган Сапар Исаковго басым жасалгандай. Бирок, “оң колу” ишти алып кете алабы, эл ага ишеним көрсөтөбү, оппозициянын чабуулуна туруштук береалабы же компюьтер менен “ишти” бүткөрүп коюшабы??? Же кийинки учурда президенттин чет өлкөлөргө сапарларында коштоп барып жүргөн кеңешчиси, экс-министр Калык Султанов мураскер болушу да мүмкүн дешет адистер.  Балким ким билет? Суроо артынан суроо, азырынча ынанымдуу жооп жок. Мезгилдин мажбурлоосу, саясый оюндардын капшабы менен Өмүрбек Бабановдун бактысы ачылып кетиши да ыктымал. Ажодон ыдык көргөндөрдөн же оппозиция өкүлдөрүнүн бирөө кокус бийликке келип калышса, Атамбаевдин былыктары чыгып,  ачык куугунтукка кабылышы ажеп эмес да.

Мураскер тууралуу бир икая

Аргасыздан мураскер тууралуу бир икая эсиме түштү. Илгери бир Хан: “Мен карыдым, арыдым, кимиңер мага татыктуу мураскер болуп, эл-журтума тирек болосуңар” деп мыктыларын, жан-жөөкүрлөрүн, кеңешчилерин, акылмандарын жыйып, “мен силерге мына бул гүлдүн уруктарын берем. Кимиңер мыкты гүл өстүрүп келсеңер, ошол менин мураскерим болот” деп баарына гүлдүн үрөнүн таратат. Мураскерликке талапкерлер сүйүнүп, расмий каттоодон өтүп, үйлөрүнө кудуңдап жөнөшөт. Ошол үрөндөн алган элине ак кызмат кылсам деген жаш жигит, үйүнө келип, гүлдүн уругун эң таза идишке, эң мыкты жердин семиз топурагын салып отургузуп, күнүгө алыскы тоонун эң таза булагынан азап-тозок менен суу алып келип, сугарып, ар күнү күндүн жарык нуру тийсин деп, абдан камкордук менен гүлдү өстүрүүгө бардык аракетин көрөт. Күн өткөн сайын ал, “гүлүм өнүп чыкса, аны бапестеп өстүрсөм”- деп аруу тилек кылат. Күндөр өтүп, айлар жылса дагы, канчалык аракет кылса дагы  анын гүлү өспөй, убара, бушайман кылат.  Мураскерди аныктоочу белгиленген күн келип, тиги жигиттин үйүнүн жанынан укмуштай кооз гүлдөрдү көтөргөн Хандыкка талапкерлер шаңдануу менен өтүп жатканын көрүп,  жигит аябай ызаа болот. Баласынын чындап аракет кылганын, мээнетин байкаган атасы: -Уулум сен гүл өстүрүү үчүн бардык аракетиңди көрдүң. Хан алдына барып,  канчалык аракет кылсам дагы гүлдү өстүрө алганым жок деп чындыкты айт. Сенин башыңды алып алмак беле. Абдан аракет кылганыңа кошуналар деле күбө эмеспи, -деп уулун Ханга жөнөтөт. Жигит колуна гүлү өспөгөн идишин далил катары көтөрүп, хан алдына өзүн күнөөлүүдөй сезип, маанайы жок барат.

Хан укмуштай кооз гүл өстүргөн шакирттерине, мыктыларына көңүл бурбай, гүлү өспөй маанайы пас четте турган жигитти колунан жетелеп келип, “ Мына ушул жигит менин мураскерим болот” деп, жигитти ортого алып чыгып, салтанаттуу түрдө расмий жарыя кылат.Тиги кооз, укмуштай гүл өстүргөн  “мыктылар” “биз укмуштай кооз гүл өстүрүп келсек, неге ушу гүлү өспөгөн немени мураскер кылып жатасыз” дешип, Ханды жаалап киришет. Ошондо Хан: -Ушул жигит гана чынчыл, ак ниет, калп айтпаган адам экен. Себеби, мен баарыңарга берген гүлдүн үрөнү куурулган, өспөй турган үрөн болчу. А силер мени алдап, башка үрөндөн гүл өстүрүп, көз боемочулук, алдамчылык кылып келдиңер” деген экен.  Ошентип, чынчыл, ак ниет жигит Хандын мураскери болуп, эл-журтун адилет башкарып, калк кадырлаган  адилет, калыс Хан болуп калган экен.

Биздин элибизге да адилет, калк камын көргөн мураскер же талапкер табылаар бекен?!…  Ай ким билет? Чынында эле кыргыз элинен да “бычакка сап” жигиттерден бир татыктуу талапкер табылышы да  толук ыктымал. Эгер учурдагы бийлик бут тоспосо… Марага “күлүктөр” кое берилгени турат, кимисин элибиз сүрөөнгө алып, озуп чыгаар экен.  Же жердешчиликтин айынан далай мыктыларга бут тосулаар бекен???

Кабыл Макешов,  эркин журналист.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: