Menu

КР Президентинин Аппараты Кытай элчилигине бөлүнгөн жер тилкесине, «Кыргызстан – Кытай» газ өткөргүчүн курууга байланыштуу суроолорго түшүндүрмө берди

Бөлүшүү:

КР Президенитинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси бүгүн ЖМК өкүлдөрүнө Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасына боло турган мамлекеттик визити жана анын Циндаодо (КЭР) өтө турган ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышаары жөнүндө айтып берди. Ал ошондой эле журналисттерди кызыктырган суроолорго да жооп берди.

Тактап айтканда, Данияр Сыдыков азыр Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Элчилиги жайгашкан жер тилкеси тууралуу журналисттерге түшүндүрдү.

Ал бул жер тилкеси Бишкек шаарынын мэриясынын токтомунун негизинде 2003-жылы КЭР Элчилигинин имараттарын долбоорлоо жана куруу үчүн 49 жылдык мөөнөткө ижарага берилгенин белгиледи.

«Ошондон бери биздин өлкөбүз паритеттик негизде тийиштүү шарттарда биздин Пекин шаарындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүбүз үчүн жердин ижарага берилиши жөнүндө маселени активдүү илгерилетип келген. Активдүү сүйлөшүүлөр уланып, Кыргызстандын тышкы иштер министринин Кытайга расмий визитинин жүрүшүндө кыргыз дипломатиялык өкүлчүлүгү үчүн 25 сотых жер бөлүү боюнча макулдашууга жетишилген. Ошондой эле кытай тарап Кыргызстандын Элчилиги жана дипломаттар үчүн үй курууга көмөктөшөт. Бул өкмөтөөр аралык макулдашуу болуп саналат. Ушуга ылайык эки тарап тең өздөрүнүн ички мамлекеттик процедураларын жүргүзө башташкан. Ал аяктагандан кийин тийешелүү макулдашууга кол коюу мерчемделген», — деди Данияр Сыдыков.

«Кыргызстан-Кытай» газ өткөргүчүн куруу маселесине байланыштуу КР Президентинин Аппаратынын тышкы иштер бөлүмүнүн башчысы бул келишим 2013-жылы кол коюлуп, ратификацияланганын эскертти.

Данияр Сыдыков бул газ өткөргүчүн курууга байланыштуу кептерге токтолду. Ал газ өткөргүч жер астында 4 метр тереңдикте өтүп, Алай жана Чоң-Алай райондорун бөлбөйт. Курулуш иштери бүткөндөн кийин долбоордук компания жер тилкелерин андан аркы колдонуу үчүн рекультивациясын камсыздап берет.

«Эч кандай тосмолор жана тикенек зымдар болбойт», — деп белгиледи ал.

Мындан тышкары, жер участоктору Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык берилип жатканын жана чет элдик компанияга менчикке берүү мүмкүн эместиги айтылды.

Ал гана эмес, долбоордук компания жердин жеке ээлерине жер участокторун колдонгону үчүн компенсациясын төлөп берген.

Данияр Сыдыков газ өткөргүчүн кайтаруу Кыргызстандын күчү менен болоорун белгиледи. «Бүгүнкү күндө кытай компаниясы жергиликтүү калктын ичинен Кытайдан техникалык кесиптер боюнча окутуу максатында мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн арасында тандоо жүргүзүп жатат. Окуусун бүткөндөн кийин алар газ өткөргүчүнүн бул бутагында иштешет», — деп айтты ал.

«Газ өткөргүчү Кыргызстандын жери аркылуу өтүшүнөн биз пайда гана табабыз, бул дүйнөлүк практика», — деп белгиледи Данияр Сыдыков.

Бишкек шаарындагы ЖЭБдин авариясына токтолуп, КР Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы бул Кыргызстандын ички иши экенин белгилеп, муну кыргыз-кытай мамилелерине кийлигиштирүүнүн кажети жоктугун айтты.

КР Жогорку Кеңешинин депутаттары борбордук ЖЭБди модернизациялоо керектүү иш болгонун мойнуна алышты жана бул тууралуу Жылуулук борборундагы авариянын себебин иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусунда айтылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 71 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: