Menu

Сөз эркиндигин коргоо комитети: Элнура Алканованы куугунтуктоону токтонууну талап кылабыз

Бөлүшүү:

КР Башкы прокуратуранын төрайымы Индира Жолдубаевага

Экономикалык кылмыштарды иликтөө боюнча Мамлекеттик кызматтын төрагасы Замирбек Осмоновго

Эльнура Алканованы куугунтуктоону токтонууну талап кылабыз. Баарыбызга маалым болгондой, Экономикалык кылмыштарды иликтөө боюнча Мамлекеттик кызматтын (ГСБЭП) «Фергана.ру» маалымат уюмунун журналисти Элнура Алкановага кылмыш иш козгоду. Ал кылмыш иш Кылмыш-жаза кодексинин 193-беренесине таянып козголду жана ал берене боюнча, журналист коммерциялык же банктык сырды мыйзамсыз жол менен алган жана коомго жайган кунөө тагылып жатат.

Бул иш анын журналисттик иликтөө материалдарына, тагыраак айтканда, мамлекетке өткөрүлгөн VIP шаарчасы, «Идеал Хаус» деген мүлктү жеке колдорго кенедей арзан баага сатылышын изилдеген материалдарга байланыштуу болгон. Силердин уюм ГСБЭП бул иликтөө материалга кызыгып, аны иликтөөгө киришип, анын жүрүшүндө журналист Алканова бул жылдын 5 январында өлкөдөн чыгуу укугун чектеген. Эми келип, ГСБЭП ошол күмөн жараткан сатууга аралашкан адамдардын изилдебей, тескерисинче, журналисттин өзүнө кылмыш иш козгоп жатасыңар.

Биз силердин бул чечимиңерди анык саясий чечим деп баалайбыз жана бул журналистке карата козголгон кылмыш ишти токтотууну талап кылабыз. Журналист Алканова тагылып жаткан күнөөлөр боюнча мыйзам алдында субъект боло албайт, демек, бул иште анын эч кандай кылмыш белгиси жок. Ал жарыялаган материалдарда бир да кылмыштуу кыймыл жок, тескерисинче, ал жасаган иш коом үчүн албан зор баалуулук болуп эсептелет. Ал өзүнүн өмүрүн жана коопсуздугун тобокелге салып, тыкан жана ынанымдуу иликтөө жана эр жүрөктүк аркылуу, мамлекетке тиешелүү болгон VIP-шаарчаны сатууда болгон коррупциянын схемасын ачып көргөздү.

Башкы прокуратуранын негизги функциясы – бул ал журналист бул маалыматты кандай жол менен алганын териштирүү эмес, ал материалдагы маалымат канчалык чындыкка туура келет, жана туура келсе, ал жерде аттары айтылган адамдарды изилдөө жана ошолорго кылмыш иш козгоо болуп эсептелет. Ал эми, бизге белгилүү болгондой, Эльнура Алканова банктын сырдын ээси болгон эмес, ал сырды чыгарбоо жөнүндө эч кандай эч жерде кол койгон эмес, ал маалыматка ээ болгон эч кандай адамды сатып алган эмес жана коркуткан эмес. Ушул жүйөөлөрдүн негизинде, биз журналист Алкановага козголгон кылмыш ишти, силер эки уюм тең, дароо токтотууңарды өкүм түрдө талап кылабыз.

Сөз эркиндигин коргоо комитети

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 71 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: