Menu

Исхак Масалиев: Мен Жолдубаева өзү эле арызын жазат го деп ойлогом

Бөлүшүү:

-Исхак мырза, Индира Жолдубаеваны кызматынан кетирүү боюнча негиздемеде башкы прокуратура тарабынан бир катар кемчиликтерге жол берилгени айтылды. Сиз башкы прокурордун эң башкы кемчилиги эмнеде деп ойлойсуз?

– Акыркы жылдары прокуратура саясый заказдарды аткарып, анча-мынча тили узун саясатчыларды, ишкерлерди ордуна коюу максатында иш козгоп, аларды эптеп-септеп сотко өткөрүп, чара колдонуп атат. Мындай практиканы жоюш керек. Негизги принцип бар: уурдаган киши ууру деп эсептелбейт, колго түшкөн киши ууру деп эсептелет. Колго түштүңбү, кылмышың далилдендиби, жооп бер. Прокуратура акыркы жылдары көп мыйзамсыз иштерге жол берди. Бул 2010-жылдан башталган. Мисалы, Бакиевдерди сырттан соттошту. Укуктук жагынан алганда мындай кылган дегеле болбойт. Депутаттарга карата оор берене менен кылмыш ишин козгоп, сотко жеткенде жеңил берене боюнча соттоп атты. Мыйзам боюнча жеңил берене менен соттош үчүн бизден уруксат алыш керек болчу. Кол тийбестикти булар ушинтип айланып өтүштү. Кол тийбестик – депутат сүйлөгөн сөзү үчүн жооп бербесин деп киргизилген да. Ал эми бирөөнүн мүлкүн тартып алып, же мамлекеттик мүлктү сатса, андайларга эч кандай кол тийбестик болбошу керек.

– Сиз «акыркы кездерде козголгон кылмыш иштерди кайра текшерип чыгыш керек» деген сунуш айттыңыз. Баарын текшериш керек дейсизби?

– Козголгон иштерди, анан кыскартылган иштерди дагы текшериш керек. Акүйгө жакын чиновниктерге карата бир топ кылмыш ишин козгоп, кайра кыскартып коюшкан. Бул кыскартуулар канчалык мыйзамдуу? Ошол эле учурда сотко жеткен иштерди да текшерүү зарыл.

– Мисалы, Текебаевдин ишинби?

– Анын жол-жобосу башка.

– Бүгүн Индира Жолдубаеваны кызматтан кетирүү боюнча сунушту депутаттардын басымдуу көпчүлүгү колдогонун эмне менен түшүндүрөсүз?

– Эгер башкы прокурор депутаттар менен аралашып, өзүнүн позициясын ачык айтып, мыйзамсыз чечимдерди кабыл албаса, анда депутаттардан колдоо табат эле. Булар болсо чокчоюп эле ханыша болуп отуруп, «биздин далилибиз жетиштүү, баары бир жоопко тартам» деп коркутуп жүргөн. Ошол себептен көп депутаттар унчукпай эле макул болуп беришти. Башкы прокурорлук – бул президент дайындай турган кызматтык орун. Мен ойлогом, Жолдубаева өзү эле арызын жазат го деп. Бирок, жазбыптыр. Ошондуктан, президент өз укугун колдонду. Мындай учур тарыхта биринчи жолу болуп атат.

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 + = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: