Menu

Нарынбек Түлеев: Сот “Нарынбек Түлеев Нариман Түлеевдин бир тууганы болгондуктан мүлктөрүнөн ажыратылсын” деген чечим чыгарабы?!

Бөлүшүү:

— Нарынбек мырза, сиздин бир тууган агаңыз Нариман Түлеевге мыйзамсыз сот чечими чыкканын баары жакшы билет. Азыр анын үй-бүлөөсүнө, бир туугандарына, ата-энесине, жакындарына тийиштүү болгон мүлктөрдү мамлекеттин пайдасына өткөрүү маселеси да көңүл чордонунда болуп жатат. Сиз бул ишти өлкөдөгү башаламандык, рейдерлик басып алуу деп кайрылуу жасадыңыз. Сиздерге таандык мүлктү кандай чечимге таянып конфискация кылгылары келип жатышат?

— Мен сөзүмдүн башында эле бир тууган агам Нариман Ташболотовичке соттор тараптан мыйзамдын чегинде эмес, саясий чечим чыкканын баса белгилеп айтып кетейин. Баарын мезгил өз ордуна коёт эмеспи. Нариман Ташболотовичтин ак жеринен күйгөнү да учуру келгенде айтылат. Ал эми бийликтин анын үй-бүлөсүнө, ата-энесине, бир тууган, жакындарына тийиштүү болгон мүлктөрдү мамлекеттин пайдасына өткөрүү иши азыркы кезде көпчүлүктүн көңүлүн бурдуруп жаткан морадёрчулуктун жаңы ыкмасы. Же болбосо көз көрүнө эле рейдерлик жол менен бирөөнүн жеке менчигин тартып алуу деп айтса болот. Агама козголгон кылмыш ишинен кийин атама, апама, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө, бир туугандарына, жакындарына тийиштүү болгон мүлктү да камакка алуу чечимин чыгарышкан. Ушундан эле ошол кезде жогор жакта отуруп, сотторго, прокурорлорго таасир эткен чиновниктер бизден акча алууну көздөгөн деп түшүнсө болот. Камакка алынган мүлктөрдү чыгарып беребиз деген адамдардын ою эмне менен бүткөнүн эл жакшы билет. Биринчиден, Нариман Ташболотовичти атасы же бир туугандары колунан кармап жетелеп жүргөн жаш бала эмес. Ал өзүнө-өзү жооп бере алчу, болгондо дагы элдин оозуна алынып калган белгилүү инсан. Ага карата ачылган кылмыш ишине атасынын, апасынын, бир туугандарынын, балдарынын мүлктөрүн кошуп камакка алуу деген акылга сыйбай турган көрүнүш. Биздин үй-бүлөгө өз алдынча чечим чыгара албаган, адилет деген сөздөн кур калган, абийирсиз соттордун, дүнүйө дегенде көздөрү кызарган айрым бир таасирлүү фигуралардын мыйзамды сыйлабай, өзүм билемдик менен жасаган иштери үчүн жооп берчү күн да келет. Азыр булар Ивановду соттосо, Петровдун оокатын тартып алгандай эле иш жасап жатышат. Мүлктөрдү камакка алууда ошол кездеги башкы прокурор Аида Салянова баш болуп, анын кол алдында иштеген Салиев төш болуп аракет көрүшкөн. Бул иш 2012-жылы эле башталган. Ошондон бери ызы-чуу уланып келе жатат. Бүгүн бир гана Нариман Түлеевдин гана эмес, бүтүндөй Түлеевдердин үй-бүлөлөрүнө, бала-чакасына таандык мүлккө көз артып олтурушат. Мен бүтүндөй кыргыз эли, коомчулук билиши үчүн негизги нерсени баса белгилеп айтып коёюн. Нариман Түлеевге карата чыгарылган соттун чечиминде “Түлеевдин мүлктөрү мамлекеттин пайдасына өткөрүлсүн” деген чечим жок. Нариман Ташболотовичтин жеке өзүнө таандык болгон мүлктөрдү конфискация болсун деген чечим сот тарабынан чыкпагандан кийин анын атасына, бир туугандарына таандык болгон мүлктөрдү кайсыл негиз менен мамлекеттин пайдасына алат? Эгер мыйзамдын үстөмдүгү орногон өлкө болгонубузда азыркы ишти жасап жаткан адамдар эбак эле түрмөгө олтурушмак. Баары мыйзамдын чегинде жүрүп жатат дешсе, бизге, жалпы кыргыз элине, өлкөдөгү абалга көз салып турган дүйнөлүк коомчулукка “Нариман Түлеевдин жана анын жакындарына таандык мүлктөр мамлекеттин пайдасына өткөрүлсүн” деген чечимди көргөзбөйбү? Андай чечим жок. Булар өкүмзордук менен гана иш алып барып жатышат. Ушундан кийин башаламан, мыйзамдын үстөмдүгү орнобогон өлкөгө айланып баратабыз деп айтсак болобу?

— Жалпы эле Түлеевдерге таандык болгон мүлктөр мамлекеттин пайдасына өтсүн деген соттун чечими жок экенин мыйзамдын негизинде далилдегенге аракеттер болдубу?

— Ушул ызы-чууну салып жаткан сот бийлиги болуп жатпайбы. Өздөрү эмне деп чечим чыгарганын так айта албайт. Анан кайдагы акыйкаттык? Кантип адилеттүүлүк жөнүндө сөз кылабыз? Биз мыйзамды сыйлаган жаран катары сотко бир канча жолу кайрылганбыз. Бир да сот биз жазган арызды өндүрүшкө алган эмес. Азыр да албай жатат. Себеби, алар коркушат. “Жогор жак менен чечишип келгиле, алар уруксат берсе гана ишти өндүрүшкө алабыз” деп жогор жакты карашат. Мына, биздин адилеттүү чечим чыгарат деген сотторубуздун чыныгы жүзү.

— Камакка алынган мүлктөрдү чыгарууга жардам берем деген Данияр Нарымбаев акча алып, темир тордо олтуруп чыкты. Сизден дагы акча сурап, ортого түшүп, мүлктөрдү чыгарып берем деген адамдар болгонбу?

— Мени Жогорку Кеңештин азыркы төрагасы, ошол кездеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков телефон чалып чакырган. Ал кишиге эки жолу барып жолуккам. Жолугушуу учурунда “Атамдын, апамдын, бир туугандардын, балдардын мүлктөрү Нариман Ташболотовичтин ишине кандай тийешеси бар? Мунун баары мыйзамсыз болуп жатпайбы?” десем, азыркы парламенттин төрагасы “Туура, мыйзамсыз болуп калыптыр. Мен чечип бергенге жардам берейин” деп сөз берген. “Кат жазып кел” деди. Кат да жазып барып бердим. Кийин Нариман Ташболотовичтин кызын “Данияр Нарымбаев менен жолуктурабыз” деп чакырышыптыр. Мени ал жакка чакырган жок. Жаш кызды улам-улам чакырышчу. Кандай максатта чакырганын, эмне талап кылганын, анын аягы эмне менен бүткөнүн өзүңөр жакшы билесиңер. Мүлктү акча кылуу максатында гана камакка алышкан. Данияр Нарымбаев чын дили менен жардам бергиси келсе, мыйзамсыз иштерге көз жумуп коё албай турган инсан болсо жаш кызды кайра-кайра чакыртпастан, биз менен эмне үчүн жолукпайт? Ачык эле айтып коёюн, акча алганы чындык.

— Мүлктү мамлекетке алабыз деген тийиштүү органдар кандай чара көрүп жатышат? Түлеевдерге таандык соода борборлорунда өз оокатын өткөрүп жаткан соодагерлерге да кысым болуп, коркутуу жүрүп жатканы чындыкпы?

— Конституцияда жеке менчик кол тийгис деп көрсөтүлгөн. Түлеевдердин мүлктөрүн конфискация кылуу үчүн баарыбызды соттошу керек. Атам, апам, бир туугандар, бир туугандардын балдары, Нариман Ташболотовичтин үй-бүлөсүнөн бирөө да козголгон кылмыш ишинде жоопкер болгон эмес. Ал тургай күбө катары да суралбаган. Мүлк тууралуу бир да сот отурумунда сөз болбогон. Анан кантип мүлктү мыйзамдуу жол менен конфискация кылабыз деп айта алат? 2010-жылдагы морадерчулук токтобой, азыр дагы уланып жаткандай эле элес калтырып жатат. Соттун чечиминде мүлктөрдү конфискациялоо тууралуу бир сөз жок экенине карабай, тапшырманы аткарган тийиштүү органдар күнүгө келип, имаратты бошотуп бергиле деп кетишет. Сот мыйзам чегинде Түлеевдердин ар бирине конкреттүү чечим чыгарсын. Ошондо гана биз ал чечимди аткарганга милдеттүү болобуз. Биз ал чечимди аткарабыз. Сот “Нарынбек Түлеев Нариман Түлеевдин бир тууганы болгондуктан мүлктөрүнөн ажыратылсын” деген чечим чыгарабы?! Ушундан коркуп жатышат. Чечимди алып келгиле, анан биз бошотуп беребиз. Эч кандай чечим жок биз бошотпойбуз. Биз чечим жок болсо деле баарын өткөрүп беришибиз керекпи? Азыр Финансы полициясы, Мүлк фонду чуркап жүрүшөт. Соода борборлорунда иштеп, үй-бүлөсүн багып жаткандарды дагы кыйнап атышат. Алар ижара акысын төлөп иштеп жатышат. Биз салыкты төлөп жатабыз. Мыйзам бузуу биз тараптан болгон жок. Мыйзамдын чегинде гана иш алып баруудабыз. Бул башаламандыктын аягы эмне менен бүтүшү да табышмак. Мен коомчулукка кайрылуу жасадым. Чындык биз тарапта экенине ишенем. Мыйзамсыз иштер уланып жатканын көргөн бейөкмөт уюмдар жардам берүүгө даяр экенин билдиришти.

— Нариман Ташболотович да маалымат каражаттары аркылуу президентке кайрылуу жолдоду эле. Сиз дагы президентке кайрылып көрдүңүзбү?

— Кечээки менин кайрылуум биринчиси эмес. Президентке эле эмес Жогорку Кеңешке, Өкмөткө, Башкы прокуратурага бир нече жолу кат жазып кайрылгам. Жооп болгон эмес. Россия Федерациясынын Юстиция министрлигинин алдындагы соттук экспертиза борборуна Нариман Ташболотовичке карата чыгарган соттун чечиминде Нариман Түлеевдин, анын бир туугандарынын, жакындарынын мүлктөрү мамлекеттин пайдасына конфискация болсун деген термин бар же жок экенин экспертизадан дагы өткөрдүк. Ал жактан “Соттун чечиминде Нариман Түлеевге, анын бир туугандарына, жакындарына таандык болгон мүлктөрдү мамлекеттин пайдасына конфискация болсун деген маалымат жок” деген жыйынтык келди. Мен мыйзамсыз иш аракетке макул болуп, олтуруп калбайм. ООНго чейин үнүмдү жеткизгенге аракет кылам. Мыйзамсыз иш аракеттерди ашкерелейм. Өзүбүздүн өлкөдө кайрыла турган адам деле калбай калды. Эл аралык соттор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатам. Мындан кийин эл аралык масштабга чыгабыз.

— Конфискация болушу керек деп аткан мүлктөр Нариман Түлеев мамлекеттик кызматка келгенден кийин пайда болгонбу?

— Азыр талашып жаткан мүлктөрдүн ичинде өткөн кылымдын токсонунчу жылдарында алган мүлктөр бар. Атамдын маңдай тери, ак эмгеги менен тапкан мүлктөр. Аны бир жерден уурдап алган эмес. Ал киши курулуш компаниясын ачып, өзү үй салып, салган үйлөрүнөн неберелерине, балдарына деп бирден квартира алып калчу. Атабыз эмгек сиңирген курулушчу болчу. Эс алайын дегенди билчү эмес. Конфискация болушу керек делген “Караван” соода борборун атам өзү салган. Өзүнүн атына катталган болчу. Ал Нариман Ташболотович Бишкекке мэр болуп келгиче эле ишке кирген. Нариман Ташболотовичке карата кара өзгөйлүк, жасалма, саясаттын ыплас ыкмалары коштогон иш козголгондо, атабыз чындык үчүн өмүрүнүн аягына чейин күрөшүп, бул дүйнө менен кош айтышып кете берди. Көзү тирүү кезинде мүлктөрүнүн баарын балдарына, неберелерине бөлүп берген болчу. Бүгүнкү күнгө чейин неберелерине чоң атасынан калган белекти каттата албай жатабыз. Чоң атасы белекке берген мүлктү кантип конфискация кыла алат? Мыйзамсыздыктын жеткен чеги ушул да. Мамлекеттик мүлк фонду апама катталган квартираны туура эмес чечим болуп калыптыр деп кайтарып жатат. Апамдын квартирасы туура эмес чечим болуп калган болсо, калган мүлктөр да туура эмес, мыйзамсыз камакка алынган болуп жатпайбы. Бир мүлктү бөлүп алып, ушул туура эмес чечилип калыптыр, калганы туура экен деген да күлкүлүү көрүнүш. Бул дагы мыйзам кээ бирөөлөр тарабынан каалагандай бурмаланып жатканынан кабар берет.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: