Menu

Камила Талиева, экс-вице-премьер-министр: «Илим чөйрөсүндө, билим берүү тармагында тынымсыз эмгектенип жатам»

Бөлүшүү:

 

— Камила Абдразаковна, чоң кызматтан кеткенден кийин саясый айдыңда көп көрүнбөй калдыңыз? Эмне менен алектенип жүрөсүз?

— Саясаттын чордонунда жүргөндө көчөгө чыгып митингдерде жүрүп, же болбосо айкырып-кыйкырып эл чогулган нараазычылык акцияларында жүргөн айрым саясатчы аялдарга окшоп көчөгө чыккан жокпуз. Ошондой жерлерде жүрбөсөк дагы илим чөйрөсүндө, билим берүү тармагында тынымсыз эле эмгектенип жатабыз. Буйруса доктордук диссертациямды бүтүрүп, жактоо астында турам. Китептеримди, макалаларымды чыгарып жатам. Илим ийне менен кудук казгандай көп эмгекти талап кылат, убактым ошого кетет. Студенттер менен азыр Көл кылаасындагы Жети-Өгүз районуна барып практикада жүрүп келдик. Жакында Чоң- Кеминди кыдыралы деп жатабыз, Элдин ичин кыдырып, фольклор жыйноо менен убакыт өтүп жатат. Студенттер чогултуп келген материалды биздин окуу жайдын ректорунун жардамы менен китеп чыгарганы жатабыз, буйурса коомчулукка жеткиребиз деп турабыз. Ушуга окшогон иштер менен алекмин. Саясаттан деле таптакыр четтеп кеткен жокмун. Массалык маалымат каражаттары менен дайыма баарлашып, курч маселелер болуп калат, ага пикирлеримди билдирип турам. Кыргызстан акыркы эки жылдын ичинде саясый окуяга абдан эле бай болуп кетпедиби. Коомдогу болуп жаткан ар кандай окуяларга коомдук пикир айтылып, сөзсүз түрдө саясатчы калыстык пикирин билдирип турушу абзел. Мен дагы саясатта жүргөн киши катары биринчи куралым акыйкатчылык, андыктан калыстык сөзүмдү айтып турууга милдеттүүмүн. Же бирөөгө жагат эле же жакпайт эле, минтип айтсам кысым болот эле деген ой менен жашабайм. Пендечиликке алдырбай саясатчы болгондон кийин чыдаш керек. Коомдогу эл ичиндеги чындыкты айтып туруу биздин парзыбыз. Мына ушундай иштер менен алекмин.

— Саясат деп кеттик, бүгүнкү саясый абалга кандай баа бересиз?

— Бүгүнкү саясый абалды мен жакшы деп айта албаймын. Опур-топур заманда жашап жатабыз. Адамдын тагдыры менен ойноп, мыйзамдуу иш аракеттер жүрбөй жаткандай пикир калтырып жатышат. Мыйзамдуу, эгемендүү мамлекетте жашайбызбы бул эмне деген көрүнүш деп жан дүйнөң кадимкидей эзилип, кээде жооп таап же таба албай түйшөлгөн учурларда жашап жатабыз. Жашоо деген бумеранг. Кээ бир адамдардын үстүнөн козголуп жаткан кылмыш иштери, мыйзамсыз камалып жаткан кыргыздын чыгаан жигиттерине жасалган мамиленин эртең эле келме кезеги болот. Муну да унутпаш керек. Чынында биринчи кезекте аял, эне катары жүрөк сыздаткан, титиреткен окуялар болуп эле жатат. Аны мен айтпасам деле коомчулук күбө. Кыргызстанда стабилдүүлүк бар дегени менен биздин ички жашоо турмушубузда стабилдүүлүк бар деп айта албаймын. Көрүп жатабыз, ар кайсы жерде нааразычылык акциялары көп өтүп жатат. Аймактарды кыдырып жатабыз. Эл телегейи тегиз болуп эле бийликке ыраазы болуп жаткан жери жок. Эл болгондон кийин түмөн-түркүн көз караштар, пикирлер айтылат экен. Жалпылап караганда азыр айтылып жаткан “80% эл бийликти колдойт”- деген сөзгө кошулбайт элем. Ал үчүн бийлик жаман чокою менен чапанын кийип алып элди кыдырып көрүшү керек. Ошондо эл нааразыбы, ыраазыбы билинет.

— Өзүңүз деле көрүп жаткандырсыз, саясый айдың, өзгөчө парламентибиз тынч эмес. Кечээ жыйында Аида Салянова Илим Карыпбековдун жеке ар-намысына шек келтирген сөздөрдү айтып, андан кийин Анвар Артыков менен дагы айтыша кетти. Буларды көрүп туруп кандай акыбалда калдыңыз?

— Биринчи кезекте Аиданын Илимге карата айтылган жаман сөзүн энелер оор кабыл алды болуш керек. Илим дагы кыргызга башы көрүнүп калган, мыкты, тың чыкма жигиттерибиздин бири. Кыргыз эли баары күбө болду, ал жигит тиги дүйнөнү көрүп келди. Башынан жаман кырсыкты кечирди. Кырсык каш-кабактын ортосунда, келбейт деп эч ким сага кепилдик бере албайт. Бул Жараткандан берилген тагдыр. Ошондой тагдырда мындай ачуу сөздү Саляновабы же башкасыбы, кимиси айтса дагы Илим мырзага оор тийди болуш керек. Мен абдан оор кабыл алдым. Азыр Илимге адам катары моралдык колдоо абдан керек болуп жатат. Ким гана келбесин КТРдин башчысы жакшы деп айтылган эмес. Кеп анда эмес, кеп адамгерчилик, кишилик деген маселеде. Адамдын башына ушундай оор иш түшүп жатканда этияттанып сүйлөш керек эле. Филолог катары айтсам, ”эркектик сапат” деген сөздү ыгы менен этият абайлап колдонсо болмок. Жогорку Кеңеш эркектик сапатты аныктай турган орган эмес. Ал жерде тажрыйба, профессионализм көбүрөөк бааланат. Илим мырза абдан маданияттуу жооп берди. Илим мырзанын ордунда болгонумда Аида өзү уялып кала турган бир гана жооп айтмакмын. Жогорку Кеңеште бүгүнкү күнү жеке адамдын аброюна шек келтирген сөздөр көп айтылып кетүүдө. Коомчулук мындайды тартипке чакырып коюш керек. Илим мырза көйнөгүн араң көтөрүп жүргөн убакта бул сөздөр абдан оор тийди болуш керек. Экинчиден Илим маданияттуу жигит экенин көрсөтүп, аял кишиге унчукпай койду окшойт. Ушундай жагдайлар Жогорку Кеңеште күн сайын эле пендечиликке түшүп, кайталанып жатат. Андан кийинки Анвар Артыков менен Аида Салянованын кайым айтышы да экөөнө тең абийир алып келбейт. Коомчулукта кандай пикир болуп жатат билбейм, бул менин жеке пикирим. Баардыгыбыз Кудай менен мыйзамдын алдында бирдей укукка ээбиз.

— Учурда эки кыргыздын башы бириксе эле келечекте келчү президентти талкуулап жатабыз. Аттанып аткан азаматтардын арасынан кимди келсе деп ойлойсуз?

— Быйылкы жыл Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхындагы өтө олуттуу жыл, тагыраак айтканда, тагдырыбыз бычактын мизинде турган жыл. Себеби биз парламенттик мамлекет болуп калыптанганга али элибиз дагы деле даяр эмес экен. Мүмкүн бир канча жылдан кийин парламенттик башкарууга даяр болуп калаарбыз. Менин жеке пикиримде, президенттик башкаруу эле бизге ылайыктуудай. Ошондуктан, президенттик шайлоо ар бир кыргызды түйшөлтөт, ойлонтот. Азыр баарыбыз ушуну ойлоп турган мезгилибиз. Мен баланча болсун деп кесе айта албайм. Кудайдын буйруганы болот. Бир канча талапкерлер ачык эле чыгып калышпадыбы. Ошол эле Бабанов, Ахматбек Келдибеков, Темир Сариев, Адахан Мадумаровдор, эжекелерибизден Камила Шаршекеева, Элмира Ибраимованы айтып жатышат. Кимиси келгенин учур көрсөтөт, эл тараза. Ушул президенттик шайлоодо татыксыз адамды шайлап алып, мамлекет артка кете турган болсо мамлекеттүүлүктү жоготуп коюшубуз мүмкүн. Муну ачык эле айтыш керекпиз. Жашыра турган эч нерсе жок. Мындан ары мамлекет мынчалык деңгээлде башаламан же экономикалык же социалдык жактан өйдөлөбөй артка кетпегидей кылып президентти туура тандашыбыз керек. Талапкерлердин ичинен кимдир бирөөгө токтолуп, “ошого жардам берсек, көмөктөшсөк”- деген ниетим жок. Убакыт көрсөтөт, буйруса. Салыштырмалуу алып караганда, талапкерлердин арасынан “мамлекетчил” инсандарыбыздын эки-үчөөсү бар. Парламентке мамлекетчил эмес, бизнесмен адамдардын келип калганы деле мени бир топ ойго салды. Президентти бир канча критерийлер менен тандап алсак болот. Президенттери жакшы болгону үчүн кошуна мамлекеттер кандай сонун өнүгүп жатышат. Быйыл кыргыз эли жети өлчөп бир кесип президентти тандап алуусу учурдун талабы. Жакынкы учурда Лейлекте болуп келдим. Карапайым элдин ичинде биометрикага ишенбөөчүлүк бар, “биз шайласак деле добуштарыбыз бурмаланат экен”- деген пикирлер толтура экен. Добушту уурдоо, өзгөртүү биометрика менен мүмкүн эмес болуш керек. “Акчалуу киши президенттикке өтөт да” деген психология элде байкалып турат. Башкарууда олтурган СДПК партиясынан дагы сөзсүз түрдө талапкери чыгат. Ага удаа дагы бир канча көптөгөн талапкерлер чыгат. Учуру келгенде көрөбүз. Быйылкы жыл саясаттын майданында абдан ысык болот.

— Өзүңүз чоң саясаттан кеткен жокмун деп жатасыз. Бирок бир топ кызматтарда иштегенсиз. Мындан кийин саясаттан көрөбүзбү же илим чөйрөсүндө эмгектене бересизби?

— Учур көрсөтөт. Буйруса ушунча тажырыйба менен эл менен эл болуп, элдин жүгүн аркалап, жоопкерчиликти мойнуна алып иштөө абдан оор жүк. Кайсы жумушту берсе ошол жумушту аткара калсам деп жулкунуп, сукулдап калган жерим жок. Мен кызматтан кеткен боюнча бир дагы жолу Жогорку Кеңешке, же Өкмөткө барбадым. Баардыгыбыз Кудайдын буйругуна баш ийебиз. Буйруса, келечекте саясатка сөзсүз түрдө кайрылып барабыз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: