“Мен Панфилов айылында, Сариев байкемин жанында жыргаганымдан жүргөн жокмун… Биз жаштар, Чүйдүн жаштары мен бирөө болчумун, мага ону кошулду. Биз он болдук, бизге жүзү кошулду. Биз жүз болдук, бизге миңи кошулду”,- деп билдирди 14-сентябрда президенттикке талапкер Темир Сариевдин Кайыңды шаарындагы шайлоочулар менен жолугушуусунда аны коштоп жүргөн Сары-Өзөн-Чүй жаштар бирикмесинин жаштар канатынын лидери Азамат Эсеналиев.
“ Ич күйдүлүк эң …биз көп улуттуу элбиз Сары-Өзөн-Чүй жери. “Эшигин көрүп төрүнө өт” деген сөз бар. Өзүбуздөн, Чүйдөн чыгып жаткан агабызды колдобосок анда мен кимди колдойм? Мен анткени агама ишенем! Эртең президент болот. Бир муштум болсок, далайына жетебиз чачыранбай. Жигиттер, биздин намысыбыз кайда? Биз кайда кетип баратабыз? Эки миң сом үчүн кеттикпи кечээ? 200 бала ушул жерден кеттиңер. Каякка кеттиңер 200 бала? Туруш керек ушул жерде. Жиниң келет да просто. Ээ Чүйдүн жаштары, биримдик болгула! Мен кайда барбайын мага айтып жатышат”Чүй качан башыңар бирикчү эле?” деп. Эмне, Чүйлүктөр, биз эмне, кечирип койгула лохпузбу? Жаштар, 2000 сом үчүн бөлүнбөйлү. Сары-Өзөн-Чүй бөлүнбөйлү! Бул жерде 7 дубандын эли жашайт. Мен просто ичим күйгөндөн ызага алдырып ушул жерде агамдын алдында жүрөм”, – деди Азамат Эсеналиев.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ