Menu

Дипломат эмес президент

Бөлүшүү:

7-октябрда мамлекеттик сыйлык тапшырып жатып, мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев эмоцияга алдырды. Анын бир себеби—вице-премьер, шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси Темир Жумакадыровдун ошол аземге 2 саат калгандагы күтүлбөгөн жол кырсыгынан каза болушу, экинчиси—алдыдагы президенттик шайлоого 5 күн калгандагы психологиялык абал, нервдин чыңалышы деп болжоого болот.

 Казакстан жетекчилерине катуу сөз

Келечекте өкмөттүн, мамлекеттин жетекчилеринен болот деп үмүт арткан жигиттин капысынан болгон кырсыктан каза болушу мамлекет башчыбыз  Алмазбек Атамбаевди тең салмактан чыгарып жибергени байкалды. Ошондон уламбы, коңшу Казакстан жетекчилигине да сын айтып жиберди. “Эмнеге алар ошондой жетекчилерди Кыргызстандын мамлекет башчысы катары таңуулагысы келет? Себеби алар Бакиевди артык көрүшөт, Бакиевдер Алма-Атада тойлорун өткөрүп жүрүшөт. Айрым эң жогорку жетекчилерден Бакиев элди атып, туура кылган” деген сөздөрдү угуп жүрөм. Анткени биз казактарга жаман мисалдарды берип жатабыз”.

“Назарбаев бир гана Алма-Атанын Ички дүң продукциясы бүткүл Кыргызстандын дүң продукциясынан 5 эсе көп, ал эми Казакстандын ИДП Кыргызстандыкынан 20 эсеге көп, бир адамга эсептегенде киреше 10 эсеге көп деп айтып жүрөт. Анда эмнеге аларда пенсия бизден болгону 1,5 эсеге көп, тарифтер 5 эсеге кымбат? Себеби, ал жакта Казакстандын байлыгын уурдап жатышат. Биз аларга туура эмес мисалдарды берип жатабыз. Атамбаев туура эмес мисалдарды көрсөтүп жатат, адилеттүү бийлик мисалын көрсөтүп жатат.  Эгер биз киши башына 10 эсеге көп киреше алсак, анда пенсия да 10 эсе көп болмок. Бабанов, Сариев Утемуратовдорго окшогондорго, өлкө байлыгын уурдагандарга кол куушуруп барып жатышат. Мен жаштар бийликке келсин  деген Назарбаевдин айткандарын колдойм. Биздеги президенттикке талапкерлердин эң улуусу Назарбаевден 20 жаш кичүү, мен андан 16 жарым жаш кичүүмүн. Жаш президент бизге керекпи же Казакстангабы?” деди Алмазбек Атамбаев.

Андан ары тарыхка кайрылып, биз менен казактар түбү бир эле эл экенин эске салды.  “500 жыл мурун биздин бир бөлүгүбүз Чынгызхандын урпактары өз султаны кылып алышкан” . “Казактар бизди үйрөтпөй эле койсун, биз өз жолубузду билебиз” деди президент.

“Темир Жумакадыровдой өлүп эле калбасам…”

“1-декабрга чейин алардын ар бирин катуу жазалайм. Бакиевдин заманын кайрып келгиси келгендердин ар биринин жазасын колуна карматам. Эгерде Темир Курмангазиевич Жумакадыровдой болуп  өлүп калбасам эле”  деди мамлекет башчы.

“Мындайларды ысык темир менен күйгүзүш керек” , “Элибиздин наны урсун, тузу урсун”

Эгерде президенттикке бийликтин атынан талапкер  Сооронбай Жээнбеков  дагы бир талапкер Өмүрбек Бабановду “балапан” деп атаса, эми президент аны “бай-манапчик” деди. “Мындайларды ысык темир менен кїйгүзүш керек” деди Президент.

Андан кийин мамлекет башчы президенттикке талапкерлер туурасындагы өзү жүргїзүүнү тапшырган социологиялык сурамжылоонун жыйынтыгы тууралуу айтты. “Эгер президенттин талапкери башында 3 пайыз, Бабанов 39 пайыз добуш алса, бүгүнкү күнү Бабанов 20, ал эми биздин талапкер 40 пайыз алып отурат. Шайлоого чейин бул рейтинг дагы көтөрүлөт” деди Алмазбек Атамбаев. “Шайлоодон кийин булардын баарын тазалайм. Ууру түрмөдө олтуруш керек”.

“Буларды аясаң, башыңа чай кайнатат. Буларга окшогондорду элимдин наны урсун, тузу урсун!” деди Алмазбек Атамбаев.

“Мен кайрылып келем. Булар келе албайт”

“Кудай мага өз жеримдин топурагын буйрусун. Булар өзүнүн капчыктарына качат, Акаевди, Бакиевдерди туурап, камаганга үлгүрбөсөк. Мен кайрылып келем, ар бир ишиме, сөзүмө жооп берем. Буга чейин чыдасам, мындан кийин мындай итчиликке чыдабайм” деди ал.

“Президент болбой калсам эле, эл мени колдобой калат деп ойлобогула. Кыргызстандан Чүй болобу, Ош болобу. Баткен болобу, Талас болобу, Манас атанын урпактары баш көтөрөт. Азыр Абыке, Көбөштөр баш көтөрїп жатат”. “Биздин келечегибиз биздин элибизде жана акыйкат бийликте” деди мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев.

Шайлоого 5 күн калганда…

Президенттин шайлоого 5 күн калгандагы абалы ушундай, эмоциялуу болду. Балким, Темир Жумакадыровдун бөөдө кырсыктан делген өмүрүнүн артында кандайдыр сыр барбы же уулундай эсептеген адамдын капыс өлүмү жанды кейитип, эмоцияга жетеледиби, айтор, президентибиз калыстыктан тайып, бийликтин талапкерин колдоп, башка талапкерлерге ачуу сөз ыргытты,  кошуна өлкө жетекчисине да катылып алды. Аягында, пенде эмеспи, ашыкча сөз айтылып кеткенине кейип да калды. Кантсе да бул шайлоо тарыхтагы эң катаал шайлоо болору байкалды. Чындыгында азыркы президентибиз өзү айтмакчы, “дипломат эмес” экендигин дагы бир жолу тастыктады.

Казакстан премьер-министри жооп кайтарды

Алмазбек Атамбаевдин 7-октябрдагы сүйлөгөн сөзүнө Казакстандын өкмөт башчысы Бахытжан Сагинтаев жооп берди:

«Казакстан экономикасы эгемендик жылдары 20 эсеге өскөнүн,  2012-жылы Казакстан дүйнөдөгү экономикасы өнүккөн 50 өлкөнүн катарына киргени, «Doing Business» рейтинги боюнча 35-орунда турганы айтылат.»Батыш Европа — Батыш Кытай» континенттер аралык магистралдын казак тарабы курулуп бүткөнүн, 2,5 миң чакырымдан ашуун жаңы темир жол курулганын, 10 миң чакырымдан ашуун авто жол курулуп жана оңдолгонун, 1,1 млн казакстандык үй-бүлөнү үйлүү кылган 120 млн чарчы метр турак жай курулганын, акыркы он беш жылда орточо айлык акы менен пенсия он эседен ашуун көбөйгөнү айтылды. Астананы курууга 50 млрд доллар жумшалып, алтын-валюта корунун көлөмү 91 млрд долларды түзөрү да белгилеген.

«Кыргызстан ЕАЭБге кирерде казак президенти тарабынан 10 млн доллар техникалык жардам берүү чечими кабыл алынган. Гуманитардык жардам катары Кыргызстанга 20 млн доллар бөлүнгөн. Ошто жана Бишкекте эки мектеп курулган. Кыргызстандын экономикасына Казакстандан 820 млн доллар акча инвестиция салынган. Кыргызстандын 125 миң эмгек мигранты Казакстанда жашап жатканы айтылат.

«Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаевдин бир нече жолку жагымсыз чабуулдарына карабай, казак өкмөтү мындан ары да Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана кызматташтыкты активдүү тереңдетүүнү жана кеңейтүүнү көздөйт» деп жыйынтыктаган.

Айтмакчы…

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрт мүчөсү: Н. Арипов, А. Абдрахматова, Е Жылкычиева, Н Журабаева кайрылуу жасап, президенттикке негизги эки талапкердин бирин шайлоо жарышынан алып салуу маселеси талапка ылайык келбесин, адилет шайлоо үчүн талапкерлердин баарын жарышка салуу туура болору тууралуу Кайрылуу менен  чыгышты.

Булак: “ПолитКлиника”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 96 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: