Menu

Уурдалган каражат 1 миллиард 150 миллион, кайтарылганы 100 миллион

Бөлүшүү:

Кошумча нарк салыгы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында мамлекеттик казынага 95 млн. 478 миң 692 сом кайтарылганы тууралуу маалыматты УКМК таратты. Белгилүү болгондой буга чейин Мамлекеттик салык кызматындагы коррупциялык схема ачыкталганы боюнча маалымат чыккан. Бажы, салык кызматтарынын жана Экономика министрлигинин кызматкерлери 2016-2018-жылдары жасалма документтер менен өлкө бюджетине 800 млн. сомдон ашуун зыян келтирген. УКМК тергөө учурунда кылмыштуу иш-аракеттердин натыйжасында мамлекеттик казынага 1 млрд. 150 млн. 545 миң 549 сом көлөмүндө чыгым келгенин аныктаган. Натыйжада Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, аны УКМКга өткөрүп берген. Ал иштин алкагында буга чейин “Таргет компани”, “Тянь-Шань-Кайьщды” (мурдагы “Фрезия”) жана алар менен байланышкан “Скай Логистик”, “Шелковый путь Транс” фирмалары текшерүүгө алынып, жетекчилери УКМКнын убактылуу тергөө абагына камалган. Анын алдында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашов менен кошо беш салык кызматкери жана “Полларис”, “Интеррустрейд” деп аталган ишканалардын жетекчилери камакка алынган.

Булак: “Багыт”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 97

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: