Menu

Сузакта 109 жашка чыккан энеге сый-урмат көрсөтүлдү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 29-сентябрда Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын Кызыл-Сеңир айылында жашаган 109 жаштагы Толгонай Осмоновадан облустун жана райондун жетекчилери кабар алышып, акчалай жардам жана белек-бечкектерди тапшырышты. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди. 1-октябрь – улгайган адамдардын Эл аралык күнүнө карата ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков, Сузак районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары Асылкан Раманкулова баштаган бир катар жетекчилер кылым карыткан энеден кабар алышып, өздөрүнүн акчалай жана тамак-аш азыктарынан белектерин тапшырышты.

109 жашка чыккан Толгонай Осмонова 2 уул, 2 кызды тарбиялап өстүрүп, учурда 50дөн ашуун небере, чебере жана кыбыралардын сүйүктүү чоң эне жана тайнеси болуп саналат. Күч-кубаты бар жаш кезинде колхоздун ар кыл жумуштарында эмгектенген эне учурда бактылуу карылыктын  дөөлөттүү өмүрүн кечирип жатат. Кылым жашын карыткан эне Толгонай Осмонова келген жетекчилерге өзүнүн терең ыраазычылыгын билдирип, алкышын айтып, ак батасын берди. Учурда Жалал-Абад облусунда 100 жаштан 67 карыялар менен энелер бар.

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 64 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: