Сапар Исаков кечээ, 6-ноябрда, «Мамлекеттик лотерея компаниясы» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү тууралуу жумушчу жыйын өтүп, ишканы өз күчү менен иштөөгө милдеттендирди. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.
Өкмөт башчы өлкөдө мамлекеттик лотереяны өткөрүүдө жана аны уюштуруу иштериндеги механизмдин ачык болушун камсыз кылуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Тактап айтканда Премьер-министр лотереялык билеттерди даярдаоодо жана аны таратууда дистрибьюторлорду тандоо боюнча тендер өткөрүүдө коррупциялык көрүнүштөр жок экендиги күмөн жаратарын билдирди.
Премьер-министр баса белгилегендей тендерлерге катышууда кайсы бир компаниянын кызыкчылыгын коргогон бир катар фактылар бар.
Буга байланыштуу, Сапар Исаков «Мамлекеттик лотерея компаниясы» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинин жоопкерчилигин кароону тапшырып, аларга бир жума аралыгында мамлекеттик ишкананын өз алдынча иштөөсү боюнча сунуш киргизүүнү милдеттендирди.
Мындан сырткары «Мамлекеттик лотерея компаниясы» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүндө ачыктыкты камсыз кылуу тапшырмасы да берилди.
Өкмөт башчы эске салгандай, «Мамлекеттик лотерея компаниясы» мамлекеттик ишканасынын негизги максаты кирешелердин эсебинен маданият жана спорт сыяктуу социалдык секторлорго колдоо көрсөтүү болуп саналат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ