Menu

Айнаш Токбаева, КР Жогорку Сотунун төрайымы: “Бирдиктүү соттук тажрыйбанын жоктугу сотторго кыйынчылыктарды жаратып келген”

Бөлүшүү:

Соттор тарабынан каралып жаткан салык боюнча талаш-тартыштардын негизги категориялары болуп салык боюнча карызды өндүрүү, салык төлөөчүлөрдүн доолору боюнча бюджеттен акча каражатын кайра кайтаруу, салык кызматынын органдарынын ченемдик эмес актыларын жараксыз деп табуу жана салык кызматынын жана алардын кызмат адамдарынын аракеттерине даттанууга байланышкан талаш-тартыштар болуп саналат.

Мындай  мазмунду камтыган   токтом  Кыргыз Республикасынын  Жогорку  Сотунун Плениумунда  кабыл алынды. Анда Жогорку  Соттун  төрайымы Айнаш  Токбаев  белгилегендей “Соттук тажрыйбаны иликтөө салык төлөөчүлөр тарабынан салык кызматынын чечимдерин даттануу тартиби тууралуу тема актуалдуу экендигин көрсөттү, анткени аталган маселе боюнча бирдей соттук тажрыйбанын жоктугу сотторго айрым кыйынчылыктарды жаратып  келген”.

Маалым  болгондой  токтомдун  долбоору  Жогорку Соттун  административдик жана  экономикалык  иштер  боюнча  соттук  коллегиясы  тарабынан  даярдалып, өз  убагында  жергиликтүү  сотторго  жөнөнтүлүп, сунуштарды  эске  алуу  менен  кабыл  алынган. Бул документ Жогорку  Соттун илимий-консультативдик  кеңешинде  да каралып  талкууланган  эле.

Токтом  тиешелүү  соттук  иштерди  кароодо маанилуу  экендигин судья Бактыгүл Аманалиева да  белгиледи. Анткени бирдиктүү тажрыйбанын   жоктугунан соттун чечимдери   ар кандай мүнөздө  чечмеленип келген. Мындан  улам  башкы максат  бир мүнөздөгү соттук  практикага  жетүү  болуп  саналат.  Плениумдун  жүрүшүндө токтомдун  зарылдыгы   эске  алынып  бир  добуштан  судьялар колдошту. Жыйынга башкы  прокурордун  орун  басары Л.Ю  Усманова, Адилет министрлигинин  жана салык кызматынын өкүлдөрү катышышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: