Menu

Видео – Петербургда өзбек жана тажик мигранттары мушташты

Бөлүшүү:

26-июнда Санкт-Петербургдун Выборг районундагы курулуш объектисинде мигранттардын ортосунда мушташ болду. Жергиликтүү басылмалардын кабарлашынча, жыйынтыгында эки киши оор жараат алып, ооруканага жеткирилген.

Маалыматка караганда, жергиликтүү убакыт боюнча күндүзгү саат бирлерде башталган мушташка негизинен Өзбекстан менен Тажикстандан барган мигранттар катышкан.

https://www.youtube.com/watch?v=qsUKp2d5OZw

Окуя болгон жерде тартылган видеодо жүзгө жакын жумушчуну башка жумушчулардан турган топ кубалап, таштарды ыргытып жатканы көрүнүп турат. Күбөлөрдүн айтымдарында, мушташ маалында тараптар таштарды жана арматураларды колдонушкан.

Кийинчерээк жергиликтүү ооруканага оор жарааты менен 18 жаштагы тажик жараны жеткирилген. Дарыгерлер анын мээси чайкалып, денеси, буттары көгөргөнүн билдиришти. Андан тышкары ооруканага Өзбекстандын 37 жаштагы жараны кайрылган. Ал тизесинен жаракат алып, кулак тушка сокку жеген. Учурда анын абалы канааттандыраарлык экени айтылууда.

Ошол эле күнү кечинде мушташка катышкан 30 адам — Өзбекстандын 26, Тажикстандын 2 жана Азербайжандын 1 жараны полиция бөлүмүнө жеткирилген. Полициядан алардын 19у «Орусияга кирүү же өлкөдө жүрүү эрежесин бузгандыгы үчүн» административдик жоопкерчиликке тартылганын билдиришти. Андан тышкары дагы 11 кишиге майда бейбаштык кылуу беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Булактардын кабарлашынча, жаңжалдын чыгышына жумушчуларга айлыктын өз убагында берилбегендиги себеп болгон. Мушташ жумушчулардын бир тобу иш таштай тургандыктарын айткандан кийин башталган.

– Нааразылык акциянын тарапташтары колдоруна таштар менен арматураларды алып, ошол эле күнү жумушка чыгууну каалаган жумушчуларды курулуш объектилеринен кубалай башташкан, — деди булак.

Аталган объектилерди куруу менен алектенип жаткан курулуш компаниясынын өкүлү массалык мушташ болгонун ырастап, бирок аларда жаракат алгандар тууралуу маалымат жок экенин билдирди.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: