Menu

Видео – Москва абагындагылар өзбекстандык “мыйзамдагы уурунун” уулунун үйлөнүү тоюна акча чогултушту

Бөлүшүү:

Москвадагы №5 тергөө абагында “кылмыш дүйнөсүнүн” өкүлдөрү өзбекстандык “мыйзамдагы ууру”,  Бахти Ташкентский каймана аты менен белгилүү Бахтияр Кудратиллевдин уулунун үйлөнүү үлпөтү үчүн камактагылардан 100 миң рубль чогултуп беришти.

Бул тууралуу №5 тергөө абагында камалгандардын биринин аялы кабарлады. Бул маалыматты тастыктоо үчүн ал Telegram мессенжери аркылуу видеожазуу жөнөткөн.

Ал абактагы 17 киши, анын ичинде күйөөсү Бахтияр Кудратиллаевдин баласынын үйлөнүү үлпөтү үчүн 100 миң рубль чогултуп берүүгө аргасыз болушканын айтты.

– Бахти деген аларга күн сайын чалып жатты. Кызыл спорттук кийим кийген кишинин аты Гирихан, ал камераны көзөмөлдөйт. Абактагылар акчаны Бахти менен байланыштамын деп өзбек тилинде сүйлөп жаткан Бобирмирзо Гулямовго беришкен. Бардыгы болуп камактагылар 100 миң рубль чогултушту. Мен 5 миң рубль бердим. Айрымдары мындан да көп беришти. Мен болсо бул акчага балдарымды бир ай бакмакмын, – деп даттанды аял.

Бахти Ташкентский аты менен белгилүү криминалдык авторитет Бахтияр Кудратиллаев

Бирок Бахтияр Кудратиллаевдин шериктеринин бири бул маалыматты четке кагып, “мыйзамдагы ууруга” карата кутум уюштурулуп жатканын билдирди. Бирок ал октябрдын соңунда Бахтияр Кудратиллаев Ихтияр аттуу уулун үйлөнткөнүн тастыктады.

Бахти Ташкентский бир нече жолу соттолгон. Ага маңзат колдонуу, курал-жарак сактоо жана абактагы ички тартипти бузуу айыптары тагылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: