Menu

Жалал-Абад: Министр Талантбек Батыралиев дарыгерлерди “алмай-бермейди” токтотууга чакырды

Бөлүшүү:

 Саламаттыкты сактоо министри Талатбек Батыралиев Жалал-Абад аймагына келип, Жалал-Абад шаарында жайгашкан медициналык мекемелердин кызматкерлери менен жолугушту жана аларды “алмай-бермейди” токтотууга чакырды. Бул тууралуу шаардык Маалымат борбору билдирди.

Министр шаардын аймагында иштеген дарыгерлерди так иштеп, элдин саламаттыкты сактоо жаатында муктаждыктарын камсыз кылууга үндөдү. Ошондой эле “алмай-бермей” сыяктуу коррупциялык көрүнүштөргө каршы турууга чакырды.

– Негизи бермейди токтотсок, алмай тыйылмак.  Ар бир  кемчиликти жоюу үчүн сөзсүз органдар эле иштебей, эл өзү да аракеттерди көрүш керек. Эгерде ак халатчандар кесиптик кызматынан кыянаттык менен пайдаланып туура эмес, туура эмес иш кылса, мыйзам чегинде жазасын тартсын, – деди Т. Батыралиев.

Андан ары ал Кыргызстандагы медицина тармагын дүйнөлүк деңгээлге көтөрүүнүн зарылдыгын белгилеп, акыркы жылдары энелердин өлүмү жана жугуштуу оорулардын саны бир кыйлага азайгандыгын айтты.

Жолугушууга катышкан Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев шаар элинин саламаттыгы үчүн эмгектенип жаткан дарыгерлерге  ыраазычылык билдирүү менен аларга үй-бүлөлүк бакыт каалады.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: