Menu

Тынчтык Шайназаров: Төртилтиктин тегерегиндеги окуялар мага жакпайт

Бөлүшүү:

Түштүк төртилтиги деп аталып жаткан-Бакыт Төрөбаев, Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибековдун биригиши дагы деле талкууга түшүп жатат. Алар чогуу бир күчкө айландык дегени менен ар кимиси өз алдынча билдирүүлөр менен чыгууда. Мына ушундан улам, төртилтиктин бир партия түзүп,  президенттик шайлоого бирдиктүү бир талапкерди алып чыгабыз дегени күмөн болуп турат . Анткени, Камчыбек Ташиев президенттикке талапкер катары катталып, Сооронбай Жээнбеков менен ымала түзүп жаткандыгы айтылып жатса, Адахан Мадумаров  Бакыт Төрөбаев Сапар Исаковду премьер-министрлик кызматка шайланышын колдоду деп нааразы болууда. Kaktus.media редакциясына “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери  бул маалыматтарды тастыктаган жок.  Ал эми  анын партиялашы Тынчтык Шайназаров биздин бир катар суроолорубузга жооп берди.

– Бирдиктүү талапкер алып чыгуу боюнча сөз болгон. Эми биригүү болобу же болбойбу?

Мен дагы гезит окуп, маалыматтар менен камсыз болуп турам. Биримдиктин айланасындагы окуялар чынын айтсам мага жакпайт. Биригүү боюнча ошол келишим түзүлүп жатканда мен дагы күбө болгом. Бирдиктүү талапкердин атын ошол эле күнү атасак болмок экен, бул биздин ката болду. Ошентсе да,  бирдиктүү талапкер Бакыт Төрөбаев болоорун башында эле сүйлөшкөнбүз.

– Анда эмне себептен дароо жарыялаган жоксуздар?

Башында биз бирдиктүү талапкердин атын 31-августа  жарыялайбыз деп келишкенбиз. Эмнегедир тарапташтарыбыз бул ишти создуктуруп ийишти. Ошол себептен, алар Бакыт Төрөбаевдин бирдиктүү талапкер болушун каалабай жатабы деп кабыл алдым.

– Биримдик кайрадан чачырап кетиши мүмкүнбү?

Бул боюнча азырынча так айта албайм, белгисиз, балким биригүү болот же болбой да калышы мүмкүн. Мен өз оюмду гана айттым.

– Бакыт Төрөбаевдин кийинки кадамын айтсаңыз,  президенттик жарышка катышабы? 

Дүйшөмбү, 11-сентябрь күнү саат 10.00до  Т. Сатылганов атындагы улуттук филармонияда КРнын Президенттигине талапкер Бакыт Төрөбаевдин “Өнүгүүнүн жаңы багыты 2023” саясий программасынын бет ачаары өтөт. Программа боюнча Бакыт Төрөбаев өзү билдирүү жасайт. Келип катышып, өзүңүздөр да күбө болсоңуздар болот.

Булак: Kaktus Media сайтынан кыргызчаланды

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: