Menu

БШК Игорь Чудиновду депутаттык мандатынан ажыратты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-июнда КР Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн кезектеги отурумунда Жогорку Кеңештин “Бир бол” фракциясынын депутаты Игорь Чудиновду депутаттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратты жана анын депутаттык күбөлүгү мындан ары жараксыз деп тапты.

БШК мындай чечимди мыйзамга ылайык, Игорь Чудиновго чыгарган соттун өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу кабыл алды.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2017-жылы 19-декабрда Бишкектин Октябрь райондук соту экс-депутат Карганбек Самаковду  Бакиев режими учурунда коррупциялык схема уюштуруп, Жаныш Бакиевдин жардамы менен 247 гектар айыл чарбасына ылайыктуу жерди мыйзамсыз трансформациялап алган деп айыптап, 10 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми ага жардам берген ошол кездеги премьер-министр Игорь Чудиновду күнөөлүү деп таап, ага 5 млн сом айыппул салган.

Ал эми 2018-жылы 1-июнда райондук соттун өкүмүн экинчи инстанцияда – Бишкек шаардык сотунда күчүндө калтырып, өкүм күчүнө кирген.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 + = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: