Menu

Сулуулукка акыл, ыйман төп келсе…

Бөлүшүү:

Учурда “Кыргызстан сулуусу-2017” сынагы калыс өткөн жок”- деген ой-пикирлер коомчулукта кызуу талкууга алынууда. 5-апрелде аталган сынактын финалдык туру өтүп, анда Бегимай Карыбекова жеңүүчү аталган. Бирок катышуучулар, тарабынан сынактын төмөн деңгээлде өткөнү, уюштуруучу Таттыбүбү Самидин кызы сынак болчу күнгө 4 күн калганда кыздарга 30дан билетти 500сомдон мажбурлап саттырганын, даярдоо учурунда катышуучуларды кемсинткен, жаман ыпылас сөздөр менен сөгүнгөн сөздөрү жазылып алынган аудио, видеолору социалдык тармактарга тарап кеткен. Жүзүнүн сулуулугуна таянып, ыйманынан ажырап калганбы, айтор дагы бир катышуучу Алтынай Абдымомунованы финалга бир күн калганда сынактан четтетип салган. Ал кызды финал күнү сынак өтүп жаткан жайга атайын күзөтчүлөрдү коюп киргизбей, ал гана эмес уюштуруучу өзүн эр сезип сыртка чыгып, акылга сыйбаган жаман сөздөр менен кыйкырган видеосу жарыкка чыккан.

Ошондой эле калыстар тобунун мүчөсү ырчы Айгерим Расул кызы да социалдык тармактагы өздүк баракчасы аркылуу сынактын бир нече катышуучулары нааразычылыктарын айтып, скриншотторду жиберип жатышкандарын, сынак төмөн деңгээлде өткөнүн, сынактын жеңүүчүсү алдын ала дайындалгандыгын айтып чыккан. Кыргыздын атын дүйнөгө тааныта турган сулуулардын тагдырын тажрыйбасыз, 21 жаштагы кыз чечип коюусу туурабы? Мисалы, Орусияда сулуулук дүйнөсүндө 20 жылдан ашык тажрыйбасы бар инсандар кастингге калыс катары чакырылып, алардын тандоосу менен финалга өтүшсө, коңшу Казакстан өлкөсүндө финалдык турда дүйнөлүк сулуулар конкурсунун жеңүүчүлөрү жана эл аралык мода тармагынын өкүлдөрүн чакырышат жана ар бир кыздын сулуугуна гана эмес мүнөзүнө, терс сапаттарына да өзгөчө көңүл бурушат. Ал эми быйылкы жылдын жеңүүчү аталган Бегимай Карыбекова ММКларга өзүнүн бай экенине чиренип “3 сааттык фотосессияга 2 миң евро төлөп беришет, учурда Сингапур, Гонконг, Филиппин, Таиланд өлкөлөрү менен келишим түзүп ар бир мамлекетте 2 айдан иштейм” деген маалыматын таратты. Кыязы, Бегимай күрөктөп тапкан акчасына таажысын сатып алса керек деген ой кетет. Анда эмесе сынакка нааразы болгон күбөлөрдүн сөзүнө назар салыңыз.

Алтынай АБДЫМОМУНОВА, финалдан четтетилген катышуучу:

“Таттыбүбү адепке сыйбаган жорук көргөздү”

– Алтынай, эмне себептен сени сынакка катыштырбай койду?

– Башка кыздардай эле башында мен дагы келишим менен таанышып алдын ала 5000 сомумду берип, даярдоого келип жүрдүм. Таттыбүбү финал болуучу күнгө 4 күн калганда ар бирибизге 30 билет берип “500 сомдон саткыла. Ким сата албаса, финалга кирбейт” деди. Бирок билет сатуу милдети келишимде көрсөтүлгөн эмес. Менде анын “катышуучу өз чөнтөгүнөн билеттин акчасын берсин” деп айткан сөзү сакталуу. Мен аз эле билет сатканга жетиштим. Катышуучулардын көбү билеттердин баарын сата алышкан жок, бирок уюштуруучу мени гана катыштырбай койду.

– Сынактан четтетилгениңди качан билдиң?

– Финал 5-апрелде болсо, мен 4-апрель түндө билдим. Ага чейин берген билеттерин колуман келишинче сатып акчасын төгүп, көйнөктөрүмдү тиктирип, макияж, чач жасалгалоо үчүн алдын ала жазылып койгом. Финал күнү көйнөктөрүмдү алып, башка кыздардай эле даярданып келгем. Атайын даярдалган күзөтчү мени киргизбей койду. Эмне үчүн киргизбей жатканын түшүндүргөн жок. Мен ал сынакка көп акчамды, убактымды короттум. Анын баарын ата-энем төлөгөн. Аларга уят болдум. Ызаландым, ыйладым. Сынак ортолоп калганда Таттыбүбү чыгып, мага кыйкырып, адепке сыйбаган жорук көрсөтүп кирип кетти.

– “Сынактын жеңүүчүсү Бегимай Карыбекова уюштуруучунун жакын таанышы”- деген чынбы?

– Ооба, Бегимай менен Таттыбүбү көп жылдардан бери тааныш жана курбулардан экен. Өткөн жылы “Кыргызстан сулуусу-2016” конкурсунда дагы өзүнүн айылдашы, алыс тууганы, курбу кызы Перизатка биринчиликти алып берген. Бул туурасында өткөн жылы ал сынакка катышкан кыздар айтып жатышат.

– Укук коргоо кызматкерлерине кайрылдыңбы?

– Сынак өтүп жаткан күнү эле Октябрь райондук ИИБсине жана Каржы полициясына Таттыбүбүнүн үстүнөн доо арызымды жазгам. Ал эми мен сыяктуу материалдык жана моралдык жактан жабыркаган быйылкы жана былтыркы жылдын катышуучу кыздары дагы доо арыздарын жазышты. Учурда уюштуруучуга кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Эльнура КУБАНЫЧБЕКОВА, сынактын катышуучусу:

“Жеңүүчү кыз тандоо турларына катышкан эмес…”

– Улуттук конкурс болуп жаткандан кийин мамлекеттик деңгээлде, Маданият министрлигинин өкүлдөрү же кадыр-барктуу, тажрыйбалуу инсандардын катышуусунда өтсө жакшы болмок. Катышуучу катары нааразылыгым көп. Мисалы, башында аванс катары 5000 сомдон алып жатканда бизге “финал күнү макияж, чач жасоочу мастер, стилисттер болот, көйнөктөрдү өзүбүз тигип беребиз”- деген көп убадаларды айткан. Бирок финалда мастерлер, стилисттер дагы болгон жок. Көйнөктөрү арзан кездемеден тигилип, жагымсыз жыттанып турду. Таттыбүбү финалга бир күн калганда ар бирибизге берген 30 билеттин акчасын “ата-эне, туугандарыңардан сурагыла” деп доолап, түнкү он бирге чейин кыйнап отурду. Сарсанаа болгон ата – энелерибиз келип акчасын төлөп алып кетип жатты. 2 ай ичинде так санабаганда 70 миңден ашык акча, убактым кетти. Ошондон кийин 2016-жылы артып калган, эч кандай мөөрү, колу жок дипломду тапшырып, 1-2-3 тандоо турларына келбей, бир айдан кийин кайдан-жайдан пайда болуп калган Бегимай Карыбековага баш байгени ыйгарып койду. Ал эми жеңүүчү финалга чейин эле дүйнөлүк  сулуулар конкурсуна катышууга көйнөк буйрутма  бергенин дизайнер айтып берди.

Оруна ШАБРАЛИЕВА, ”Fashion Style Company Kyrgyzstan” компаниясынын директору:

“Таттыбүбү коомчулукка өзүнүн уятсыздыгын көрсөттү”

– Таттыбүбү кыргыздын кызы катары өзүнүн адамдык сапатын сакташы керек. Анткени, анын тартипсиздигин видеолордогу сүйлөгөн сөзүнөн байкасак болот. Адам болгондон кийин жай отуруп Алтынайга болгон шартты түшүндүрсө мынчалык чуулгандуу окуяга айланмак эмес. Убактылуу иш үчүн бой көтөрүп, элге уят болуп, төмөн деңгээлде өткөрбөй койсо жакшы болмок. Сынактан кийин мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кучактап түшкөн сүрөттөрү чындык эмес экени билинип калды. Бүткүл өлкөнүн жүзү болуп жаткандан кийин намысын сактап, сулуулугу менен адамдык сапаты менен башкаларга үлгү болуш керек эле. Бирок, Таттыбүбү өзүн ким сезип алганын билбейм? Коомчулук үчүн анын кылган иши жана сүйлөгөн сөзү өтө эле уятсыздык.

Р.S: Макалабыз бир тараптуу болбошу үчүн уюштуруучу тарапка байланышууга аракет кылганыбыз менен эч кандай жооп бере алышкан жок. “Чынында эле тажрыйбасыз жаш кызга улуттук сынакты өткөрүүгө ким уруксат берди?”- деген суроо жаралат. Бул суроого жооп алуу үчүн КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлдөрүнө кайрылганыбызда улам бири-биринин телефон номерлерин берип отуруп аягында “Кыргызстан сулуусу” сынагынын бизге эч кандай тийешеси жок” – деген жоопту алдык.

Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − 92 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: