Menu

Касымбек Райымкул уулу, Бишкек шаардык МАИнин мурдагы башчысы: “Автоунааларга техникалык кароо кирсе эле жол кырсыгы азайып кетпейт”

Бөлүшүү:

-Касымбек мырза, учурда автоунааларга техникалык кароону кайрадан киргизүүнү өкмөт демилгелеп жатат. Кезегинде андагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов бул саамалыкты токтоткон эле, коррупциянын күч алышынан улам. Эгерде өкмөттүн автоунааларга карата техникалык кароону киргизүү амалы ишке ашса, анда коррупция бул тармакта кайрадан күчөп, жемкорчулукка жол ачылбайбы?

– Техникалык кароону кайрадан киргизүүгө каршы эмесмин. Анткени, автоунааларды техникалык кароо өткөзүү менен айдоочулардын жоопкерчилиги күчөйт. Бирок, «бул жол менен жол кырсыгынын алдын алабыз» десе өкмөт жаңылат. Кыргызстанда жол кырсыгынын алдын алуу чарасы катары өкмөттүн алдындагы жол коопсуздугун камсыз кылуу комиссиясынын жана анын секретариатынын ишин жандандырыш керек. Ал эми коррупция боюнча айта турган болсок, Кыргызстандын кайсы мамлекеттик органында коррупция жок? Элдин пикиринде, бардык мамлекеттик органда коррупция бар. Жалпы эле коррупциянын алдын алуу үчүн кыргыз өкмөтүнүн алдында адилеттүү, чынчыл, кесипкөй адамдардан (пенсионерлерден) турган «Элдик көзөмөл» коомдук бирикмесин түзүү зарыл. Кошоматчылардан турса болбой калат.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 69 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: