Menu

Сузак районунун билим берүү тармагын мурда соттолгон киши жетектеп калды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына мурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен соттолгон, ишиндеги кемчиликтери себептүү мектеп директорлоугунан бошотулган Алмазбек Бечеловду дайындады. Азыркы күндө бул жетекчи райондун бүтүндөй элге билим берүү тармагын жетектеп, келечек муундарга таалим-тарбия берүү ишин колго алды. Мындай маалыматты Жалал-Абад облусунун тургуну Нурболот Бекишев билдирди.

А. Бечелов мурда райондук айрым бийлик структураларында иштеп жүргөн, билим берүү тармагында да иштеп көргөн. Бирок, 2006-жылы 25-апрелде Сузак райондук соту тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 184-статьясынын 1-бөлүгү, 166-статьясынын 2-бөлүгүнүн 4-пункту, 166-статьясынын 3-бөлүгүнүн 2-пункты менен күнөлүү деп табылып, жаза катары 6 жылга эркинен ажыратылган. Бирок, сот айрым жеңилдетүүчү жагдайдарга көңүл буруп, 3 жылдык сыноо мөөнөтү менен жазаны аткаруудан бошоткон. Ага чейин ал баш коргоо чарасы катары камакта жаткан.

Кийин А. Бечеловдун апелляциялык арызы менен бул ишти Жалал-Абад областтык сотунун коллегиясы карап, Сузак райондук сотунун өкүмүн бузуп, бирок Кылмыш-жаза кодексинин 171 статьясынын 1-бөлүгү менен күнөлүү деп таап, 1 жылга эркинен ажыраткан. Бирок, кайра эле КЖКнын 68-статьясы боюнча жазаны өтөөдөн бошоткон.

Мындай соттук жазага кириптер болушуна А. Бечеловдун айрым кылмыш аракеттери себеп болгон. Ал айылдык Сагынбек Тапаев аттуу жарандын муктаждыктарынан пайдаланып, ага Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде таанышы барлыгын, ага мамлекеттик ссуда алып берерлинин айтып, андан жалпысынан 17 миң 400 сом акча алып, кийин убадасын да аткарбай, акчаны өз кызыкчылыгына жумшап жиберген.

Кийин ал Сузак районундагы О. Тажибаев атындагы орто мектепте директор болуп жүрүп, системалык түрдө ишке чыкпай, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилигинин буйругу менен кызматтан алынган.

Эми ушундай жүрүм-туруму менен жалпы районго аты чыккан кишини Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги 4 миңден ашуун ак ниети менен таза иштеп жаткан мугалимдердин жетекчиси катары баалап, сый-урмат менен дайындаганына райондогу мугалимдер таң калып жатышат. Мындай кадрды райондун жакында эле соттолгон акими да колдоп жатканы кызык. Калыбы, тынч жаткан Сузак районундагы билим берүү тармагында тополоң чыккан калды окшойт.

Сузакты жалаң соттолгондор башкарабы?

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 21 = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: