Бүгүн, 28-ноябрда жумушчу тобунун көчмө жыйынынын алкагында эл өкүлдөрү саламаттык сактоо тармагындагы эмгек кодексинин бузулушу, кадр саясаты, дары-дармектерди сатып алуудагы маселелерди, жарандарды сапаттуу медициналык жактан тейлөөдөгү актуалдуу көйгөйлөрдү териштирди. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.
Депутаттар Аида Исмаилова жарандар тарабынан бир катар арыздар парламентке келип жатканын айтып, алар канчалык деңгээлде негиздүү экенин тактоо зарылдыгына токтолду.
Белгилей кетсек, жумушчу тобуна ЖК депутатары Аида Исмаилова, Альфия Самигуллина, Евгения Строкова, Аида Касымалиева, эксперттер, эсеп палатасынын, ИИМдин, экотехинспекциянын жана жарандык коомдун өкүлдөрү бар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ