Menu

Видео – Мирлан Бакиров: “Оор жүк ташуу темир жол менен жүргүзүлсө, салык төлөөдө жеңилдик болот, бир топ жол кырсыктары азайат”

Бөлүшүү:

“Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров темир жол каттамдарынын ичинден, транзиттик каттам төлөмдөрү 30 пайызга төмөндөтүлүп, бул жүк ташуу тармагына чоң таасир берээрин белгилеп кетти. Бул жеңилдиктин алкагында, оор жүк ташуучу автоунаалардын каттамдар тармагы ирээтке келтирилиши керектигин айтты.

“Ош-Бишкек жолунда  оор жүк каттамдарынын айынан жолубуз талкаланып, экологияга зыян келип жатат жана экономикага таасир берип атат.  Эгерде оор жүк ташуу, темир жол менен каттаса салык төлөөдө жеңилдик болот, бир топ жол кырсыктары азайат. Өкмөт өзүңөрдүн токтомуңар менен аныктап, жол жобосун тактап жана мүмкун болушунча, кандай гана товар болбосун,Россия же башка мамлекеттен келеби, оор жүктүн баары темир жол аркылуу алынып келинсе, жеңилдик болот” – деген оюн эл өкүлү билдирди.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: