Menu

Сооронбай Жээнбеков: «Коомду коррупция деген илдеттен тазалашыбыз керек. Бул күрөштө эң башкы күч – Президенттин саясий эрки»

Бөлүшүү:

Кечээ президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, коррупция менен ачык күрөшө турганын дагы бир жолу ырастады. Президенттин жыйында сүйлөгөн сөздөрү эл ичинде айтылып жаткан сөздөргө дал келип, президент резиденцияда жатып албай, элдин көйгөйүнөн кабар алып жатканын тастыктады. Анын жыйында айткан сөздөрүнүн ток этер жерлерине токтололу. Эл арасында коррупция менен күрөшө тургандар өздөрү коррупцияга малынышкан деген кеп бар. Аны президент да ачыктады:

“Коррупция менен күрөшүү — ​өзгөчө маанилүү маселе. Коррупцияны улуттук коопсуздугубузга шек келтирген көйгөй катары баалайм. Коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш — ​мамлекеттүүлүгүбүздү, өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн сактап калууга тете. Ошондуктан коррупция маселеси Коопсуздук кеңешинин такай көзөмөлүндө болот. Ар бир багытка атайын көңүл буруп, өзүнчө карайбыз.

Бүгүн сот, прокуратура, күч жана коопсуздук органдарынын иши каралат. Булар коррупция менен күрөшө турган органдар. Тилекке каршы, коррупция менен күрөшө турган мамлекеттик структуралар өздөрү коррупцияга малынып, өз милдеттерин толук кандуу аткара албай жатат.

Мен өлкөнү түрө кыдырдым, дээрлик бардык аймактарда калайык-журтум менен жолуктум. Кыргызстандыктар буга чейин баштаган коррупцияга каршы чечкиндүү күрөштү улантууну, аны күчтөндүрүүнү, тазаланууну талап кылып жатат. Биз элдин үнүн угуп, ачуу чындыкка көңүл бурушубуз керек.Өлкөдөгү коррупция менен күрөш жалпы улуттук мүнөзгө ээ болушу керек. Коррупцияга каршы күрөш укук коргоо органдары менен эле чектелип калбайт. Күрөштү бардык чөйрөдө, бийликтин жогорку эшелондорунан тартып, ар бир айыл өкмөтүнө чейин жүргүзөбүз. Коомду коррупция деген илдеттен тазалашыбыз керек. Бул күрөштө эң башкы күч — ​Президенттин саясий эрки! Кыргыз элимдин, жалпы журтумдун алдында “Коррупция менен күрөшүү — ​менин мамлекет башчысы катары ишимдеги эң приоритеттүү маселе” деп айткам. Мындай саясий эрк менде бар, мен ал күрөшкө даярмын! Силерден да Кыргызстанбызга, мекенибизге, таза, ак дилден кызмат кылууну талап кылам!”

Коррупционерлердин киттери кутулуп, чабак коррупционерлер кылтакка түшүп жатканын да Жээнбеков байкаган окшойт:

“Мамлекеттин өзөгү болгон сот органдарында, прокуратурада, финансы полициясында, улуттук коопсуздук комитетинде жана ички иштер органдарында коррупциянын орун алганы — ​өтө кооптуу. Чоң кылмыштар ачылбай, майда кылмыштарга гана көңүл бурулуп, бийликтин жогору эшелондорунда тургандар кол тийбес болуп калды деген кайрылуулар менин дарегиме келип жатат”.

Уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү ээн-эркин сайран курушу, ал тургай сот тарабынан акталып абактан чыгышы да президентке чейин жетиптир:

“Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш ийгиликтүү болбой жатканынын негизги себеби — ​коррупция. Эксперттердин айтымында, криминалдык чөйрөдөгү капитализациянын көлөмү абдан чоң суммага жетти. Уюшкан кылмыштуулук чөйрөсүндө чоң өлчөмдөгү акчалардын агымы — ​укук коргоо жана сот органдарындагы жогорку кызмат адамдарынын катышуусу болбосо, мүмкүн эмес. Уюшкан кылмыштуу топтор наркотиктердин транзитин жана товарлардын контрабандасын тынымсыз жүргүзүүдө. Алар ири рентабелдүү бизнести, өзгөчө акциз товарлары менен байланышкан бизнести калкалоо менен алектенишет. Күч түзүмдөрүндө коррупция болбосо, криминалдык топтор бул иштерди жасай албайт.”

Президентке эми күч түзүмдөрүндө кимдер кримтөбөлдөр менен биригип алып, бизнес кылып жатканына чейин маалымат алып, аларды “каралар” менен чогуу караңгы жерге айдашы керек.

Өлкөнүн экономикасы коррупционерлердин айынан өксүп жатканын сөз кылган менен иш жүзүндө алардын колуна кишен салган жетекчи болбоду. Сооронбай Шарипович да ушул маселеге токтолду. Өзү айткандай саясий эрки менен кенедей болуп кан соруп жаткан коррупционерлерди чоң-кичинесине карабай, кустурчусун кустуруп алышы керек.

“Коррупциянын дагы бир кесепетинен бюджетке миллиарддаган сомдор түшпөй келүүдө. Салык, бажы тармагында жана өлкөнүн сырткы соода чөйрөсүндө чоң резервдер бар. Бирок, көмүскө схемалар аркылуу миллиарддаган каражаттар бюджеттин сыртынан кетүүдө.

Бюджетке каражаттын түшпөй жатышына, биринчи кезекте, фискалдык органдардагы коррупция себепкер. Бирок, укук коргоо органдары катышпаса, мындай көмүскө схемалар ишке ашпайт. Укук коргоо органдарынын көмүскө схемаларга, экономикалык кылмыштарга тыгыз аралашканы белгилүү… Укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупциядан, биринчи кезекте, өз бизнесин таза жүргүзүп, мамлекеттик бюджетке салыктарды төлөп жаткан ишкерлер жапа чегүүдө. Мыйзамсыз текшерүүлөрдөн биринчи кезекте дал ошол ишкерлер өтө оор зыянга учурап, банкроттукка туш болуп, ишин жабууга мажбур болууда… Таза бизнес элди багат, ал эми “калкалоосу” барлар коррупционерлерди багат.

“Башкы прокуратура коррупцияга каршы күрөштө улуттук координатор болуп саналат. Бирок, азыркы учурда бул милдетти натыйжалуу аткара албай жатат. Коррупциянын алдын алуу маселесинде дале болсо бирдиктүү аракет болбой, ички карама-каршылыктар, мамлекеттик эмес, ведомстволук гана кызыкчылыктарды коргоо байкалууда.

Сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарынын жетекчилери жарандарды жеке кабыл алууга маани бербей жатат. Жарандар силерге арыз-муңумду угат деген үмүттө кайрылышат. Бирок, баарыңар эле аларды кабыл ала бербейсиңер. Өткөрмө пункттары менен курчалып, күзөтчүлөрдү коюп алып, силер элге жеткиликтүү болбой калдыңар. Күч түзүмдөрү деп эл силерден коргоо издесе, силер өзүңөр жан сакчылар менен жүрөсүңөр, анан кантип элди коргойсуңар?

Кемчиликтердин көбү кадр тандоо ишинин начардыгынан болуп жатат. Азыр бир тенденция түзүлүп калды: айрым начальниктер жарым жылдан өтпөй кызматтарынан бошотулса, башкалары катуу сын-пикир айтылып жатса деле, өз кызмат орундарында 5–6 жылдап отурушат. Туура эмес кадр саясаты органдардан мыкты кадрлардын кетүүсүнө, кесипкөйлүктүн бошоңдошуна алып келүүдө. Бул терс көрүнүштү тез арада жоюшубуз керек, мыкты, кесипкөй кадрларды сакташыбыз зарыл!

Булак: Жаңы Ордо 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: