iPhone 8 презентациясы 12-сентябрда өтөт. Бул туурасында Apple компаниясынын пландары менен тааныш The Wall Street Journal булактарга шилтеме жасап билдирет.
Компания үч жаңы түзүлүштү тааныштырат. Алар iPhone 7нин жаңыртылган эки версиясы жана iPhone 8. Анын чыгышы Apple компаниясынын биринчи смартфонунун жарык көрүшүнө он жыл болгондугу менен байланыштуу.
Басылманын маалыматына ылайык, жаңы айфон адамды таануу технологиясын кармайт жана рамасы жок экрандуу болот. Анын баасы: базалык версиясы 1000 долларды түзсө, эстутумунун көлөмү кеңейтилгендери 1400 доллардын тегереги деп болжонууда.
Ал эми көпчүлүктү кызыктырган суроо бул анын сатыкка чыгышы. Эксперттер компаниянын мурдагы иш-аракеттерине таянып 22-сентябрь деп белгилешүүдө.
“iPhone 8ди презентация кылуу күнү аны сатып алуу күнү эмес экендигин эске алуу керек. Мисалы iPhone 5 2012-жылдын 12-сентябрында бет ачарын өткөргөн сатыкка 21-сентябрда чыккан. IPhone 5c жана 5s 2013-жылдын 10-сентябрында презентацияланып, 20-сентябрда сатыла баштаган. Бул ситуация IPhone 6да дагы кайталанган, ал 2014-жылдын 9-сентябрында болгон. Андыктан Apple бул салтты бузбайт” – дешти эксперттер.
Булак: “kyrgyztoday.org”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ