Menu

Кытай компаниясы биздин БЖБны 386 млн долларга оңдоп берсе, Тажикстанга 350 млн долларга жаңы БЖБ салып берген

Бөлүшүү:

Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялаган кытайлык ТБЕА ишканасы эки жыл мурун Таджикстанга жаңы ЖЭБ куруп бергени маалым. Ортодогу айырманы караңызчы. Азыр эксперттер БЖБны оңдоого кеткен олчойгон акча менен жаңы БЖБ курса болмок деген ой-пикирлерин билдирип жатышат. Таджикстан энергия тартыштыгынан катуу жабыркады, алты айдай өлкө калкынын 70%ы эч жылуулугу жок отурган мезгилдер болгон. Ал кезде суткасына 5-6 саат гана электр жарыгы берилчү. Мына ошол көйгөйлөрдөн улам Душанбеде ЖЭБ куруу чечими кабыл алынган. Советтер Союзунун тушунда курулган жылуулук борборлору Өзбекстан газ бербей койгондон кийин токтоп калган. Ошентип, Тад­жикстанга Кытайдын ТБЕА компаниясы 350 млн. долларга зыңкыйган Жылуулук борборун куруп берди. Кубаттуулугу 400 МВт. Андан бери эки жыл өтсө да, курул­ган ТЭЦ мындай сууктарда кыйналбай эле жакшы иштеп жатат. Ал эми бизден катуу суук болуп жаткан Алматы, Астананын БЖБлары деле иштен чыкпай иш­теп жатат. Биздечи? 386 млн. долларга курулган БЖБ 25 градус суукка чыдабай, иштен чыгып, элдин кыжырын кайнатып турат. Демек, биздин алкымы чоң атка минерлер БЖБга кеткен акчадан бир топ эле уурадашканбы деген ой келет. Эми мына ушул жагын катуу текшерүүгө алуу зарыл болуп турат.

Булак: Багыт 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: