Menu

Семетей Талас уулу, журналист: «Коррупционер» ярлыгы менен саясий күчтүү оппоненттерди “торпок кезинде сүзүп коюу”, “көчүгүнө калбыр байлап”, тизгиндөө процесси жүрдү»

Бөлүшүү:

 

“Алла-Тааладан коркпой, арам-адалды ылгабай байлык топтоп, байлыгын сактап калуу максатында бийлигин узартууга жан талашып аткан немелерге катардагы карапайым бир кишинин кайрылуусу эмне берет?”

— Семетей мырза, кандуу 7-апрель окуясына толугу менен 7 жылдын жүзү болду. Ошол күндү эстегенде көз алдыңызда эмнелер калды?

— Ал каргашалуу күндү эстегенде, көз алдымда аянтта боо-боо түшкөн шейиттер, кезек-кезеги менен тынбай атылган автоматтын үндөрү, асфальттын бетине жайылып аккан жошолонгон кан, өрттөлгөн автоунаалар, бир качып бир кайра кубалаган жаалданган, арданган эл, башында душман менен урушканы келгенсиген айбат менен келип кайра токмок жеп качкан спецназ – милисалар, УКМКнын имаратынан элдин күчү менен бошоп алып жоонтоп жандоочторунун коштоосунда караламанга артын салып качып бара жаткан оппозиция лидерлери, согуш талаасында жарадарларды ташуучу окоп сымал ок тийген митингчилерди арасынан ала чуркаган “Илбирстин” мрамор аркалары, Киев көчөсүнө тынбай келген тез жардам машиналары көз алдыма тартылат. Каргашалуу күн. Өлгөндөрдү жоктогонсуп жамгыр тынбай жааган күн.

— Ошол күндөгү максаттар, тилектер аткарылды деп айта аласызбы? Дагы деле ошол күндүн кайталанып кетиши мүмкүн дегендер чыгууда. Кээ бир 7-апрель баатырлары “ошол күнү бекер эле чыгыптырмын, баары бир заман оңолгон жок” деп көп айтышат. Сиз эмнеге өкүнөсүз?

— Кандайдыр бир өлчөмдө өзгөрүү болду. Эсеби маселен, ортозаар ишкерден тартып, миллиондорду уучтаган олигархтарга чейин салык салган кара дүйнөнүн ал өкүмзордугу токтоду. Чаламандын чак түшүндө атып кетмей, уурдап кетмей деген бийлик менен криминалдын чогуу жүргүзгөн бийлигинен кутулдук. Бирок тилекке каршы, энергетика, Кумтөр маселеси эл күткөндөй чечилбеди. Электр энергиясына болгон төлөм Бакиев мезгилинен да өйдө көтөрүлдү. Тээ Акаев андан кийинки Бакиев мезгилинен бери уурдалган энергетикадагы 100 миллиондогон доллар акчалардын, ага шарт түзүп берген «серый» схемалардын дайыны табылбады. Энергобарондордун эч кимиси жоопко тартылган жок. Бажыкана системасында дагы олуттуу реформа болбоду, коррупцияга каршы. Ал жердеги миллиондорду урдамай дале уланып атат. Дегеле коррупцияга каршы күрөш жүргөн жок. Анын ордуна “коррупционер” ярлыгы менен саясий күчтүү оппоненттерди “торпок кезинде сүзүп коюу”, “көчүгүнө калбыр байлап”, тизгиндөө процесси жүрдү. Бул саясий кампания жакшы ишке ашты. Азыр бул бийликке реалдуу коркунуч туудурган атаандаш жок. Коркунучтуулары кордук көрүп зынданда жатат. Кыргызды экономикалык дефолттон чыгарчу “Кумтөр” 7 жыл ичинде Кыргызстандын пайдасына чечилбеди. “Жерүйдүн” тагдыры белгисиз. Азыр интернетте “Жерүйдү” 100 млн долларга өнөктөштөрү менен сатып алган Бабанып аны кайра 600 млн долларга спекуляциялык ыкчамда пулдап жиберди деген каңшаар күч. Ошол эле Бабаныптын компаньону, “Кыргызгазды” баш-аягы 400 млн сомго отургузуп, ортодогу миллиондорго туйтунган Пирматып бүгүн Албектин бизнес-өнөктөшү. Кытайдан алынган кредиттерге кытайлык компаниялар жол салып берип атышат. Келечекте ал акчаны биз төлөйбүз, “откатын” азыркы арамдар алып атышат. Айтор ушундай… Бирок мен 7-апрель күнү Бакиевдин криминалдык, Рысбек менен Баяманды баш кылып далай кыргыздын чыгаандарынын башын жеген бийлигине каршы митингге чыгып, эртең менен Форумдан баштаган, кечинде Акүй алынганга чейин жүргөнүм үчүн эч өкүнбөйм

— “7-апрелди эл жасады, пайдасын бир ууч атка минерлер көрүп жатат”- деп жазыптырсыз. Дагы деле төңкөрүш жасасак бир ууч атка минерлер пайдаланып кетишет да. Ошол убактагы убактылуу өкмөттүн башында олтургандарга айтаарыңыз бардыр?

— Тилекке каршы революциянын жасаты, жолу ушундай экен. Байкуш фанаттар керек десе башын сайып төңкөрүш кылат экен дагы, анан алар тез эле унутулуп үзүрүн ашкебилер көрөт экен. Кийинки 3-революция болбой эле койсун, себеби ал жарандык жаңжал менен коштолушу мүмкүн. Ал эми бийлик башындагыларга айтар сөзүм деле жок, Алла Тааладан коркпой, арам-адалды ылгабай байлык топтоп, ошол чириген байлыгын сактап калуу максатында бийлигин узартууга жан талашып аткан немелерге катардагы карапайым бир кишинин кайрылуусу эмне берет дейсиз?… Акыретте эл астында, Жараткан астында сөзсүз жооп беришет да. Кайда барышмак эле?

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: