Ош милициясы кечээ, 26-июлда «Ак тилек» мейманканасында өлтүрүлгөн аялдын өздүгүн тактады. Ал Оштун тургуну, 1986-жылы туулган Г.Д. аттуу жаран болуп чыкты. Ал кардарларды коммерциялык секс менен тейлеген адам катары милициянын каттосунда турган.
Ал эми кечээ аны өлтүрүп коюп, Өзбекстанга качып бараткан жеринен кармалган кардар 23 жаштагы Өзбекстандын Фергана облусунун тургуну экен. Алар буга чейин 2 жыл тааныш болушкан. Кечээ күнү да ал Г.Д. менен алдын-ала макулдашып, анан “Ак тилек” мейманканасынан бир бөлмө ижарага алган. Бөлмөсүнө бир коон менен аны сойгону бычак ала келген.
Кардар 1 сааттык тейлөө үчүн алдын-ала 1000 сом төлөгөн, бирок Г.Д. биринчи төшөк оюнунан кийин эле, 10 мүнөттөн кийин кетем деп камданып, экөөсүнүн ортосунан жаңжал чыгат. Ачууланган өзбекстандык кардар коон сойгон бычагы менен Г.Д.ны кекиртекке шилтеп жиберет.
Аялды өлтүрүп алганын сезген кардар качып чыгып, Кадамжай чек ара өткөрүү бекети менен Өзбекстанга өтүп кетүү үчүн шашылып баратканда чек арадан милиция тарабынан кармалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ