Menu

Зиядин Жамалдинов, ЖКнын депутаты: «Шайлоо мөөнөтү узарып кетсе, ким бизге президент болуп олтуруп турат?»

Бөлүшүү:

— Зиядин Исламович, өкмөттүн отчётун уктуңуздар, кайсыл аткарган иши сизди канааттандырды?

— Чындыгында мен дайыма эле Өкмөт жакшы иш жасашса жакшы деп айтам. Тармактарда иш жаман болсо мен жаман деп айта алам. Жакшы жактарын айтып кете турган болсок, Соцфонд тарабынан 2016-жылы 1-октябрдан баштап пенсионерлерге 500 сом болсо дагы кошумча акча кошту. Соцфонддун төлөмдөрүн топтоо 2015-жылга караганда 2 миллионго көп болду. Бул тармакта иш жакшы кетип жатат. ФОМС деп коёбуз, Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан былтыркы жылы биринчи жолу гемодиализ менен ооруган адамдарга 60 миллион сом акча каралган. Бизде бөйрөгү ооруган кишилер көбөйүп кетип, кезекке туруп калып кыйынчылыктар болду. Бул тармакка 60 миллион акча бөлүнүп, маселе жарым- жартылай чечилген. Быйылкы жылы 189 миллион сом акча каражат бөлүнүп, гемодиализ аппаратына эч ким кезекке турбай калыптыр. Улуттук статистика комитетинде бир аз жакшы иштер жүрө баштады. Таза суу боюнча көп айылдарга сурамжылоо жиберип, жакшы иштер жүрүп жатат. Бул жакшы жактары, экинчи жагын да айта кетпесек болбойт. Биринчиден, 2016-жылдын бюджети аткарылган жок. Өкмөт болсо “биздин тийешебиз жок, бизге чейинки өкмөт ушундай кабыл алган” дейт. Булар жылдын аяктарына эки ай калганда өзгөртүү алып келишкенде “эки эле ай убакыт калды, муну дагы кыскартып алып келипсиңер” десек аткарабыз дешкен, кабыл алып бергенбиз. Муну дагы аткара алышкан жок. Мисалы, “Коопсуз шаар” боюнча айткым келет. Ушул “Коопсуз шаар” долбоору 2014-жылы башталып, бүгүнкү күнгө чейин чечилбей жатат. Мэр бирде келип соттор кармап жатат дейт. Керек маселелерди сотко айтып тез эле бүтүрүп коёбуз го. Эмне муну айта албай жатышат деп ойлойсуң. Бул жерде кызыкдар адамдар барбы деп дагы ойлоп кетет экенсиң. Ошол программа ишке ашпаганынан азыр жарандарыбыз жол кырсыгына көп кабылып жатат. Былтыркы жылы 177 жол кырсыгынан 937 киши каза болуптур. Быйыл 3 эле айда 148 киши каза таап, миңден ашык киши жаракат алды. Биздин мамлекет биринчи кезекте элдин ден-соолугун, жакшы турмушун, кырсыктардан сакташ үчүн мамлекет. Мейли, сотторго басым жасабасын, алар карап бүткөнчө ага катар башка иштерди алып кете бериш керек да. 1 миллиондон ашык Кыргызстанда машиналар бар. Алардын жарымы бүгүнкү күндө бир кишиге жазылган болсо, жарымы ишеним кат менен айдап жүрүшөт. Эртең “Коопсуз шаар” программасы иштегенден кийин биздин бир жылдай убактыбыз ушул машинанын айынан текке кетет. Ишеним каттарды жок кылып, ар бир машинанын ээси өзүнө каттатыш керек. Бул абдан оор иш. Сот териштирип бүткөнчө ушул иштерди четинен бүтүрө берсе болот да. Эгер видео камера коюлса жолдордогу катуу айдап келе жаткандарды көзөмөлдөп турмак. Жол чыракка келгенде атайын чийилген сызыктарды тебелебедиби – баарын карайт. Биздин шаарда бир дагы камера же сызыктар жок. Мунун баарын алдын алса болот.

— Видео камера турса деле катуу айдап өтүп кеткен тоготпос, «эр жүрөк» айдоочуларыбыз дагы жок эмес болуп жатпайбы. Бул жагын кандай кылсын өкмөт?

— Жыл сайын өкмөт жолдогу белгилерди чийип чыгат. Бул туура эмес, бир жолу чийилгенден кийин 5 жылга жетиш керек. Биздикилер алты айга жеткирбей чийип жиберип жатышат. Бул бюджеттин акчасын жакшы, жигердүү пайдаланбай жатканын айткым келет. “Коопсуз шаар” боюнча кыла турган жумуштар аябай көп. Жол кырсыктарына айдоочулар күнөөлүү эмес деп айта албайм, аларда деле бар. Эгерде трассаларга камера койсок катуу айдабай калышат. Өтө тез ылдамдык менен келе жатып, ошонун кесепетинен жол кырсыктары кайталанып жатат. Камералар жүрсө эки-үч жолу айып пул төлөсө, өпкөлөнүп айдагандар демин басат. Анан дагы ӨКМ боюнча. ӨКМ кырсыктарды алдын алуу боюнча иш алып барыш керек. Жаан же кар көп жаады, сел жүрөөрүн, көчкү түшөөрүн билебиз. Аны кантип алдын алыш керек? Арыктарды, сайларды, дамбаларды өз убагында акча каражатты жумшап куруш керек болчу. Ошондой иштерди алып барбагандыктан Жалал-Абад областында 400 гектар айдоо жерди жараксыз абалга алып келип койду. Элдер эгин эге албай олтурушат. Жылдын башынан бери канчалаган табигый кырсыктар катталып, он киши каза болду. ӨКМ күн сайын мониторинг жүргүзө билишет, элди эмнеге алып чыгышкан жок?

— Эл өзү көчпөй жаткан турбайбы?

— Эми ошентип айтып коё берет. Ошентип каршы болуп чыкпай койгон фактыны көрсөтсүнчү. Азыр заман жетишкен, заманбап техника деген бар. Көчпөйбүз деген калкты видеого тартып бизге көрсөтсүн, телеге чыгарсын. Кийин көрсөтүп койсо сиз дагы, мен дагы ишенип “аа өздөрү чыкпай койгон экен”- деп ойлоп калмакпыз. Ушул кантип болсун. Эч кандай факты жок. Анан кантип ушундай кемчиликтерди карап туруп өкмөттүн ишине ыраазы болобуз?

— Депутат Искендер Матраимов “кайталанган кадрларды кыскартпайсыңарбы?” –деген сунушун берди. Сиз коллегаңызды колдойсузбу?

— Кадр маселесинде абдан мүчүлүштүктөр көп. 1130 мамлекеттик ишкана бар экен. Алардын мамлекетке алып келген пайдасы бир жылда 3 миллиард 900 миллион сомдү түзүптүр. Анын 1 миллиард 300 миң сомун бир гана “Альфа телеком” берип жатат. Калганы иштеп жатат. Эгерде ошонун баардыгы жакшы иштеп пайда алып келсе 10 миллион акча каражат түшүрсө болмок. Алардын кимисин жумуштан алдык? Эч кимисин ала алган жокпуз. Иштебеген адамды иштен алып, иштейм деген адамды алып келип иштетиш керек эле. Биз ушунча мамлекеттик ишкананы банкротко алып барып, ал жерде иштеген жетекчилер аны сатып алганга алып келе жатабыз. Мисалы, “Манас” аба майданы. Канча пайда алып келет? Кыргызтелеком, Кыргызалтын сыяктуу орчундуу ишканалар көп. Бирок эч кандай пайда алып келээрин билбей жатпайбызбы.

— “Ата-Мекен” фракциясы президенттик шайлоону эрте өткөрүү боюнча сунушун айтты. Сиз колдойсузбу?

— Биз мыйзамды сыйлашыбыз керек. Президенттик шайлоонун күнү боюнча “Ата-Мекен” партиясы айтып жаткан мыйзам боюнча сунуш кеткен. Себеби биздин президенттин мөөнөтү алты гана жыл. Демек, 2011-жылы шайлоо болсо октябрда президенттин убактысы бүтөт. Талапкерлер көбөйүп кетип, президенттик шайлоодон утуп чыкса анда туура эле болот. Эгерде экинчи турга калса дагы убакыт созулуп кетет. Кайра дагы мөөнөт узарып кетсе ким бизге президент болуп олтуруп турат? Президенттин милдетин аткарат деген мыйзамда каралган эмес. Дагы жакшылап мыйзамды карап туруп бир-эки ай эртерээк кылса болот.

— Президенттик шайлоонун күнүн негизи борбордук шайлоонун төрайымы айтыш керек болчу да, бизде Алмазбек Шаршенович өзү айтып жатпайбы?

— Шайлоо качан болот, кайсы күнү өткөрүлөт, бул борбордук шайлоо комиссиясынын иши. Так аныктаманы ошолор айтыш керек беле. Бул борбордук шайлоо комиссиясынан кеткен ката деп эсептейм.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: