Menu

Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу: “Илим Карыпбеков заказдар жок кыйналып, иши жок сойку кейиптенип отурат…”

Бөлүшүү:

“Карышкыр” деген каймана ат менен элге таанылган, белгилүү коомдук ишмер, саясат талдоочу Сабыр Муканбетов менен маек куруп, өлкөдөгү болуп жаткан окуяларды эскиртпей, жума сайын баам салып, талкуулоону көнүмүшкө айландырганыбызга бир топ убакыт болду. Бу сапар да адатыбызча акыркы жаңылыктар, коомдун көйгөйү, элдин маанайы тууралу баарлашууну эп көрүп, соболдорубузду ортого салдык.

– Сабыр байке, өткөн жумада байланышпадыңыз, келбедиңиз. Эки ортодо, чуулгандуу коррупциялык иштердин бир далайы белгилүү болуп, кылмыш иштери козголуп, бир отургуч 100 миң сом, куураган бир дөңгөч 600 доллар болуп, “ТЭЦтеги жеп-жутмайлар биякта эле калды” деп ызы-чуу түшүп атсак жоксуз?

-Датка-Кемин, Түндүк-түштүк жол проектилеринде дагы эбегейсиз чоң акча каражаттары уурдалгандыгы да белгилүү боло баштады. Бул коррупциялык иштердин баары эле экс-президенттин айлана-тегерегиндеги жан-жөөкөрлөрүнө – кызматтан ишенбөөчүлүк менен куулган Сапар Исаковго, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго, мурунку бажы жетекчиси Кубанычбек Кулматовго, мурунку шоопуру Икрамжан Илмияновго барып такалып, эл ичинде “Алмазбек Атамбаев өзү соо эмес, коррупциялык иштердин баарына өзү аралашкан тура” деген пикир калыптанып, алды Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратып, камакка алууну талап кылып жатышат. Бирок, канчалаган фактылар ачыкталганына карабастан, экс-президентти кой, жада калса, анын шакирттери кармалбай, майда-бачек, орто-заар деңгээлдеги чиновниктер камакка алынууда. Жаңы бийликке ийгилик каалап, кош колдоп сүрөп келе жаткан коомчулуктун да шаабайы сууп, нааразы боло баштагандар четтен чыгууда.

-Эми бул, коррупцияга каршы күрөштүн аягы эмне болуп бүтөт деген ойдосуз? Кандай дейсиз?
– Э-ээ Нукен, “аягы кандай болот?” дейсиң. Кандай болмок эле, эки эле вариант бар. Же тазаланып, жакшы жолго, оңолуу жолуна түшөбүз, же баягы, көнгөн, эски “даңгыр” жол менен кете беребиз да, бир күнү эл болуудан калып, кандай болуп, жок болуп кеткенибизди да байкабай калышыбыз мүмкүн. Азыр элибиз ошондой чекке келип жеткенибизди сезип, “оң жолго түшсөк экен” деп, адилеттүү, бакубат заманды эңсеп, жүрөгү ооруп турат. Азыр коомдун кеңири катмары көтөрүлүп, үн чыгарып жатпайбы. Тазаланууну, жаңыланууну, адамча жашоону баштоону талап кылып атат.
“Өзгөрүшүбүз керек, өзгөрөбүз” деген ишеним албетте, бийлик алмашкандан улам, Сооронбай Жээнбековдун президент болуп шайлангандан башталды. Бүгүн болсо, “өзгөртсүн, эгер өзгөртө албаса өзүбүз өзгөртөбүз!” деген чакырыктарга чейин жеткенибиз да элдин каалосунан улам чыгып атат. Мындай алымсынбоо коррупцияга байланыштуу чуулгандуу иштерге байланыштуу аты чыккан жогорку деңгээлдеги мурунку премьер-министирлер, вице-премьер-министрлер, министрлер ж.б. таасирдүү кызматта жүргөндөр камакка алынбай, айрымдарына өлкөдөн чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүктөр берилгенине, орто деңгээлдеги атка минээрлер гана камалып жатканына байланыштуу чыгып жаткандай.
Элибиз, б.а. өлкөнү сазга батырып, мамлекетибиздин келечегине кедергиси тийгендердин канын көксөп атат. Артында, элди куруткандар катуу жазаланса, элдин аң-сезиминде кескин бурулуштар пайда болуп, жакшы менен жаманды адекваттуу баалоо касиетибиз кайра артка кайтып келет деген ишеним турат. Коррупциянын ири акулаларынын деле кезеги жетип калгансыды. Көптөгөн былыктарынын бети ачылып, жетиштүү далилдер келтирилип, коомдук пикир да бышып жетилип турат. Президент “дос экенине, бир-тууган экенине карабайм” деп саясый эркин билдирди, кечээ эле УКМКнын жаңы жетекчисин чакырып катуу талаптарды койгонун да көрдүк. Бирок поезд ордунан жылбай аткандай элес калтырууда.
Айрымдар, президент “аны кама, муну кама” деп тикелей кийлигишүүсүн талап кылышкансып, “чечкинсиз, колунан эчтеке келбейт” деп айыптап да жиберип жатышат. Эми, эгерде Сооронбай Жээнбеков да тергөөнүн ишине кийлигишип кимди камоо, кимди бошотуу керектигин диктовать эте баштаса анда анын Алмазбек Атамбаевден эмне айырмасы калат? Бул деген укук-коргоо кызматкерлеринин иши да. Балким, жаңыдан дайындалган кадрлардын деңгээли жетишсиз, “тиштери мокок” болуп жаткандыр? Анда башкаларын дайындап алмаштыруу керек. Азыр кырдаал ушундай, “жаны эле дайындадык, кантип алмаштырабыз” деп күтүп отургандай убакыт жок. Жыйынтык чыгара албаса, керек болсо хоккей оюнундагыдай тез-тез алмаштырсын. Айтор майнап чыгарсын да. Элибиз президенттен ушуну күтүп атпайбы.
– Ачык айкындуулук, сөз эркиндиги бар жерде кыңыр иштер ачыкталып, коом тазаланып, өнугүүгө шарт түзүлөөрү айтпаса да түшүнүктүү эмеспи. Ушундан улам сиздин көңүлүңүздү Коомдук канал аталыштагы КТРКга бурайын деп турам. Акыркы кездерде “коомдук канал өзүн актаган жок, Байкоочу кеңеш “чайкоочу кеңеш” болуп калды, коомдук дегенди жоюп салып эле кайрадан өкмөт дайындагандай кылыш керек” деген пикирлер айтылууда. Убагында КТРКнын Байкоочу Кеңешинде мүчө болгон элеңиз. Ушу маселеге кайрылалы, коомдук канал дегендин кереги барбы?
– Эл бийликтин булагы деп атпайбызбы. Бул, ошол жердин ээси, мамлекеттин негиздөөчүсү, кожоюну болгон элдин укугуна байланыштуу пайда болгон маселе. Эл өлкөдө болуп жаткан окуяларды, өздөрү дайындаган, өздөрүнө подотчеттуу мамлекеттик органдардын кандай иштеп жаткандыгы тууралуу так, маалыматтар менен камсыз болуп туруусу керекпи? Керек! Көрдүңөрбү, ошон үчүн коом тарабынан (бюджеттен) каржыланып, коомду туура, так маалыматтар менен камсыздап тура турган, жалпы коомго, элге кызмат кыла турган телевидение керек. Муну дүйнө элдеринин көбү таанып, коомдук каналдарды ачып, алардын өнүгүүгө кошкон салымы айныгыс чындык экендиги далилденген. Антпесе, жалаң жеке каналдар ар кимиси өз кожоюндарына, спонсорлоруна кызмат кылып, таза мамлекеттик каналдар бир ыңгай өкмөттүн ырын ырдап, бир жактуулукка жол берилип, коомдук пикирге терс таасирин тийгизет да. Ошондуктан коомдук канал сөзсүз болуш керек.
Ал эми, биздин тажырыйбага келе турган болсок, ооба Коомдук канал өз озуйпасын аткара албай калпычы болуп, “казаны кайнабай калды”. Бийликтин камчысын чаап, “кара жащик” аталды. Бирок ошого карабастан, “болбой калды” деп кыркып салганга болбойт. Кайрадан аракеттенип, оң жолго салуу керек. Мыйзамдык базасын өзгөртөлү, Байкоочу Кеңешти тандоого, баш директорду дайындоого өзгөчө көңүл бөлөлү. Айтор, тынымсыз аракеттене беришибиз керек, жыйынтык чыкканча. Акыры майнап чыгат. Башка жол жок.
– Башкы директор Илим Карыпбеков акүйдүн заказдарын илгиртпей аткарып, карандай калпты күнү-түнү эфирден айдап, нечендеген адамдарга жалаа жаап, “кара жащик” деген атты кайрадан бекемдегени белгилүү. Эми заман өзгөрүп, тазалануу жолуна түшүп атканыбызда, ушундай ыйманын жеп алган адамдардын дагы деле коомдук каналды башкарып отурушуна кандай карайсыз?
– Мен Байкоочу кенеште Илим Карыпбековду гендиректорлукка шайлаганда колдогон элем. Ал убакта Илим жалпактап, адилет сүйлөп жатса ишенген экенбиз да, “мыйзамды сыйлайт, абийири бар” деп ойлоппуз. “Мал аласы сыртында, адам аласы ичинде” дегендей анын ичине кирип чыкпагандан кийин кайдан билдик. Катуу жаңылыппыз. Бул бала жеке кызыкчылыгын канагаттандыруу үчүн эч кандай ыпыластыктан кайра тартпастыгын көргөздү.
Элди такыр эле көзгө илбей, Атамбаевдин айлана-тегерегиндегилердин камчысын чаап, “бийликти канагаттандырып, крыша кылып алсам болду, өз билгенимди кылам” деген девиз менен жашады. Велосипед тээп келип башыбызды айландырыптыр, кийин бийликтин көңүлүн тапканда кымбат баалуу “Ренджровер” жол тандабасты минип калды, аны талкалап бир ажалдан калганда Кудайдан сестенип оң жолго түшөт го дедик эле андай болгон жок. Андан да кымбат “Лексус 570” жолтандабасын минип чыгып, “экинчи өмүрүн” да эки беттүүлүк, жүзүкаралык менен улантып, мурдагысынан да ашып түшүп, эфирди жалган жалаа, ушак айыңга толтуруп, Атамбаевге каяша айткан адамдарды шыбап турду. Эми минтип Атамбаевдин ким экени ачыктала баштаганда деле бети кызараары байкалбайт. Андыктан азыр ал эски кожоюндары менен бирге кызматын өткөрүп берип кетип деле калса туура болмок. Бирок антпеди. Күтүп отурат. Жаңы бийликке дагы керегим тийип калабы дегенсип? Формалдуу түрдө шайланган мөөнөтү бүтө электигине таянып кетпей отурат. Караганда жүзүн жоготуп, элден акшакал, жугундукор деген атты уга баштаган Жыпар Жекшеев баштаган Байкоочу кеңешти каалагандай эле чимирилтип бийлетип, отчетун заочно бекитирип алып…
Мен Илимдин азыркы абалын көз артарлык деп деле эсептебейм. Азыркы президентте андай ыйманын жеген калпты коомдук каналга чыгаруу зарылчылыгы жок болуп кыйналып атат да. Сооронбай Жээнбековдун командасы да анын эки колуна эки чака бокту карматып, “баланчанын башына куй, тигини шыба, муну шыба”- деп эфирге заказ берсе жыргай түшмөк, жүрөгү ордуна келип.
Андай болбой, заказ жок, кыйналып, иши жок сойку кейиптенип отурат. Сойкуларды миллициялар “субботник” деп бекер колдонуп, акысына крыша болуп беришип, тигилер санаасы тынч эркектерди тейлегендей эле… Илим деле ошо Атамбаевди канагаттандырып, крыша кылып алып, анан өз билгенин кылып көнгөн. Азыр колдонуудан калган, крышасы жок сойкудай ахыбалда, кыйналып жаткандай элестетсе болот. Көрдүңбү, материалдык кызыкчылык үчүн моралды соодалагандын арты кандай кейиштүү болот.
Бирок бул моралдык жактан кемчонтой адамдар үчүн баары бир, акча болсо болду. Андыктан, жаңы бийлик чындап эле коомду оңдоп, моралдык жактан тазалоо ниети ак болсо коомдук каналды көз жаздымда калтыра албайт. Чара көрүшү керек. Крышасына таянып, сатып алууларда бааны кымбаттатуу жолу менен далай акчаны жегендиги депутаттар тарабынан айтылды го. Андыктан, камап болсо да коомдук каналды акыр-чикирден арылтуу керек. Ансыз коом тазарбайт да, оңолбойт.
Булак: “Майдан.kg” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − 17 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: