Menu

Жалал-Абаддагы экономика жана ишкердик университети эл аралык статуска ээ болду

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалыматына таянсак, шаардагы жалпы түштүк аймагына белгилүү жогорку кесиптик билим ордосу болгон Экономика жана ишкердик университети (ЭИУ) Эл аралык университет деп аталды. Бул жаңы статус окуу жайдын негиздөөчүсү болгон Кыргыз кооперативдер биримдигинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин тийиштүү токтомдору, чечимдери, күбөлүктөрү менен тастыкталды. Бул тууралуу аталган окуу жайынын ректору, Экономика илимдеринин доктору жана профессор Абдилбает Мамасыдыков билдирди.

Окуу жайы 2005-жылга чейин Жалал-Абад Коммерциялык институту деп аталчу, 2005-жылдан Экономика жана ишкердик университети деп атын өзгөрткөн. Статустун өзгөрүшүнө окуу жайынын материалдык-техникалык базасынын өсүшү, жогорку кесиптик билим берүүчү жана кошумча структураларынын диверсификацияланышы, чет мамлекеттик шериктештер менен мамилелеринин тыгыз болушу, андан эл аралык мамилелеринин кеңейиши себеп болду.

-Окуу жайыбыз Кыргызстан жана КМШ өлкөлөрү боюнча алгачкы мамлекеттик эмес жогорку окуу жай катары ачылып (КР Президентинин 1993-жылдын 1-апрелиндеги жарлыгы менен), мына 24 жылдан бери жогорку кесиптик билим берүү тармагында ишмердигин ийгиликтүү жүргүзүп келүүдө. Университет мамлекеттик бюджеттен эч каржыланбайт, өздүк каражаттары жогорку жана орто кесиптик билим берүү ишмердигинен, илимий жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрүнөн топтолот. Кызмат көрсөтүүлөрүнөн мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары, уюм-мекемелери пайдаланып турат, анткени университет экономика, менеджмент, юриспруденция боюнча адистешкен билим, илим борбору, – дейт А. Мамасыдыков.

Эскерте кетсек, акыркы жылдары окуу жайына инвестиция тартуу артып, ал 51 миллион 761,12 миң сомду түздү. Жакынкы аралыкта ЭИУнун негизги шериктеши “Демир банктан” коопсуздукту камсыздоого жана эсеп-кысап иштеринин сапатын арттырууга 2 миллион 920,0 миң сом жана 3500 евро келип түшүшү күтүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: