Menu

Гороскоп: 22-январдан 28-январга чейин

Бөлүшүү:

Кой (21.03 – 20.04)

Жума бою кызыктуу окуяларга туш болосуз. Алдыга койгон максаттардын алды иш жүзүнө аша башташына күбө болосуз. Учурда жетекчиңиз башка кызматка көтөрүлүү жагын сунушун кылат. Мындай ийгиликти колдон чыгарбоого аракет кылып, өзүңүздү сынап көрүңүз.

 Букачар (21.04 – 20.05)

Сезимдердин күчтүү толкунуна туш болосуз. Сүйүктүү адамыңыздын туура эмес кадамы сизди депрессияга тушуктурат. Коркуп кереги жок. Андай учурда максаттуу иштерге күчүңүздү жумшап алаксыңыз. Жаман маанай жараткан көрүнүштөр убактылуу экенин унутпаңыз.

 Эгиздер (21.05 – 21.06)

Жума башында урук-туугандар сизге конокко келип калышы күтүлүүдө. Алар менен кенен-чонон баарлашып, орчундуу иштерди чечип алсаңыз болот. Кызматтагы ишке баш-отуңуз менен киришиңиз. Айлык акынын жогорулашы күтүлөт. Сыйлык жагы да көмүскөдө калбайт.

 Бөйөн (22.06 – 22.07)

Тагдыр чечүүчү күндөр келди. Сизге тиешелүү иштердин майын чыгара иштесеңиз даражаңыз көтөрүлөт. Кадыр-баркка ээ болосуз. Каражат жагынан камсанабай, алдыдагы албан жумуштарды пландап, жүзөгө ашырсаңыз болот. Мүмкүнчүлүк ар бир адамга келе бербесин унутпаңыз.

 Арстан (23.07 – 23.08)

Күчтөнүүнүн жана эргүүнүн келгени байкалат. Жума башында жогорку кызматка талапкерлигиңизди койгондон коркпоңуз. “Алым келбейт” деп жата бербеш керек. Аракет кылсаң берекет. Жоро-жолдоштордун кеп-кеңешин угуп, көздөгөн ой максаттарды ишке ашыруу боюнча аракет кылыңыз.

 Бийкеч (24.08 – 23.09)

Көп жылдан берки ак эмгегиңиздин акыбети кайта баштайт. Чоң ишти баштоого мүмкүнчүлүгүңүз артат. Бул жагынан көп нерсени утуп, капчыгыңыз да кампаят. Жума ортосунда эки күнчө эс алып алыңыз.

 Тараза (24.09 – 23.10)

Апта ичи канчалык жанталашып иштесеңиз, ошончолук үзүрүн көрөсүз.  Өнөктөштөр сиз кылган ишке көз артат. Андыктан, жакшы киреше түшүп баштаган ишканаңыздын сырларын аларга толугу менен айтып, мактана бербеңиз. Жума аягында үйгө керектүү эмерек сатып алыңыз.

 Чаян (24.10 – 23.10)

Жума башы келечекке кам көрүү менен башталат. Колуңуздан келбеген ишке кейибей туруңуз. Маанайыңызды да чөгөрүүнүн кажети жок. Эки-үч күндүн ичинде өз ордуна келе баштайт. Каражат жагына камcанабай койсоңуз болот. Белгилүү булактардан жардам сурасаңыз болот.

 Жаачы (22.11 – 21.12)

Достор сиздин жардамыңызга муктаж. Ал жакка кол сунуу менен бирге өзүңүздүн жеке иштерди унутуп койбоңуз. Мындай учурда ага-тууган, жек-жаат менен кеңешип койгон оң. Көңүл сергитүү максатында жуманын аягында жакшы адамдар менен тоого чыгып чана, лыжа тээп эс алып келиңиз.

 Текечер (22.12 – 20.01)

Өзүңүздүн керт башыңызга улунуп-жулунуп түйшүк үйүп албаңыз. Андан көрө өнөктөштөр менен алака түзүп, келечек тууралуу ой калчап алганыңыз жакшы болот. Жума аягында капыстан чыккан чыр-чатакка жолобой, жакшы жолугушууларга барганыңыз оң.

 Суупери (21.01 – 19.02)

Ишенген булактан жеткен маалыматка таяныңыз. Айың кептерди кулак сыртынан өткөрүп койгонуңуз эп. Жакшы окуяга туш болуп, жандуу ишке кирише баштайсыз. Булардын баары сиздин келечегиңиз үчүн маанилүү экенин эстен чыгарбоо керек.

 Балык (20.02 – 20.03)

Уруш-талаштан оолак болгонуңуз оң. Сизге сыйлуу, кадыр-барктуу адамдар тарабынан жакшы жумуш, кызмат сунушташат. Андай жерге ойлонбой барыңыз. Артка кылчаюунун кажети жок. Болбосо, кийин өкүнүп каласыз. Бузукулардын азгыруусуна кирбеңиз.

Булак: Азия Ньюс

 

 

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − 13 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: