Menu

Манасбек Арабаевдин эл аралык шылуундарды калкалап келатканы чынбы?

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков коопсуздук кеңешинде элдин жүрөгүндөгү чындыкты айтып, коррупцияга каршы айбаттуу күрөш салганы колдоого алынууда. Бирок, көп өтпөй эле Манасбек Арабаев кайрадан президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнө башчы болуп дайындалышы таңкалууну жаратты. Ушул «шектүү кадр» боюнча суроо маанайындагы материалга көңүлүңүздөрдү бурмакчыбыз.

Ошондон бери басма сөз беттеринде, социалдык тармактарда бул адам кызуу талкууга алынып, түпкүлүгүндө таза эмес иштеп келген судьяларга калканыч болуп, азыр да жумушсуз калган айрымдарын кайрадан Жогорку соттун судьялыгына алып келүүгө жанталашып жатканы кандай? Муну утурлай Манасбек Арабаевдин табиятынан таза эместигин далилдеген тирукмуш фактылар калкып чыкканычы? Бир топ убакыттан бери соттордо ишмердүүлүгү афералыктан турган «Синьхуа Цайфун» компаниясынын чуусу каралып жатат. Бул компаниянын башында Чен Мао Чун, Гао Вый Жын жана Абдисаит Керимбеков аттуу басма сөздө өтө көптөн бери айтылып келе жаткан эл аралык шылуундар эмес беле? Манасбек Арабаев мына ошол азыркынын «Остап Бендерлеринин» кызыкчылыгын соттор аркылуу коргоп келатканы, кызматына 1 миллион доллар алганы эл ичинде айтылып жүргөнүнө чекит коюлабы? Ошол акчадан президенттик аппарат жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев менен да бөлүшкөнү чынбы? Эл аралык шылуундардын бетин күнү-түнү иштеп ачкан УКМК, башкы прокуратура, каржы полиция, ИИМдин тажрыйбалуу адистеринин иши ошондо Манасбек Арабаевдин кол астындагы соттордун айынан жолдо калып кетеби? Буга чейин 26 жолу соттор шылуундардын аракетине каршы туруп берген, эми ошол ак ниет судьялардын эмгеги талаада калабы?

Негизи Манасбек Матаевич Ара­баев деген ким өзү? Эмнеге баары эле анын оозун карашат, же баарын майлап үлгүргөнбү? Же Атамбаев кетип, жаңылар эчтекени түшүнө электе «сүзүп алайын» деген жандалбасыбы? Кызыгы, Атамбаевдин учурунда соттор да, аларды тейлеген адамдар да минтип ачыктан-ачык эл аралык шылуундарды колдоого алган эмес. Анан да эң кызыгы, пре­зиденттик аппарат жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев буга эмнеге алданып басып жүрөт? Улуу эпосубуздай, Манастын жанында Алмамбеттин жүргөнүн, издешпей табышканын кара, ой-тобоо! Мындай кете берсе, эл ичинде Алмамбет да тез байып кетери айтылууда, же ал бечара майда-чүйдө гана акчага алданып отурабы? Бирок, кандай болгон күндө да сотторду Алмамбет­тин кабинетине чакырып алып, бирден «такалап» келатканы канчалык деңгээлде ырасталат, ыя?

Сөз муну менен эле бүтүп калбайт, кийинки жумада президент Соорон­бай Жээнбековго кулак кагыш ката­ры дагы жазабыз. Манасбектин да­гы кайсы иштерге башын салганы, миллиондорду жегени ырасталабы? Ойлонуңуз, президент мырза, жаныңызда ким жүрөт?

«Caяcaт.KG»

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: