Menu

Соттор менен ЖМКнын өз ара байланышы эки тараптын мыйзамдарынын негизинде курулушу керек

Бөлүшүү:

Ушул жылдын 19-20- июль күндөрү Жалал-Абад облустук сотунун конференц-залында, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту  жана  USAID — IDLOнун Кыргыз Республикасындагы сот системасына ишеним деңгээлин күчөтүүгө  багытталган программасы  менен биргеликте  уюштурган «ЖМК менен байланышуунун чеберчилиги» деген аталыштагы  тренинг  болуп өттү.

Ага областтык  жана жергиликтүү соттордун  төрагалары жана судьялары катышышты.

Иш чараны ачып жатып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун басма сөз катчысы Сюита Соурбаева сот бийлигинин журналисттер менен болгон өз ара байланышы актуалдуу экендигин билдирди.  Жалпыга маалымдоо каражаттарында сот адилеттигине жетишүү боюнча  сот ишмердүүлүгүн чагылдыруу,  элдин  сот тутумуна  болгон ишенимин  арттырат. С. Соурбаеванын айтымында,  ЖМК менен болгон өз ара байланышты бекемдөө менен  сот  тутуму өз убагында жана так маалыматтарды  массалык маалымат каражаттарына жеткирип, алар менен  тыгыз кызматташуусу  керек.

Эки күнгө созулган окутуунун алкагында медиа-эксперт Марс Тулегенов коомчулук алдында чыгып сүйлөөнүн негизги чеберчилиги жана ага даярдануунун технологиясы тууралуу айтып берди. Тренингдин  катышуучулары теориялык билимдерди жогорулатууда  видеокамерага тартылуунун алдында өзүн- өзү алып жүрүү эрежелерин, сөз чеберчилигинин техникалык негиздерин, анын ичинде туура дем алуунун көнүгүүлөрүн тренердин жардамы менен тажрыйба жүзүндө бышыктап алышты.

Тренингдин катышуучулары профессионалдык ишмердүүлүктө теориялык билим сыяктуу эле тажрыйбалык машыгуулардын деңгээлин жогорулатуу максатында мындай билим берүүчү иш чараларды өткөрүү маанилүү жана керек экендигин билдиришти.

Жалала-Абад облусунун Чаткал райондук  сотунун  судьясы Шарипбай уулу Керим:

-Сот тутумунун маалыматтык ачыктыгын камсыз кылуу үчүн соттор менен ЖМКнын өз ара байланышы  эки тараптын мыйзамдарынын негизинде курулушу керек деген пикирин билдирди. Анын айтымында, сот системасы  ЖМКга толук маалымат берип турушу керек. Ал эми ЖМК өз кезегинде  бир гана маалыматты талап кылбастан, сот тутумун өнүктүрүүгө, коомчулукка укуктук жактан маалыматтарды берүүгө көмөктөшүүсү керек.

Жалал-Абад областтык сотунун төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу Бактыбек  Султанканов:

-Сот адилеттигин жана сот реформасын ишке ашырууда, коомчулукка маалыматтарды туура жеткирүүдө массалык маалымат каражаттары менен тыгыз иштөө керек.

Ал эми Жалал-Абад областынын Сузак райондук  сотунун судьясы  Жолчу кызы Сапаргүл:

-Буга чейин журналисттер интервьюга келет дегенде чочулоо болуп келсе, эми камера алдында кандай турушту, маалыматты туура жана так берүүнүн жолдорун үйрөндүк. Бул багытта  Жогорку соттун басма  сөз кызматына аталган тренингди уюштуруп бергендиги үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Тренингдин соңунда катышуучуларга сертификаттар салтанаттуу түрдө тапшырылды.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 78 = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: